Сүлүктү шаардык Кеңешинин төрагасы К.Исмаилов жардамга кол сунду.

Кыргыз Республикасы боюнча өзгөчө кырдаал шартында,  борбордон эң алыс, облустук маанидеги шаар Сүлүктүдө калкка материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүү иштерин уюштуруп, шаардык Кеңештин төрагасы башка депутаттарга жана ишкерлерге үлгү болууда. 

«Депутаттардын Сүлүктү шаардык Кеңешинин төрагасы Исмаилов Каныбек Арзибекович шаарыбызда болуп жаткан өзгөчө кырдаалга байланыштуу элдин аярлуу катмарына жардам колун сунуп, 50 кап ун жана 50 даана ак май жалпы суммасы 100,0 мин сомдук азык түлүктү шаарыбыздагы жардамга муктаж 50 үй-бүлөгө таратып берди»- дейт кайрымдуулук иштерине күбө болгон, коронавирус ооруусунун алдын алуу жана күрөшүү боюнча Сүлүктү шаардык штабынын мүчөсү Абдували Мусаев. «Шаардык Кеңештин төрагасы Каныбек Исмаилов, өтө колу ачык, Ак Жүрөк инсан экен. Ар дайым жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам колун сунуп келет. Мисалы акыркы үч айдын ичинде эле материалдык жана акчалай болуп, жалпысынан 500 миң сомдой жардам көрсөттү. Мына  бүгүн дагы 100 миң сомдук ун жана майды аялуу үй-бүлөлөргө таркатканына күбө болдум. Мамлекеттик кызматты аркалап, өлкөбүздүн көп аймактарында иштедим, бир да мындай чыныгы мекенчил инсанды көрө элекмин»- дейт Сүлүктү шаардык Социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Увраим Акимбеков. «Каныбек Арзибекович, бир жагынан иш билги, бир жагынан уюштургуч, инсандык бийик сапаты бар, келечектен көптү үмүттөндүргөн, бычакка сап боло турган жигитибиз. Эл алкышына татып шаардык Кеңешке экинчи жолу төрага болуп шайланып, иштеп жатат. Эгемендүүлүк мезгилинен бери облустук маанидеги шаарлардан эки жолку төрага болуп шайланган адистер өтө аз. Керек болсо Жогорку Кеңеште депутат болуп иштегенге билими да тажрыйбасы да, дарамети да жетет. Айта кетсем 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Сүлүктү шаарында салыкты эң көп төлөгөн ишкана да Каныбек Исмаиловго карайт»- дейт Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Байышбек Абдираимов.

Даярдаган:            Барчынай АЛИМОВА.

Кенчилердин кесиптик майрамы белгиленди.

1935-жылы 30-августтан 31-августка караган түнү Россиянын шахталарынын биринде кенчи  Стаханов белгиленген чек 7 тонна болсо, 104 тонна көмүр казып алган. Ошол күндөн баштап мурдагы Советтер Союзу, азыркы КМШ мамлекеттеринин катарында Сүлүктүдө да кенчилердин кесиптик майрамы белгиленип келет. 2019-жылы да шаар боюнча белгиленип жатат.                     (сүрөттө И. Дж. Карабаев)                «Эгемендүүлүк колубузга тийгенден кийин көптөгөн кыйынчылыктарга карабай, өз кенибизди өзүбүз өндүрүп келебиз. Бизде инвестор дагы, шахтер дагы жергиликтүү тургундардан болгондуктан жумуш берүүчү менен жумушчулардын мамилесинде эч кандай келишпестик жок. Кенчилерибизди өтө жакшы карайбыз»- дейт Кызыл-Булак шахтасынын директору, коомдук ишмер Исманали Карабаев.  «Биздин шахта жетекчилерине ыракмат. Шахтаны өз каражаты менен ачканы менен бизге кадимкидей жакшы мамиле кылат. Жетекчибиз Өмүрбек Исмаилов жаш болгону менен мыкты уюштургуч, жөнөкөй. Кесиптик майрамга карата Шаардык Кеңештин Ардак грамотасы жана акчалай сыйлык менен сыйландым. Өзүм иштеген Кара Алтын- Кен шахтасында майрамга карата баалуу белек жана акчалай сыйлык берди»- дейт Асан Салиев.

Даярдаган:     Мусуратилла Исканов

Сүлүктүдөгү мугалимдердин август кеңешмеси- жаңы багытка өбөлгө болду.

