Сүлүктүдө калктын аялуу катмарына жардам берүү колго алынды. Бул боюнча Сүлүктү шаарынын вице-мэри Марзия Сапаркулова төмөнкүдөй маалымат берди:
Жеке ишкер Байытов Нуридин Жолдошович тарабынан жалпы суммасы 100 миң сомдук азык-түлүк алынып келинип, Сүлүктү шаарынын Бөкөнбаев айылындагы жардамга муктаж 44 үй-бүлөгө 1 каптан 1-сорттогу ун, 5 литрден өсүмдүк майы жана 5 килограммдан макарон акысыз таркатылды.
Сүлүктү шаарындагы «Ашимбай» ЖЧКнун директору Кучаров Тыныбек өзүнүн каражатынан шаардагы 15 аз камсыз болгон үй-бүлөнүн ар бирине жардам катары 2000 сомдук азык-тулук жеткирип берди.
Сүлүктүдөгү жеке менчик, «Молдо Марип» шахтасынын директору Юнусов Абдираим Марипович тарабынан шаарда катталган «контактный» жарандар менен иштеп жаткан аймактык медайымдарга 100 даана стерилденген колкап (перчатки) таркатылды.
Даярдаган: Барчынай АЛИМОВА
Архив метки: мэрия
Сүлүктүгө Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри иш сапары менен келди
2019-жылдын 7-январь күнү Сүлүктү шаарына, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана Социалдык өнүктүрүү министри Кочкоров Улукбек Тойчубаевич иш сапары менен келди. Иш сапары учурунда Сүлүктүдөгү улгайган жарандардын күндүзгү борборундагы камкордукка алынган жарандар менен жолугушүп, “Бабушка Эдопшн” Коомдук Кайрымдуулук Фондунун Баткендеги Филиалынын ишмердуулугу менен жакындан таанышып кетти. Жолугушуу учурунда “Бабушка Эдопшн” Коомдук кайрымдуулук Фондунун Баткендеги Филиалынын жетекчиси Алмаз Рахманов: «учурда “Бабушка Эдопшн” Коомдук кайрымдуулук Фондунун Баткендеги Филиалы тарабынан Баткен областындагы Баткен, Сүлүктү шаарларынан жана Лейлек районунан жалпы 301 адам жеке демөөрчүлөр тарабынан ай сайын 10 Евро өлчөмүндө акчалай жардам алып келет. Кайрымдуулук Фондунун алдында Баткен жана Сүлүктү шаарында карылардын 2 күндузгү борбору иштеп жатат»- деп маалымат берди.
«2019-жылдан баштап, Сүлүктү шаарындагы күндүзгү борборду өнүктүрүү багытында Кыргыз Республикасынын Эмгек жана Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан жарыяланган мамлекеттик социалдык заказ программасынын алкагында долбоор менен иш жүрүп жатат. Долбоорду “Бабушка Эдопшн” Коомдук Кайрымдуулук Фондунун Баткендеги Филиалы иш жүзүнө ашырууда»- дейт Сүлүктү шаарынын социалдык иштер боюнча вице-мэри Марзия Сапаркулова.
Министр Кочкоров Улукбек Тойчубаевич иш сапары менен болгон жолугушуу соңунда Сүлүктү шаардык мэриясынын жана «Бабушка Эдопшн Кайрымдуулук Фондун тыгыз иш жүргүзүп жаткандыгын баса белгилеп, мындан ары иштерине колдоо көрсөтөрүн билдирди. Даярдаган: Айзада ЭРКИНОВА.