Сүлүктүдөгү дарыгерлерге жардам берүү уланууда

  Мамлекетибизде болуп жаткан өзгөчө абалга байланыштуу, жоопкерчиликтүү иштерди медицина кызматкерлери аткарып жаткандыктан коомчулук тарабынан жардамдар берилип жатат. Сүлүкту шаарындагы медицина кызматкерлерине да, кесиптик милдетин аткарууда коопсуздукту сактоо үчүн керек болгон коргонуу каражаттар менен жардам көрсөтүү иштери уланып келе жатат. «Компаньон Банкы» жабык акционердик коомунун Исфана филиалы тарабынан Сүлүктү шаарындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборуна коргонуучу кийим 10 даана, коргоочу көз айнек 10 даана жана 50 даана медициналык перчатки берилди. Медицина кызматкерлеринин атынан  бардык кайрымдуу инсандарга ыраазычылыгыбызды билдиремин»- дейт аталган мекеменин директору Асат Ибрагимов. «Учурда Сүлүктү шаары боюнча санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу, көзөмөлдө, тиешелүү чаралар көрүлгөн, жарандарыбыз эле жеке гигиенасын сактап, белгиленген эрежелерди сактасак бардыгы жакшы болуп кетет»- дейт Сүлүктү шаарынын башкы санитардык врачы Мусуратилла Исканов.

Даярдаган:          Барчынай АЛИМОВА 

Сүлүктүдө депутаттар элге жардам берип жатат

Учурдагы кырдаалга байланыштуу, Баткен облусунун Сүлүктү шаарында аз камсыз болгон, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жеке ишкерлер тарабынан жардам көрсөтүү иштери жүрүп жатат. Сүлүктү шаардык Кеңешинин жаш депутаттары да демилге көтөрүп, аз камсыз болгон жарандарга азык-түлүктөн жардам берүүдө.

Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты, «Нур» ЖКЧнын башкы эсепчиси Жолдошев Нурлан Камалидинович шаарыбызда болуп жаткан кырдаалга байланыштуу өз эсебинен 15 үй-бүлөгө 10 килограммдан ун, 3 литрден пахта майы, медициналык маскалар менен жардам берди. Ошондой эле Сүлүктү шаарынын кире бериш жериндеги «Кызыл-Бел» карантиндик постундагы кызматкерлерге 50 даана перчатки, 20 даана медициналык маска, 1000 сомдук азык түлүк жеткирип берди. Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттары Айтемиров Сагын жана Абдыназаров Нурбек жардамга муктаж 20 үй-бүлөгө 20 кг эт, 100 кг макарон, 40 литр пахта майы, 20 кг кумшекер, 20 пачка чай, 20 кг гречка, 20 кг күрүч, 20 кг туз таратып беришти.   Ошондой эле шаардык Кеңештин депутаты, «Нур» шахтасынын директору Абдыназаров Нурбек Рахманбердиевич, ишканасынын атынан жардамга муктаж 11 үй-бүлөөгө ар бирине 50 кг ун, 5 литр пахта майы, 2 кг кумшекер, 4 кг күрүч, 5 кг макарондон таратып, кайрымдуу иштерин уланттып жатат.

      Даярдагандар:          Барчынай АЛИМОВА                                                                                  Бүсара РАЖАБАЛИЕВА

Сүлүктүдөгү медицина тармагына коргонуучу атайын каражаттар жардамга берилди

Сүлүкту шаары боюнча жеке ишкерлер коомчулукка жана социалдык мекемелерге ар тараптуу жардам көрсөтүү иштерин улантып жатат.

«Сүлүктү шаарындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборуна, Сүлүктү шаарындагы «Нуркен» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Шадиев Замирбек Алимбаевич, атайын медициналык-коргонуучу комбинезон жана ошондой эле колду дезинфекциалоочу 20 литр антисептикти жардамга берип, жалпы суммасы 99800 сомдук колдоо көрсөттү»- дейт аталган мекеменин директору Асат Ибрагимов.  «Жардамга кол сунган «Нуркен» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Шадиев Замирбек Алимбаевичке жалпы медицина кызматкерлеринин атынан терең ыраазычылык билдиребиз. Элибизде ынтымак болсо, биримдик болсо баарын жеңебиз. Кандай гана ооруунун алдын алуу эң алгач жарандардын өзүнүн колунда. Жеке гигиенанын сактоо керек, жалпы мамлекетибиз аткарып жаткан эрежелерди аткаруу керек»- дейт Сүлүктү шаарынын башкы санитардык врачы Мусуратилла Исканов. «Жеке ишкерлерибизге ыракмат, материалдык, моралдык колдоо көрсөтүп жатат. Бизге коомчулуктун чоң жардамы — мамлекет башчыларыбыз, жетекчилерибиз тарабынан сунуш кылынган эрежелерге баш ийип, толугу менен аткарып, сабырдуулук көрсөтүп берсе эле болду, бул кыйынчылыктарда артта калат»- дейт инфекция бөлүмүнүн башчысы Аллакул Эшанкулов.     Даярдаган:             Барчынай АЛИМОВА.

