Сүлүктү шаардык маданият сарайынын кызматкерлери видео куттуктоо жолдоду

Улуу жеништин 75 жылдыгын утурлап, Сүлүктү шаардык Маданият Сарайынын кызматкерлери Бусара Ражабалиева, Айнура Акматова, Гүлбарчын Орунбаева жана Надирабегим Исабековалар, аралыктан туруп тарткан видео куттуктоо жөнөттү.

«Шаарыбыздын маданият кызматкерлери аралыктан туруп, заманбап үлгүдөгү видео клип аркылуу  Улуу Жениш майрамы менен куттуктаганы элибиз үчүн күтүүсуз жакшы жаңылык болду. Маданият сарайынын кызматкерлеринин өз ишине берилип иштегендери байкалып турат.»- дейт Сүлүктү шаарынын вице-мэри Марзия Сапаркулова.

«Ырдын, күүнүн, кандай гана болбосун искусство өнөрүнөн жаралган чыгармалардын элдин рухун, духун көтөрө турган касиети болот. Биздин маданият кызматкерлерибиз Бусара Ражабалиева, Айнура Акматова, Гүлбарчын Орунбаева жана Надирабегим Исабековалардын аткаруусундагы «Жеңиш Күнү» композициясы да, социалдык аралыкты сактоо шартында жашап жаткан Сүлүктү эли үчүн зор дем күч болду. Телефон аркылуу ыраазычылыгын билдирген жарандар көп болуп жатат»- дейт Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Увадат Сабурова.

Даярдаган:                 Бакытбек САПАРКУЛОВ

Сүлүктүлүк мугалимдер илимий семинарда доклад жасады

2020-жылдын 30-апрель күнү Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинин  тилдер кафедрасы ZOOM программасы аркылуу , аралыктан байланышуу менен уюштурган илимий семинар болуп өттү. Бул семинарга педагогика илимдеринин доктору профессор Акматали Алимбеков баш болгон илимпоздор, Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинин профессор-окутуучулар жамааты, Чүй, Кара-Суу, Араван райондорунан жана Таш-Көмүр, Сүлүктү шаарларынан мектептердин мугалимдери катышты.

Индустриалдык-педагогикалык колледждин тилдер кафедрасынын башчысы, конференциянын модератору Бактыгүл Байтикова:  «Гапыр Мадаминов — бала окутуунун жана тарбиялоонун мыкты чебери» деген темадагы илимий семинарда «Манас» университетинин профессору, педагогика илимдеринин доктору Акматали Алимбеков,  педагогика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов жана Сүлүктү шаары боюнча жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу мектебинин жетекчиси, педагогика боюнча аспирант Бакытбек_Сапаркулов, Лейлек районунун №3-гимназиясынын окуу-тарбия иштери боюнча   директорунун орун басары Нарбүбү Анаркуловалар эн кызыктуу, актуалдуу доклад жасады»- деп маалымат берди.

«Илимий семинарга Сүлүктү шаары боюнча жаш мугалимдер катышты. Биринчиден семинардын докладдары жаш мугалимдери үчүн өтө пайдалуу болду. Экинчиден: аралыктан туруп конференция семинарларды уюштуруп өтөрүүнү үйрөндүк. Буюрса Сүлүктү шаарындагы жаш мугалимдердин чеберчилигин арттыруу мектебинин катышуучулары да ушул сыяктуу, практикалык семинарларды уюштурабыз»- дейт Бакытбек Сапаркулов.