Сүлүктү шаарында 2019-2020 окуу жылынын башталышын утурлап, мугалимдердин август кеңешмеси болду. Кеңешмеге Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова, шаардын мэри Рахманберди Абдыназаров, шаардык Кеңештин төрагасы Каныбек Исмаилов вице-мэр Марзия Сапаркулова жана башка мекеме ишканалардын жетекчилери баш болуп 400 жакын мугалимдер катышты. Кеңешмени билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдубахап Исманов ачып алып барды.Сүлүктү шаарындагы №9-гимназиянын директору Базаргүл Рустамованын доклады Кеңешмеде талкууга алынып, багыт болгон негизги доклад катары каралды жана докладды шаардын мэри Р. Абдыназаров менен шаардык Кеңештин төрагасы К. Исмаиловдор колдоп ар тараптуу жардам берүүгө даяр экенин билдирди.  Кеңешмеде жыйынтыктоочу сөз сүйлөгөн, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, медицина илимдеринин кандидаты Саттарова Чынара Осмоновна билим берүү тармагындагы фактыларды келтирип, салыштыруу аркылуу анализ жасап, облус боюнча жаңы окуу жылына карата инновациялык багыттарды сунуш кылды. «Мугалимдердин август кеңешмесинде жасалган баяндамалар өтө актуалдуу болуп, Чынара Осмоновнанын сунуштары мугалимдер үчүн 2019-2020 окуу жылы үчүн жаңы багыт болду»- дейт гимназиянын мугалими Бакытбек Сапаркулов.  Даярдаган:     Барчынай АЛИМОВА

Сүлүктүдөгү гимназияга облус жетекчиси жардам берет

Сүлүктү шаары боюнча терең билим берүү очогу болгон гимназиянын лабораторияларын заманбап жабдуулар менен камсыздоо боюнча Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров жакындан жардам бермей болду.  Бул маалымат Облус башчысы Акрам Камбаралиевичтин Сүлүктү шаарына иш сапары менен келген учурунда маалым болду. «Гимназиябыз математика, кыргыз тили жана тарых сыяктуу предметтерден облустук, республикалык денгээлге чыгып байгелүү орундарды системалуу түрдө алып келе жатат. Бирок лабораториялык база жок болгондуктан чоң ийгиликтерди жаратууда кыйынчылык жаралууда. Маселени чечүү үчүн облус башчыбызга кайрылсак жакындан жардам берүүгө убада берди»- дейт АЭМ сабагынан мугалим Бакытбек Сапаркулов.  «Биздин гимназиябызга облус жетекчисинин рангыдагы башчылардан биринчи жолу Мадумаров Акрам Камбаралиевич иш сапары менен келип отурат. Эмгек жолун билим берүү тармагына көңүл бөлүп, агартуу майданына көтөрүү менен иш баштаган облус жетекчибизден чындыгында көптү үмүт кылып калдым»- дейт гимназиянын эмгек сиңирген мугалими Молдоканова Ракыя Мустафановна.  Даярдаган:      Айзада ЭРКИНОВА

Сүлүктүдө да согуш ардагерлери сыйланды.

 Шаардын мэри Р. Абдыназаров жана шаардык Кенештин төрагасы К. Исмаилов, «Кызыл-Булак шахтасынын директору И. Карабаевдер баш болгон жетекчилер биргеликте  Сүлүктү боюнча Улуу ата-мекендик согуштун катышуучусунун үйүнө барып куттуктады.   » 9- майга карата гана Согуш ардагерлеринен кабар алуу, финансылык колдоо сал болуп кагандай көрүнүш. Бирок коомдук ишмер Исманали Карабаев, шаардык Кеңештин төрагасы Каныбек Исмаилов сыяктуу алдынкы жетекчилерибиз жыл бою Согуш  Ардагерлкрине жана Ооган жоокерлерине жардамын аябай келет»- дейт Сүлүктү шаарынын вице-мэри Марзия Сапаркулова. Даярдаган:     Акмарал НУРБАЙ кызы.

Сүлүктү шаардык Кеңешинин төрагасы болуп Каныбек Исмаилов шайланды

Депутаттардын Сүлүктү шаардык Кеңешинин төрагасы болуп Исмаилов Каныбек Арзибеков шайланды.  Депутаттардын бүгүнкү сессиясында жергиликтүү Кеңештин Депутаттарынын ичинен Каныбек Исмаиловдун жана Камал Айтемировдун талапкерлиги көрсөтүлүп, добушка коюлуп, 17 добуш менен Каныбек Арзибекович шайланды. Белгилей кетсек Каныбек Исмаилов буга чейинки чакырылыштагы Кеңештин төрагасы болуп толук иштеген.  

Даярдаган:  Анварбек ТУХТАРОВ