Сүлүктү билим берүү бөлүмү кызматташуу денгээлин жогорулатты

 Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан билим берүүнү жакшыртуу, жетишкен ийгиликтерди мындан да жогорку даражага жеткирүү максатында республикалык деңгээлдеги уюмдар менен кызматташууну жолго коё алды. Өткөн окуу жылында алгачкылардан болуп Сүлүктү шаары электрондук мектепке өткөн болсо быйылкы жылдан баштап БИЛИМДИ БААЛОО ЖАНА ОКУТУУ УСУЛДАРЫ БОРБОРУ МЕНЕН кызматташууну баштады. Аталган мекеме ЦООМО  аталышы менен белгилүү же окуучулардан жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүүчү уюм   «Быйылкы окуу жалынан баштап ЦООМО менен бүтүрүүчү класстар үчүн көнүгүү тесттерин уюштуруп турабыз. Жыл башында бир жолу көнүгүү тест өткөрүп жетишпеген жактарды билип алып, ошонун үстүнөн иш жүргүзөбүз.  Үчүнчү чейрек жыйынтыкталганда дагы бир ирет көнүгүү тест тапшырып, окуучулардын тестке даярдыгын баалайбыз. ЦООМО менен кызматташканыбыздын себеби биринчиден ЖРТны уюштуруп өткөргөн уюм экинчиден ар бир предмет ар бир глава боюнча % аркылуу жетишүүнү көрсөтүп берет»- дейт билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдибахап Исманов. «Алгач гимназиянын бүтүрүүчү класстары үчүн 50 катышуучу болсо керек деп пландаштырганбыз. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн сунушу менен Сүлүктүдөгү бардык мектептер катышууга чакырылды.  Иш жүзүндө шаар боюнча 116 окуучу көнүгүү тест тапшырды. Демек окуучуларды жалпы республикалык тестке даярдоодо түшүндүрүү иштери жеткиликтүү деңгээлде  жүргүзүлгөн»- дейт гимназиянын мугалими Бакытбек Сапаркулов. «Бизге башка район шаарларда окуп жаткан досторубуз суктанып жатат. Анткени алар көнүгүү тест тапшыруу үчүн жол кире кетирип Бишкек шаарына барат. Бизге болсо мектебибизге уюштуруп берди. Эми жакшы окуп, жогорку балл алып ата-энелерибиздин, мугалимдерибиздин эмгегин акташыбыз керек»- дейт 11-класстын гимназисти Айжамал Торобаева.   Белгилей кетсек 116 окуучу негизги тест 103 окуучу предметтик тест боюнча көнүгүү тест тапшырган. 

Даярдаган:       Барчиной АЛИМОВА

Сүлүктүлүк үч гимназист ЮНИСЕФке волонтер болду

 Сүлүктүдөгү 9-гимназиянын 11-классында окуп жаткан гимназисттер: Халжигитова Нургүл, Самадова Кызжибек жана Абдигапарова Канайым атайын тандоодон өтөндөн кийин ЮНИСЕФке волонтёр болуп катталды. «Волонтёр болуу үчүн эки этаптан туоған тандоодон өттүк. Биринчи этабында анкета жана эмне үчүн волонтёр болууну калагандыгыбызды билдирген өтүнмө жөнөткөнбүз. Экинчи этабында аңгемелешүү болду. Тандоодон өткөндөр Бишкек шаарында эки күндүк курстан өттүк. Мындан ары да окуулар болуп турат»- дейт волонтёр Нургүл Халжигитова.  «ЮНИСЕФке волонтёр болуу үчүн өтүнмө берип, конкурста катышуучу өтө көп болду. Тандоодон ийгиликтүү өтүүбүздүң себеби биздин гимназияда сабактан кийин коомдук уюмдар менен да иштешип келебиз. Мисалы 10-класстан бери Тынчтык демилгелери фондунун дебат клубуна катышабыз.Топтун башчысы, классташым Нургүл Халжигитова. Топту Бакытбек Сапаркулов агайыбыз түзүп жетектеп келет»- дейт волонтёр Кызжибек Самадова. «Мен 9-классымдан баштап Кошбулак жамааттык мультимедия борборунда волонтёрдук негизде кабарчы болуп иштеп келемин. Сабактан бош болгонумда кабар жазамын, аны агайым Бакытбек Сапаркулов редакциялап, сайтка жайгаштырат. Жамааттык кабарчы катары бир нече жолу тренингдерге катышып, сертификат алууга жетишкенмин. Ыссык-Көлдө өткөрүлгөн жаматтык кабарчылардын курсуна да катышып билим алганмын»- дейт Канайым Абдигапарова.