     Даярдаган:                 Барчынай АЛИМОВА 

Сүлүктүдөгү гимназия аралыктан окутуу боюнча тажрыйба бөлүшөт

 Окутуу шарты окуучулар үчүн күтүүсүз кыска аралыкта өзгөрүп, билим-тарбия берүү аралыктан жүргүзүлүп жаткандыктан, окуучуларга жана ата-энелерине бир аз ыңгайсыздыктар, моралык-психологиялык көйгөйлөр жаралбай койгон жок. Ушул кырдаалда аралыктан окутууну кыска убакыттын ичинде жакшы жолго койгон, №9-гимназиянын иш тажрыйбасы окурмандарыбызга аз болсо да пайдасы тийиши мүмкүн деген ойдо бөлүшөбүз. Сүлүктү шаарындагы №9-гимназиясынын директору, билим берүүнүн отличниги, Базаргүл Рустамова аралыктан окутуу иштерин кантип жолго койгондугу боюнча кыскача маалымат берди: “Аралыктан окутуу ыкмасын жүргүзүү үчүн, кыска убакыттын ичинде окутуунун жаңы технологиясын иштеп чыгуу керек болду. Бул учурда эң зарыл болгон үч талапты койдук, биринчи талап- бардык окуучулар үчүн жеткиликтүү болгон шартты камсыздоо, башкача айтканда окутууда колдонулуучу техникалык каражаттардын бардык окуучуларга жеткиликтүү болуусу, экинчи талап- аралыктан болсо да мугалим менен окуучунун ортосундагы байланышты үзбөй, конструктивдүү диалогду сактап калуу, үчүнчүдөн- аралыктан тарбиялоого ата-энени түздөн түз катыштыруу. Биринчи багыт боюнча, кыйынчылык болгон жок. Анткени биз 2019-2020- окуу жылында EduPage- электрондук журнал программасын окуу процессибизге киргизип, эксперимент жүргүзүп жатканбыз. EduPage эч кандай кошумча техникалык каражатты, шартты талап кылбаган, WhatsApp- сыяктуу эле программа болгондуктан, аралыктан окутуу башталышы менен тапшырмалар жана кайтарым байланыш системалуу түрдө жүрүп, үзгүлтүк болгон жок. Экинчи талап- мугалим менен окуучунун ортосунда конструктивдүү диалогду түзүү, бул багытта бир аз кыйынчылыктар болду, акырында аны ватсап группа аркылуу чечтик. Ар бир класс жетекчи, классынын WhatsApp- группаларын түзүп, группаларга сабак берген мугалимдерди да кошту. Мисалы: “7-б класс, алгебра-геометрия”- группасы деп эки сабактан бир группа түзүлүп, группада окуучулар, класс жетекчи жана предметтик мугалим гана болот. Үчүнчү талап- аралыктан тарбиялоо иштерине ата-энелерди түздөн түз катыштырууга жетишүү. Бул багытта көп жылдардан бери новатор мугалим, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминовдун “Энелер мектеби” программасын колдонуп, ата-энелер менен тыгыз иш жүргүзүп келген тажрыйбабызга таяндык. Ошондой эле кээ бир маселени чечүүдө, ата-энелер комитетинин мүчөлөрү аркылуу да иш жүргүзүп келебиз»- дейт Базаргүл Рустамова Аралыктан окутуу шартында гимназиянын өнүгүүсүнүн үч багытын иштеп чыктык:
1-багыт: Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде аралыктан окутуу процессинде колдонулуп жаткан окутуунун технологияларын, программаларды жана каражаттарды анализ кылуу, алардын артыкчылыктарын жана кемчиликтерин аныктоо, зарыл болгон учурда өзүбүздүн шартка ынгайланыштыруу- бул багыт боюнча педагогика багытында илим изилдеп жаткан мугалимдерибиз иш жүргүзүүдө. 2-багыт: аралыктан өтүлүп жаткан сабактардын жүрүүсүн көзөмөлдөө, натыйжасын анализдөө жана билим сапатын жогорулатуу боюнча жаны сунуштарды иштеп чыгуу- бул боюнча окуу бөлүмүнүн башчысы, предметтик мугалимдер иш жүргүзүүдө.
3-багыт:  «окуучулардын моралдык-психологиялык абалына көз салып туруу, тарбиялык иштерди жүргүзүү, кыйналган окуучуларга жана ата-энерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү- бул багытта соц. педагог жана класс жетекчилер иш жүргүзүүдө»- деп гимназиянын директору Б. Рустамова тажрыйба бөлүштү. «Педагогика» багытында аспирантурада окуп, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп жаткан, гимназиянын мугалими Бакытбек Сапаркулов төмөнкүдөй маалымат берди: “Жалпы орто билим-берүүнүн педагогикалык тажрыйбасында буга чейин аралыктан окутуу ыкмасы колдонулбагандыктан, биздин гимназиябызда мугалимдердин билимине, тажрыйбасына таянып, кыска убакыттын ичинде, аралыктан окутуунун айыл шартына ынгайланышкан, жөнөкөй, эң негизгиси бардык окуучулар үчүн жеткиликтүү болгон ыкмаларын иштеп чыгып бир эле учурда эксперимент кылып, бир эле учурда иш жүзүнө ашырып жатабыз.
Коомдо кандай гана өзгөрүү болбосун, ал биринчи кезекте мугалимдер үчүн сыноо болот. Азыркы шартта да мугалимдер үчүн чон сыноо болууда. Мен өзүм педагогика илимдеринин доктору, профессор Жанкороз Каниметовдун  “Билим берүүнү демократиялаштыруу” боюнча илимий эмгектерин жана педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминовдун “Акыл эмгегинин маданияты” эскперименталдык тажрыйбадан өткөн эмгектерин негиз кылып, Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде аралыктан окутуу процессинде колдонулуп жаткан окутуунун технологияларын, компьютердик программаларды жана окутуудагы техникалык каражаттарды анализ кылуу, алардын артыкчылыктарын жана кемчиликтерин аныктоо, зарыл болгон учурда өзүбүздүн шартка ынгайланыштыруу боюнча, профессор Жангороз Каниметовдун илимий жетекчилиги менен жана Гапыр Мадаминовдун жетекчилиги менен иш жүргүзүп жатамын”- дейт Бакытбек Сапаркулов.                                         Даярдаган:          Айзада ЭРКИНОВА