Сүлүктү шаардык мэриясы элге кайрылуу жасады


Сүлүктү шаарынын вице-мэри Марзия Сапаркулованын билдирүүсү.
«Учурдагы кырдаалга байланыштуу, Сүлүктү шаардык мэриясы коомчулукка төмөнкүдөй кайрылуу жасады:
Урматтуу шаарыбыздын тургундары!
Сүлүктү шаарына чет өлкөлөрдөн жана республиканын башка аймактарынан келген жарандар, өз ыктыяры менен 118 ишеним телефону аркылуу дарыгерлерге кайрылуусу зарыл экендигин күн сайын элге маалымдап турунуздар.
Бул талапты аткарууда ар бир сырттан келген адам өзүнүн жана жакын адамдарынын коопсуздугу үчүн сөзсүз дарыгерлер менен байланышып, өзү жөнүндү маалымат берип, 14 күн үй карантининде болуусу керек»-деп маалымат берди Марзия Сапаркулова.

                               БУЙРУК

19-март 2020-ж. № 63-б Сүлүктү шаары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-мартындагы №146-токтомунун негизинде маданий, спорттук жана башка пландаштырылган эл аралык конференцияларды, семинарларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-январындагы № 30, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-мартындагы № 146-токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 27-6, 2020-жылдын 5- мартындагы № 136-буйруктары, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.Өмүрбекованын катышуусунда өткөрүлгөн кеңешменин 2020-жылдын 31-январынан баштап келген протоколдук тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2020-жылдын 16-мартындагы № 95-6 буйругун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат-жетекчиси министр С.А. Кылжыевдин 2020- жылдын 13-мартындагы № 11-1010-катын аткаруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-мартындагы «Маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизүү жөнүндөгү» № 146-токтомун жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.Өмүрбекованын катышуусунда өткөрүлгөн кеңешменин 2020-жылдын 31-январынан баштап келген протоколдук тапшырмалары жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Кытай Эл Республикасында чыккан коронавирус жугуштуу оорусуна жана анын дуйнө мамлекеттерине жайылышына байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүү убактылуу чектөөлөр киргизилсин.
3. Шаардагы бардык мекеме-уюм, ишканалардын жетекчилерине:
— өздөрү жетектеген мекеменин административдик имаратын дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыз кылуу, кааналарды, калк тейленүүчү жайларды (зал, күтүүчү жай, стол ж.б.) күн сайын дезинфекциялоо, кызматкерлерге оорунун алдын алуу боюнча, массалык иш-чараларга катышуудан жана уюштуруудан убактылуу баш тартуу жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилсин;
— тийешелүү кызматкерлердин чет өлкөлөргө иш сапарларга баруусунан убактылуу баш тартууну жана массалык түргө ээ болгон жыйындарды, ар кандай жолугушууларды, семинарларды өткөрүүнү токтотуу тапшырылсын.
4. Шаардык ОААжМСЭК бөлүмүнүн башчысы М.Искановго жана салык кызматынын башчысы М.Сагинбаевге:
— соода, кызмат көрсөтүү, коомдук тамактануу чөйрөсүндө иштеген жеке ишкерлерге жана менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жактарга коомдук тейленүүчү жерлерди күн сайын дезинфекциялоо жүргүзүү зарыл экендиги жөнүндө түшүндүрүү иштерин күчөтүү милдеттендирилсин.
5. Мэриянын башкы адиси Г.Эрназаровага жана Кош-Булак поселкалык башкармалыгынын башчысы К.Мамутовго:
-шаардагы комдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчылары аркылуу элге массалык иш-чараларды өткөрүугө чектөө койуу жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүу иштерин жүргүзүүнү уюштуруу милдеттендирилсин.
6. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Исмановго, балдардын жатак мектеп- интернатынын директору Р.Джураевага:
Шаардагы бардык орто мектептердин, мектеп-интернатынын кааналарын, ашканаларынын тамак берүүчү жайларын дезинфекциялоо иштерин жүргүз, дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыз кылуу, балдар кол жуучу жайларга зарыл болгон (суу, самын) шарттарды түзүү;
— балдар бакчаларындагы кааналарда, коридорлордо, ажаткана бөлмөлөрүндө дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү, дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыз кылуу, кол жуучу жайларга шарттарды түзүү жагы милдеттендирилсин.
7. Шаардагы калкты тейлөөчү микроавтобустарды дезинфекциялоо жагы Сүлүктү шаардык ОААжМСЭК бөлүмүнүн башчысы М.Искановго жана «Тулпар» ЖЧКнун директору Т.Каюмовго милдеттендирилсин.
8. БатМУ САИнин директору Ы.Төрөевге, педагогикалык колледжинин директору Р.Мадеминовага жана №7 3-кесиптик лицейинин директору А.Абдибахаповго:
— окуу жайдын жатаканасын, окуу кааналарын, ашканаларын дезинфекциалоо, кол жуучу жайларды уюштуруу, зарыл болгон шарттарды түзүп берүү жана студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилсин.
9. Шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору А.Ибрагимовго: Коронавирус инфекциясы көп катталган өлкөлөрдөн келген адамдарды саламаттыкты сактоо министрлигинин иштөө алгоритмине ылайык обсервациялоо жайларын уюштуруу жагы милдеттендирилсин.
10. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Сүлүктү башкармалыгынын башчысы А.Келдибековго:
— жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекемелерге кырдаалга байланыштуу беткап, өздүк гигиенага керек болгон каражаттарды алуу учун зарыл болгон учурда накталай алууга акча каражатын бөлүп берүү;
— шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору А.Ибрагимовдун 2020- жылдын 18-мартындагы №01-2-99-катына ылайык, шаарда 1 жаран коронавирус инфекциясына кооптуу деп катталгандыгына жана коронавирус инфекциясынын шаардын аймагына жайылышына жол бербөө максатында ооруканада көйгөйлүү болгон жетишпеген буюмдарды алуу үчүн 100,0 миң (жүз миң) сом акча каражатын шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнө бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
11. Сүлүктү шаарынын аймагына коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу маселелери жөнүндө макала- маалыматтарды жарыялап туруу жагы «Шахтер Жолу» гезитинин башкы редактору К.Садыковго милдеттендирилсин.
12. Аткарылган иштердин абалы жөнүндөгү маалыматты шаардык штабга күн сайын берип туруу жагы милдеттендирилсин.
13. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сүлүктү шаарынын вице-мэри М.Сапаркуловага жүктөлсүн.
Сүлүктү шаарынын мэри:                    Р. Абдыназаров

 

Сүлүктүдө Өзгөчө кырдаалдарга машыгуу өттү

ЮНИСЕФтин Сүлүктү шаарындагы волонтёрлору тарабынан уюштурулган Өзгөчө кырдаалдарга даярдык боюнча окуу-машыгуулары коомдук мекеме уюмдарда өтүп жатат.   «Демилгебизди социалдык мекеме ишканалар колдоого алып, биз менен бирге окуү-машыгууларды өткөрүп жатат. Өзгөчө Сүлүктү шаарындагы мектептер, бала бакчалары активдүү катышууда «- дейт волонтёр Кызжибек Саматова.    «Алдын ала мекеме ишкананын жетекчилиги менен макулдашып өзгөчө кырдаалды билдирген конгуроо чалынганда бардык окуучулар ошол замат сыртка эвакуация болот. Биз бардыгына көз салып карап турабыз. Сыртка чыгып «коопсуз» орунга чогулганда кимде кандай кемчилик болсо ошону айтып, оңдоп беребиз. Биз менен чогуу келген ЮНИСЕФтин волонторлору чогулгандарга өзгөчө кырдаалдар боюнча жаңы маалыматтарды берет»- дейт волонтер Нургүл Халжигитова. Даярдаган:     Барчиной АЛИМОВА