Сүлүктүлүк кенчилердин ийгилик сырлары

Бүгүн 30.12.19 жылы Сүлүктүдөгү эң алдыңкы шахталардын бири болгон «Кызыл-Булак» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, коомдук ишмер Карабаев Исманали Джумабаевич Кыргыз Республикасынын социалдык фондунун №1-күбөлүгү  тастыктаган «Кызматташтыкты бекемдегендиги үчүн» медалы менен сыйланды. Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондунун Сүлүктү шаардык башкармалыгынын начальниги Таштанкулов  Айтали Маматович:»Кызматташтыкты бекемдегендиги үчүн» медаль менен болгондо да №1-болуп Сүлүктүлүк жетекчинин сыйлангандыгы биз үчүн чоң сыймык. Анткени жер астындагы көмүрдү өндүрүп, жүздөгөн шахтерлорду дээрлик 15 жыл ашуун мезгилде жумуш менен, көмүр менен камсыз кылуу өзү чоң эрдик экендиги белгилүү. Өндүрүш ишканаларынын ичинен кирешеси эң аз болгон  көмүр тармагында иштеп туруп социалдык фондго болгон төлөмдөрдү пландан ашык аткарып келүү менен Исманали Карабаев бардык өнөр жайларына үлгү болду десем жаңылбаймын. Медаль менен сыйлоо боюнча Социалдык Фонддун буйругу мурдараак чыкаан болсо да, бүгүн Кызыл-Булак шахтасынын Балаты-2020 майрамында тапшырып, сыйлап жатабыз»- деп маалымат берди. «Пенсиягы чыгып, ардактуу эс алууда болсом да, мен үчүн Кызыл-Булак ЖЧКнун жаңы жылдык аземине чакыруу алганым өзгөчө кубанычтуу болду. Анткени бул ишканада 9 жыл 7 ай иштеп, 53 жашымда пенсияга чыгып, учурда үй-бүлөм менен Лейлек районунун Тогуз-Булак айылында жашап жатамын. Бул ишканада иштеп пенсияга чыккандарды өтө жакшы сыйлайт. Мындан 10 жыл мурда Лейлектен көп кишилер Сүлүктү көмүр кендерине иш издеп келип, шахтер болуп иштегенбиз. Биз жумушка кирген күнү эле, Исманали Джумабаевич кыстап жүрүп, бардык документтерди толук жасаткан эле, ошондо кийин мага ыракмат айтасыңар деп көсөм жетекчи катары алдын ала айткан экен. Көрсө менен менен чогуу келип, башка шахталарга ишке кирген жердештерим пенсияга чыга албай жүрөт. Биз болсо пенсиябыздан тыш үйүбүзгө бир кыштык көмүрүбүздү да жеткирип берип жатат. Жалпы пенсионер шахтерлордун атынан Исманали Карабаевдин өмүрү узун, ден-соолугу чың болсун деп жараткандан суранабыз»- дейт  Ахун Нуров.  «Мен ушул шахтада15 жыл иштеп пенсияга чыктым. Ардактуу эс алууда эс алып жатамын.Кудайга шүгүр эмгек жамаатым ар бир майрамда чакырып, сыйлап төргө өткөрөт.Бүгүн да неберелериме жаңы жылга белектерди берди. Жаш шахтерлорго айтаарым, дарак бир жерде көгөрөт дейт, погрузкасына кызыкпай, айлык көп берген шахтада иштегиле 10 жыл 15 жыл тез эле өтүп кетет, кийин жаш улгайып, күч кубаттан тайганда пенсия да керек болот экен»-дейт участка начальниги болуп ардактуу эс алууга чыккан Миңбай Абдумомунов. «Кенчилерди иштеп жатканда кандай жакшы шарт түзүп берип карасам, пенсияга чыккандан кийин да ошентип караймын деген ой бар. Муну мен жаңы шахта ачканымда эле айткам. Учурда пенсияга чыккандан кийин да иштеген шахтёрлорубуз бар. Аларга жакшы шарт түзүү менен,  тажрыйбасын жаш шахтерлорго үйрөтсүн деген максат бар. Учурдан пайдаланып бардыгыңыздарды жаңы жылыңыздар менен куттуктаймын»-дейт Исманали Карабаев.  Даярдаган:            Бакытбек Сапаркулов