Сүлүктүдөгү дарыгерлерге жардам берүү уланууда

  Мамлекетибизде болуп жаткан өзгөчө абалга байланыштуу, жоопкерчиликтүү иштерди медицина кызматкерлери аткарып жаткандыктан коомчулук тарабынан жардамдар берилип жатат. Сүлүкту шаарындагы медицина кызматкерлерине да, кесиптик милдетин аткарууда коопсуздукту сактоо үчүн керек болгон коргонуу каражаттар менен жардам көрсөтүү иштери уланып келе жатат. «Компаньон Банкы» жабык акционердик коомунун Исфана филиалы тарабынан Сүлүктү шаарындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборуна коргонуучу кийим 10 даана, коргоочу көз айнек 10 даана жана 50 даана медициналык перчатки берилди. Медицина кызматкерлеринин атынан  бардык кайрымдуу инсандарга ыраазычылыгыбызды билдиремин»- дейт аталган мекеменин директору Асат Ибрагимов. «Учурда Сүлүктү шаары боюнча санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу, көзөмөлдө, тиешелүү чаралар көрүлгөн, жарандарыбыз эле жеке гигиенасын сактап, белгиленген эрежелерди сактасак бардыгы жакшы болуп кетет»- дейт Сүлүктү шаарынын башкы санитардык врачы Мусуратилла Исканов.

Даярдаган:          Барчынай АЛИМОВА 

Сүлүктүдө депутаттар элге жардам берип жатат

Учурдагы кырдаалга байланыштуу, Баткен облусунун Сүлүктү шаарында аз камсыз болгон, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жеке ишкерлер тарабынан жардам көрсөтүү иштери жүрүп жатат. Сүлүктү шаардык Кеңешинин жаш депутаттары да демилге көтөрүп, аз камсыз болгон жарандарга азык-түлүктөн жардам берүүдө.

Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты, «Нур» ЖКЧнын башкы эсепчиси Жолдошев Нурлан Камалидинович шаарыбызда болуп жаткан кырдаалга байланыштуу өз эсебинен 15 үй-бүлөгө 10 килограммдан ун, 3 литрден пахта майы, медициналык маскалар менен жардам берди. Ошондой эле Сүлүктү шаарынын кире бериш жериндеги «Кызыл-Бел» карантиндик постундагы кызматкерлерге 50 даана перчатки, 20 даана медициналык маска, 1000 сомдук азык түлүк жеткирип берди. Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттары Айтемиров Сагын жана Абдыназаров Нурбек жардамга муктаж 20 үй-бүлөгө 20 кг эт, 100 кг макарон, 40 литр пахта майы, 20 кг кумшекер, 20 пачка чай, 20 кг гречка, 20 кг күрүч, 20 кг туз таратып беришти.   Ошондой эле шаардык Кеңештин депутаты, «Нур» шахтасынын директору Абдыназаров Нурбек Рахманбердиевич, ишканасынын атынан жардамга муктаж 11 үй-бүлөөгө ар бирине 50 кг ун, 5 литр пахта майы, 2 кг кумшекер, 4 кг күрүч, 5 кг макарондон таратып, кайрымдуу иштерин уланттып жатат.

      Даярдагандар:          Барчынай АЛИМОВА                                                                                  Бүсара РАЖАБАЛИЕВА

Сүлүктүдөгү медицина тармагына коргонуучу атайын каражаттар жардамга берилди

Сүлүкту шаары боюнча жеке ишкерлер коомчулукка жана социалдык мекемелерге ар тараптуу жардам көрсөтүү иштерин улантып жатат.

«Сүлүктү шаарындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборуна, Сүлүктү шаарындагы «Нуркен» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Шадиев Замирбек Алимбаевич, атайын медициналык-коргонуучу комбинезон жана ошондой эле колду дезинфекциалоочу 20 литр антисептикти жардамга берип, жалпы суммасы 99800 сомдук колдоо көрсөттү»- дейт аталган мекеменин директору Асат Ибрагимов.  «Жардамга кол сунган «Нуркен» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Шадиев Замирбек Алимбаевичке жалпы медицина кызматкерлеринин атынан терең ыраазычылык билдиребиз. Элибизде ынтымак болсо, биримдик болсо баарын жеңебиз. Кандай гана ооруунун алдын алуу эң алгач жарандардын өзүнүн колунда. Жеке гигиенанын сактоо керек, жалпы мамлекетибиз аткарып жаткан эрежелерди аткаруу керек»- дейт Сүлүктү шаарынын башкы санитардык врачы Мусуратилла Исканов. «Жеке ишкерлерибизге ыракмат, материалдык, моралдык колдоо көрсөтүп жатат. Бизге коомчулуктун чоң жардамы — мамлекет башчыларыбыз, жетекчилерибиз тарабынан сунуш кылынган эрежелерге баш ийип, толугу менен аткарып, сабырдуулук көрсөтүп берсе эле болду, бул кыйынчылыктарда артта калат»- дейт инфекция бөлүмүнүн башчысы Аллакул Эшанкулов.     Даярдаган:             Барчынай АЛИМОВА.

Сүлүктүдө мугалимдердин профсоюз уюму жардам уюштурду

Баткен облусунун Сүлүктү шаары боюнча билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзу тарабынан, агартуу майданында эмгектенип жаткан, ден-соолугу жана үй-бүлөлүк абалы боюнча жардамга муктаж жарандарга азык-түлүк жардамы берилди.     «Профсоюздун Борбордук жана областтык комитетинин тапшырмасы жана Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн сунушу менен билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитети тарабынан аз камсыз болгон, турмуш шарты оор 22 кызматкердин ар бирине 1-сорттогу ун 1 кап жана 5 литрден өсүмдүк майы катары жардам бердик. Көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммасы 45 миң сом болду»- дейт профсоюздун Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы Канатбек Кудаяров. 

