Улуу жеништин 75 жылдыгын утурлап, Сүлүктү шаардык Маданият Сарайынын кызматкерлери Бусара Ражабалиева, Айнура Акматова, Гүлбарчын Орунбаева жана Надирабегим Исабековалар, аралыктан туруп тарткан видео куттуктоо жөнөттү.
«Шаарыбыздын маданият кызматкерлери аралыктан туруп, заманбап үлгүдөгү видео клип аркылуу Улуу Жениш майрамы менен куттуктаганы элибиз үчүн күтүүсуз жакшы жаңылык болду. Маданият сарайынын кызматкерлеринин өз ишине берилип иштегендери байкалып турат.»- дейт Сүлүктү шаарынын вице-мэри Марзия Сапаркулова.
«Ырдын, күүнүн, кандай гана болбосун искусство өнөрүнөн жаралган чыгармалардын элдин рухун, духун көтөрө турган касиети болот. Биздин маданият кызматкерлерибиз Бусара Ражабалиева, Айнура Акматова, Гүлбарчын Орунбаева жана Надирабегим Исабековалардын аткаруусундагы «Жеңиш Күнү» композициясы да, социалдык аралыкты сактоо шартында жашап жаткан Сүлүктү эли үчүн зор дем күч болду. Телефон аркылуу ыраазычылыгын билдирген жарандар көп болуп жатат»- дейт Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Увадат Сабурова.
Даярдаган: Бакытбек САПАРКУЛОВ