Даярдаган:         Мусуратилла ИСКАНОВ

Сүлүктүдөгү гимназияда кош майрам болду

Сүлүктүдөгү №9-гимназияда билим күнү майрамы менен кошо «Исманали Джумабаевич Карабаев» атындагы китеп окуу залынын ачылуу аземи болду. «Учур талабына ылайык баланы окутуунун бир канаты компьютердик технология каражаттары болсо экинчи канаты китеп болуп экөө бирдей иштегенде натыйжалуу болот. Мына дал ушул максатты көздөп алгачкы жолу окурмандар залын түзүүгө жетиштик»- дейт гимназиянын китепканачысы Гулсунай Каракулова. «Өз күчүбүз менен окурмандар залын түзүп, аны эң мыкты китептер менен толуктап иш баштадык. Мисалы бир эле «Гиннес рекорддору» аттуу китепти 3 миң сомго алсак, «Тарыхый энциклопедия» «балдар энциклопедиясы» китептерин 1500 сомдон алдык» дейт мугалим Бактыгүл Абдрасулова. «Эмгек жамаатыбыздын бир добуштан кабыл алынган чечимин шаардык билим берүү бөлүмү менен макулдашкандан кийин Окурмандар залына бир канча орден медалдардын ээси, коомдук ишмер, «Кызыл-Булак» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Карабаев Исманали Джумабевичтин атын ыйгардык. Окуучуларыбыз да ушул кишидей Ак жүрөк инсандардан болсун деп тилек кылдык»- дейт гимназиянын директору Базаргүл Рустамова.«Менин атымды окурмандар залына койгону күтүүсүз болду. Чынын айтсам кандайдыр бир деңгээлде сыймыктануу да болду бирок, чоң жоопкерчилик экени түшүнүктүү. Кудай Буюрса ушундай чоң ишенимге татыктуу болуп Элиме көп кызмат кылып беремин»- дейт Исманали Карабаев.

Даярдаган:     Барчиной Алимова

Стереотип. Сүлүктүдө болгон окуя.

  Сүлүктүдө болгон окуя жөнүндө социалдык тармактардан алынган маалымат өзгөртүүсүз берилди.          Шаарга бет алардан бир нече күн мурун тиш доктурга кайрылгам. Кезек күткөнчө 1-2 саат  убакыт бар… Аны куру кетирбей өзүм менен китеп ала келгем. Кезек келди, кирдим. Врачтын биринчи берген суроосу мени таң калтырды:                                              -Гимназияда окуйсуңбу?                                      -Ооба, гимназияны аяктадым.                          — Гимназиянын окуучулары гана кезек күткөнчө китеп окуп отурушат…           Мына… Аябай сыймыктандым! Жакшы бир адат аркылуу өзүбүздү гана өнүктүрбөй, элге үлгү болуп, эң сонун стреотипти пайда кылыптырбыз… Демек, ар дайым ар бирибиз китеп окуу аркылуу мектебибизди гана эмес, өлкөбүздү өргө сүрөп, башка мамлекетке барганда «Кыргызстандыксынбы, кыргыздын элдери дайыма китеп кармап жүрүшөт…» деген стреотипти жаратууга күчүбүз жетет!               Жогорудагы маалыматты гимназиянын мугалими, Билим берүүнүн мыктысы- Дилара Шералиевага окуучулары айтып берген.         Даярдаган:     Бакытбек САПАРКУЛОВ

Курман Айт намазы Сүлүктүдө эки жерде окулду.

Бүгүн Кыргызстандын бардык жерлеринде Курман Айт намазы окулду. Баткен облусунун Сүлүктү шаарында эки жерде Сүлүктүдө борбордук Нур-Вали мечитинде жана Кошбулактагы Мухаммед мечиттеринде саат 7-45те намаз башталды.  Намазга баргандар өтө көп болгондуктан мечиттерге батпай сыртка чыгып окугандар да болду. Көп улуттун өкүлдөрүнөн турган шахтерлердун шаарында бардык момун мусулмандар бири бирин куттуктап жатышат. Коомдук абал тынч.

Даярдаган:     Бакытбек Сапаркулов

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал кантип өнүктү

Учурда жалпы Сүлуктү шаары үчүн маанилүү болгон Ош-Исфана-Сүлүктү авто унаа жолунда каттамдар кадимки абалга түштү. 22-июль күнү башталып кеткен чыр чатак кандайча башталды, окуялардын өнүгүүсүнө саресеп салып көрдүк.