«Белгилүү болгондой билим берүү тармагында эмгектенип жаткан техникалык кызматкерлердин эмгек акысы азырынча ошол эле бойдон калып 2500 сомдон башталып, 4000 сомго чейин (эмгек стажы ж.б) түзөт. Ошондуктан профсоюздун Борбордук жана областтык комитетинин тапшырмасы жана Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн сунушу менен жардам уюшулду. Жардам алуучулардын тизмеси атайын комиссиянын мүчөлөрү тарабынан сунушталып, такталды. Тизмеге кирбей калган жарандарга жардам берүү үчүн Депутаттардын Сүлүктү шаардык Кенешине жана шаардык штабга кат менен кайрылды. Белгилей кетсем, ушул жагдайда профсоюздун Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы Канатбек Кудаяров алгылыктуу иш жүргүргүздү»- дейт комисиянын мүчөсү Рахат Орозова.     «Профсоюздун Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы Канатбек Кудаяров тарабынан жардам берүү үчүн эң коопсуз ыкма колдонулду. Ал шаардын борборундагы ун жана суу май саткан муниципиалдык базар менен келишим түзүлүп, жардам алгандар ошол жерден тизме боюнча жардамдарын алып кетти. Жардамдын даректүү болгонун К.Кудаяров жеке көзөмөлгө алды»- дейт гимназиянын мугалими Бакытбек Сапаркулов.

Даярдаган:           Барчынай АЛИМОВА

Сүлүктү шаардык Кеңешинин төрагасы К.Исмаилов жардамга кол сунду.

Кыргыз Республикасы боюнча өзгөчө кырдаал шартында,  борбордон эң алыс, облустук маанидеги шаар Сүлүктүдө калкка материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүү иштерин уюштуруп, шаардык Кеңештин төрагасы башка депутаттарга жана ишкерлерге үлгү болууда. 

«Депутаттардын Сүлүктү шаардык Кеңешинин төрагасы Исмаилов Каныбек Арзибекович шаарыбызда болуп жаткан өзгөчө кырдаалга байланыштуу элдин аярлуу катмарына жардам колун сунуп, 50 кап ун жана 50 даана ак май жалпы суммасы 100,0 мин сомдук азык түлүктү шаарыбыздагы жардамга муктаж 50 үй-бүлөгө таратып берди»- дейт кайрымдуулук иштерине күбө болгон, коронавирус ооруусунун алдын алуу жана күрөшүү боюнча Сүлүктү шаардык штабынын мүчөсү Абдували Мусаев. «Шаардык Кеңештин төрагасы Каныбек Исмаилов, өтө колу ачык, Ак Жүрөк инсан экен. Ар дайым жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам колун сунуп келет. Мисалы акыркы үч айдын ичинде эле материалдык жана акчалай болуп, жалпысынан 500 миң сомдой жардам көрсөттү. Мына  бүгүн дагы 100 миң сомдук ун жана майды аялуу үй-бүлөлөргө таркатканына күбө болдум. Мамлекеттик кызматты аркалап, өлкөбүздүн көп аймактарында иштедим, бир да мындай чыныгы мекенчил инсанды көрө элекмин»- дейт Сүлүктү шаардык Социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Увраим Акимбеков. «Каныбек Арзибекович, бир жагынан иш билги, бир жагынан уюштургуч, инсандык бийик сапаты бар, келечектен көптү үмүттөндүргөн, бычакка сап боло турган жигитибиз. Эл алкышына татып шаардык Кеңешке экинчи жолу төрага болуп шайланып, иштеп жатат. Эгемендүүлүк мезгилинен бери облустук маанидеги шаарлардан эки жолку төрага болуп шайланган адистер өтө аз. Керек болсо Жогорку Кеңеште депутат болуп иштегенге билими да тажрыйбасы да, дарамети да жетет. Айта кетсем 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Сүлүктү шаарында салыкты эң көп төлөгөн ишкана да Каныбек Исмаиловго карайт»- дейт Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Байышбек Абдираимов.

Даярдаган:            Барчынай АЛИМОВА.

