Сүлүктүдө жаш мугалимдер мектебинин жалпы жыйыны болду

Сүлүктү шаары боюнча бардык мектептердин жана балдар чыгармачылык борборунун жаш мугалимдери болуп жалпысынан 47 педагог катышкан жыйын өттү. Жыйынды шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдибахап Исманов ачып алып барды.   «Быйылкы окуу жылында жаш мугалимдер мектеби ишмердүүлүгүн күчөттү. Аз убакыттын ичинде жалпы жыйынга чогулууга жетише алды. Жаш мугалимдер мектебине Бакытбек Сапаркуловдун жетекчи болуусу алгачкы натыйжаларын бере баштады»- дейт билим берүү бөлүмүнүн усулкаана башчысы Темиржан Каюмова. «Жаш мугалимдер мектебинин ишин үюштурууда чыгаан педагог Гапыр Мадаминовдун «Устаттык Өнөрү» китебин жана китептеги жаш мугалимдердин чеберчилигин өстүрүү мектеби боюнча түзүлгөн программаны негиз кылып алдык. Жыйында жаш мугалимдер мектебинин максатын: идеалдуу мугалим болуу, милдеттерин аныктап алдык.»- дейт Бакытбек Сапаркулов.

Даярдаган:   Барчиной АЛИМОВА

Сүлүктүдөгү жаш мугалимдер мектеби жаңы багыт алды

 Сүлүктү шаарындагы жаш мугалимдер мектеби өз ишмердүүлүгүн өркүндөтүүдө жаңы багыт алды. «Жаш мугалимдерге усулдук кеңеш берүү максатында түзүлгөн жаш мугалимдер мектебинин эффективдүүлүгүн көтөрүү максатында билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдибахап Исмановдун жетекчилиги менен жаңы багыттагы иш планын иштеп чыктык. Биринчиден Гапыр Мадаминовдун 2019-жылы толуктоолор менен басылып чыккан Устаттык Өнөрү китебин, бул китепте берилген иш планды негиз кылып алдык.Экинчиден жетекчилик тажрыйбасы бар, гимназиянын мугалими Бакытбек Сапаркуловду жаш мугалимдер мектебинин ишин уюштуруп алып барууга координатор кылып дайындадык.»- дейт усулкаананын башчысы Темиржан Каюмова.  «Жаш мугалимдер мектебинин ишин өркүндөтүү боюнча алгачкы кадамды. Сүлүктүдөгү №3-мектептен баштаганыбыздын себеби Гапыр Мадаминов өзү ушул мектептен билим алып, ушул мектепте эмгек жолун баштаган. Биз күткөндөй эле жалпы эмгек жамаатынан активдүү колдоо болуп, алгачкы кадамыбыз ийгиликтүү болду.Жаш мугалимдерге усулдук жардам көрсөтүү иштери бардык мектептерде жүргүзүлөт»- дейт Бакытбек Сапаркулов.    Даярдаган:       Барчиной АЛИМОВА