Даярдаган:     Бакытбек Сапаркулов

Ишкер аялдардын Улуттук конференциясына Сүлүктүдөн да катышуучу барды

 Бишкек шаарында уюшулган «Жаңы импульс»- аталыштагы Ишкер аялдардын Улуттук конференциясына, Кыргызстан боюнча тандалып чакырылган катышуучулардын катарында Сүлүктүлүк жеке ишкер Райхан Абдурасулова болду. «Улуттук коференцияга Өкмөт башчыбыз Мухамедкалый Абылгазиев баш болгон Өкмөт мүчөлөрү, Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Өкмөт башчыбыз региондорду өнүктүрүүдө ишкер аялдардын салымы эбегейсиз зор экенин белгилеп, зарыл болсо ар бир ишкер аял менен жеке жолугуп, маселесин ордунда чечип берүүгө даяр экенин, жеке бала бакча ачкан ишкер аялдар болсо, бала бакчада ар бир бала үчүн чыгымдалуучу каражаттын 50% мамлекеттин эсебинен каржылап берүү боюнча маселе чечилгенин билдирди. Өкмөт башчыбыздын сөздөрү региондордо иштеп жаткан ишкер аялдар үчүн чоң дем күч болду»- дейт Райхан Абдурасулова.   Даярдаган:    Барчынай Алимова

Сүлүктүдө жасалган кир кетирүүчү каражаттар Бишкектин дүкөндөрүндө сатыла баштады

 Сүлүктүлүк новатор-ишкер Жусубали Болдубаев тарабынан иштелип чыккан, өзгөчө кирлерди кетирүүчү каражаттар Бишкетеги «Бардыгы 50 сом» соода маркасы менен белгилүү болгон дүкөндөрдө сатыла баштады.  Ариет же «ARIET» соода белгиси менен сатыкка чыккан пасталар Сүлүктүдөгү «Кошбулак» жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан өндүрүлөт. «Өндүрүлгөн пастаны сатууну Бишкектен баштаганыбыздын себеби, бул жакта жаңы өндүрүлгөн товарларды колдонуп көрүүнү каалаган кардарлар көп. Бир колдонуп көргөн кардар сөзсүз блогу менен сатып алып жатат. Келечекте чет мамлекеттерге экспорттойбуз деген максаттар бар» — дейт Жусубали Болдубаев.  Дүңүнөн сатып алууну каалагандар болсо 0772988810 ватс ап аркылуу редакцияга кайрылып, өндүрүүчү ишкана менен байланыш маалыматтарын алсаңыздар болот.

Даярдаган:     Бакытбек Сапаркулов

Сүлүктүлүк гимназист Президенттин сыйлыгын алды.

 Сүлүктүлүк гимназист, Алтын Сертификат жана Алтын тамга ээси Эркинова Айзада Бакытбековна бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун колунан сыйлык алды. «Кыргыз Республикасы боюнча бардык Алтын Сертификат ээлерин Президентибиз куттуктады. Бардыгына Президенттин алкыш барагын, акыркы үлгүдөгү смартфон жана акчалай сыйлык тапшырды. Сыйлоо аземи Президенттин Энесай резиденциясында болуп өттү»- дейт Айзада Эркинова.  Белгилей кетсек Айзада Эркинова көп жылдан бери Кошбулак жамааттык мультимедия борборунда волонтёр болуп, кабар жазып келет.

Даярдаган:   Барчынай Алимова.

Сүлүктүдөгү гимназия жаңы окуу жылына кабыл алууну улантат

Сүлүктү шаарындагы №9-мектеп гимназиясы 2019-2020 окуу жылына окуучуларды 1-класска кабыл алууну улантат.  Бул боюнча аталган окуу жайынын директору Рустамова Базаргүл Саттаровна: «Окуучуларды 1-класска кабыл алуу 10-августтан 30-августка чейин жүрөт. Кабыл алууну педагогикалык комиссия аңгемелешүү аркылуу өткөрөт. Сүлүктү шаары боюнча бардык ата-энелер балдарын алып келип, катыша алат»- деп маалымат берди. Окурмандарыбыз үчүн гимназиянын жетишкендиктерин таблица түрүндө беребиз:  Белгилей кетсек быйыл гимназияны Эркинова Айзада 223 балл менен бүтүрүп Алтын Сертификатка ээ болсо, Калмурзаева Бактыгүл 206 балл алган. Жалпысынан 14 окуучу бүтүрүп бардыгы негизги тесттен дагы кошумча тесттерден дагы босого баллынан жогору баллга жетишкен

Даярдаган:    Канайым АБДИГАПАРОВА