Сүлүктүдө калктын аялуу катмарына жардам бериле баштады

Сүлүктүдө калктын аялуу катмарына жардам берүү колго алынды. Бул боюнча Сүлүктү шаарынын вице-мэри Марзия Сапаркулова төмөнкүдөй маалымат берди:
Жеке ишкер Байытов Нуридин Жолдошович тарабынан жалпы суммасы 100 миң сомдук азык-түлүк алынып келинип, Сүлүктү шаарынын Бөкөнбаев айылындагы жардамга муктаж 44 үй-бүлөгө 1 каптан 1-сорттогу ун, 5 литрден өсүмдүк майы жана 5 килограммдан макарон акысыз таркатылды. Сүлүктү шаарындагы «Ашимбай» ЖЧКнун директору Кучаров Тыныбек өзүнүн каражатынан шаардагы 15 аз камсыз болгон үй-бүлөнүн ар бирине жардам катары 2000 сомдук азык-тулук жеткирип берди. Сүлүктүдөгү жеке менчик, «Молдо Марип» шахтасынын директору Юнусов Абдираим Марипович тарабынан шаарда катталган «контактный» жарандар менен иштеп жаткан аймактык медайымдарга 100 даана стерилденген колкап (перчатки) таркатылды.          Даярдаган:       Барчынай АЛИМОВА

Сүлүктү шаардык мэриясы элге кайрылуу жасады


Сүлүктү шаарынын вице-мэри Марзия Сапаркулованын билдирүүсү.
«Учурдагы кырдаалга байланыштуу, Сүлүктү шаардык мэриясы коомчулукка төмөнкүдөй кайрылуу жасады:
Урматтуу шаарыбыздын тургундары!
Сүлүктү шаарына чет өлкөлөрдөн жана республиканын башка аймактарынан келген жарандар, өз ыктыяры менен 118 ишеним телефону аркылуу дарыгерлерге кайрылуусу зарыл экендигин күн сайын элге маалымдап турунуздар.
Бул талапты аткарууда ар бир сырттан келген адам өзүнүн жана жакын адамдарынын коопсуздугу үчүн сөзсүз дарыгерлер менен байланышып, өзү жөнүндү маалымат берип, 14 күн үй карантининде болуусу керек»-деп маалымат берди Марзия Сапаркулова.