Сүлүктүдөгү гимназияда кош майрам болду

Сүлүктүдөгү №9-гимназияда билим күнү майрамы менен кошо «Исманали Джумабаевич Карабаев» атындагы китеп окуу залынын ачылуу аземи болду. «Учур талабына ылайык баланы окутуунун бир канаты компьютердик технология каражаттары болсо экинчи канаты китеп болуп экөө бирдей иштегенде натыйжалуу болот. Мына дал ушул максатты көздөп алгачкы жолу окурмандар залын түзүүгө жетиштик»- дейт гимназиянын китепканачысы Гулсунай Каракулова. «Өз күчүбүз менен окурмандар залын түзүп, аны эң мыкты китептер менен толуктап иш баштадык. Мисалы бир эле «Гиннес рекорддору» аттуу китепти 3 миң сомго алсак, «Тарыхый энциклопедия» «балдар энциклопедиясы» китептерин 1500 сомдон алдык» дейт мугалим Бактыгүл Абдрасулова. «Эмгек жамаатыбыздын бир добуштан кабыл алынган чечимин шаардык билим берүү бөлүмү менен макулдашкандан кийин Окурмандар залына бир канча орден медалдардын ээси, коомдук ишмер, «Кызыл-Булак» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Карабаев Исманали Джумабевичтин атын ыйгардык. Окуучуларыбыз да ушул кишидей Ак жүрөк инсандардан болсун деп тилек кылдык»- дейт гимназиянын директору Базаргүл Рустамова.«Менин атымды окурмандар залына койгону күтүүсүз болду. Чынын айтсам кандайдыр бир деңгээлде сыймыктануу да болду бирок, чоң жоопкерчилик экени түшүнүктүү. Кудай Буюрса ушундай чоң ишенимге татыктуу болуп Элиме көп кызмат кылып беремин»- дейт Исманали Карабаев.

Даярдаган:     Барчиной Алимова

Кенчилердин кесиптик майрамы белгиленди.

1935-жылы 30-августтан 31-августка караган түнү Россиянын шахталарынын биринде кенчи  Стаханов белгиленген чек 7 тонна болсо, 104 тонна көмүр казып алган. Ошол күндөн баштап мурдагы Советтер Союзу, азыркы КМШ мамлекеттеринин катарында Сүлүктүдө да кенчилердин кесиптик майрамы белгиленип келет. 2019-жылы да шаар боюнча белгиленип жатат.                     (сүрөттө И. Дж. Карабаев)                «Эгемендүүлүк колубузга тийгенден кийин көптөгөн кыйынчылыктарга карабай, өз кенибизди өзүбүз өндүрүп келебиз. Бизде инвестор дагы, шахтер дагы жергиликтүү тургундардан болгондуктан жумуш берүүчү менен жумушчулардын мамилесинде эч кандай келишпестик жок. Кенчилерибизди өтө жакшы карайбыз»- дейт Кызыл-Булак шахтасынын директору, коомдук ишмер Исманали Карабаев.  «Биздин шахта жетекчилерине ыракмат. Шахтаны өз каражаты менен ачканы менен бизге кадимкидей жакшы мамиле кылат. Жетекчибиз Өмүрбек Исмаилов жаш болгону менен мыкты уюштургуч, жөнөкөй. Кесиптик майрамга карата Шаардык Кеңештин Ардак грамотасы жана акчалай сыйлык менен сыйландым. Өзүм иштеген Кара Алтын- Кен шахтасында майрамга карата баалуу белек жана акчалай сыйлык берди»- дейт Асан Салиев.

Даярдаган:     Мусуратилла Исканов

Сүлүктүдө интернационалист жоокерлердин майрамы белгиленди

 15-февраль 2019- жылы Баткен облусунун  Сүлүктү шаарында интернационалист жоокерлердин, Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын  30 жылдыгы белгиленди.   Мааракенин салтанаттуу бөлүгүндө, коомдук ишмер, «Кызыл-Булак» шахтасынын директору Карабаев Исманали Джумабаевич «30 жылдык юбилей» медалы менен сыйланды.  «Чындыгында Исманали Карабаев мындан да жогорку сыйлыкка татыктуу, анкени Сүлүктү шаары боюнча, Ооган жоокерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө эң көп жардам берип келе жатат. Акыркы үч жылда эле 80 тонна көмүр, 73400 сом акчалай жардам берди»- дейт ооган согушунун ардагери, Айдарали Асанбаев.   Даярдаган:       Бакытбек САПАРКУЛОВ

Сүлүктүдө мергенчилер мелдеши болду

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 10.02.2019- жылы мергенчилер жамаатынын турнири болуп өттү.  Турнирдин уюштуруучулары ардагер мергенчилер: Ормошев Ибрагим,  Эргешов Жума. Карабаев Медер болушту. Тунирдин негизги демөөрчүсү Карабаев Лепес Ажы болду.  Тарелка атыш боюнча жана ошондой эле жака ок менен мишен атыш боюнча биринчи орунду Халбеков Абдикарим биринчи орунду алып 4 мин сом акчалай сыйлыкка ээ болду.   экинчи орунду ээлеген Карабаев Абдилла  үчүнчү орунду ээлеген Токтогулов Толкунбек            даярдаган:        Бакытбек САПАРКУЛОВ