                               БУЙРУК

19-март 2020-ж. № 63-б Сүлүктү шаары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-мартындагы №146-токтомунун негизинде маданий, спорттук жана башка пландаштырылган эл аралык конференцияларды, семинарларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-январындагы № 30, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-мартындагы № 146-токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 27-6, 2020-жылдын 5- мартындагы № 136-буйруктары, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.Өмүрбекованын катышуусунда өткөрүлгөн кеңешменин 2020-жылдын 31-январынан баштап келген протоколдук тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2020-жылдын 16-мартындагы № 95-6 буйругун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат-жетекчиси министр С.А. Кылжыевдин 2020- жылдын 13-мартындагы № 11-1010-катын аткаруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-мартындагы «Маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизүү жөнүндөгү» № 146-токтомун жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.Өмүрбекованын катышуусунда өткөрүлгөн кеңешменин 2020-жылдын 31-январынан баштап келген протоколдук тапшырмалары жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Кытай Эл Республикасында чыккан коронавирус жугуштуу оорусуна жана анын дуйнө мамлекеттерине жайылышына байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүү убактылуу чектөөлөр киргизилсин.
3. Шаардагы бардык мекеме-уюм, ишканалардын жетекчилерине:
— өздөрү жетектеген мекеменин административдик имаратын дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыз кылуу, кааналарды, калк тейленүүчү жайларды (зал, күтүүчү жай, стол ж.б.) күн сайын дезинфекциялоо, кызматкерлерге оорунун алдын алуу боюнча, массалык иш-чараларга катышуудан жана уюштуруудан убактылуу баш тартуу жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилсин;
— тийешелүү кызматкерлердин чет өлкөлөргө иш сапарларга баруусунан убактылуу баш тартууну жана массалык түргө ээ болгон жыйындарды, ар кандай жолугушууларды, семинарларды өткөрүүнү токтотуу тапшырылсын.
4. Шаардык ОААжМСЭК бөлүмүнүн башчысы М.Искановго жана салык кызматынын башчысы М.Сагинбаевге:
— соода, кызмат көрсөтүү, коомдук тамактануу чөйрөсүндө иштеген жеке ишкерлерге жана менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жактарга коомдук тейленүүчү жерлерди күн сайын дезинфекциялоо жүргүзүү зарыл экендиги жөнүндө түшүндүрүү иштерин күчөтүү милдеттендирилсин.
5. Мэриянын башкы адиси Г.Эрназаровага жана Кош-Булак поселкалык башкармалыгынын башчысы К.Мамутовго:
-шаардагы комдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчылары аркылуу элге массалык иш-чараларды өткөрүугө чектөө койуу жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүу иштерин жүргүзүүнү уюштуруу милдеттендирилсин.
6. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Исмановго, балдардын жатак мектеп- интернатынын директору Р.Джураевага:
Шаардагы бардык орто мектептердин, мектеп-интернатынын кааналарын, ашканаларынын тамак берүүчү жайларын дезинфекциялоо иштерин жүргүз, дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыз кылуу, балдар кол жуучу жайларга зарыл болгон (суу, самын) шарттарды түзүү;
— балдар бакчаларындагы кааналарда, коридорлордо, ажаткана бөлмөлөрүндө дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү, дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыз кылуу, кол жуучу жайларга шарттарды түзүү жагы милдеттендирилсин.
7. Шаардагы калкты тейлөөчү микроавтобустарды дезинфекциялоо жагы Сүлүктү шаардык ОААжМСЭК бөлүмүнүн башчысы М.Искановго жана «Тулпар» ЖЧКнун директору Т.Каюмовго милдеттендирилсин.
8. БатМУ САИнин директору Ы.Төрөевге, педагогикалык колледжинин директору Р.Мадеминовага жана №7 3-кесиптик лицейинин директору А.Абдибахаповго:
— окуу жайдын жатаканасын, окуу кааналарын, ашканаларын дезинфекциалоо, кол жуучу жайларды уюштуруу, зарыл болгон шарттарды түзүп берүү жана студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилсин.
9. Шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору А.Ибрагимовго: Коронавирус инфекциясы көп катталган өлкөлөрдөн келген адамдарды саламаттыкты сактоо министрлигинин иштөө алгоритмине ылайык обсервациялоо жайларын уюштуруу жагы милдеттендирилсин.
10. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Сүлүктү башкармалыгынын башчысы А.Келдибековго:
— жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекемелерге кырдаалга байланыштуу беткап, өздүк гигиенага керек болгон каражаттарды алуу учун зарыл болгон учурда накталай алууга акча каражатын бөлүп берүү;
— шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору А.Ибрагимовдун 2020- жылдын 18-мартындагы №01-2-99-катына ылайык, шаарда 1 жаран коронавирус инфекциясына кооптуу деп катталгандыгына жана коронавирус инфекциясынын шаардын аймагына жайылышына жол бербөө максатында ооруканада көйгөйлүү болгон жетишпеген буюмдарды алуу үчүн 100,0 миң (жүз миң) сом акча каражатын шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнө бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
11. Сүлүктү шаарынын аймагына коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу маселелери жөнүндө макала- маалыматтарды жарыялап туруу жагы «Шахтер Жолу» гезитинин башкы редактору К.Садыковго милдеттендирилсин.
12. Аткарылган иштердин абалы жөнүндөгү маалыматты шаардык штабга күн сайын берип туруу жагы милдеттендирилсин.
13. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сүлүктү шаарынын вице-мэри М.Сапаркуловага жүктөлсүн.
Сүлүктү шаарынын мэри:                    Р. Абдыназаров