Сүлүктүдөгү гимназия аралыктан окутуу боюнча тажрыйба бөлүшөт

 Окутуу шарты окуучулар үчүн күтүүсүз кыска аралыкта өзгөрүп, билим-тарбия берүү аралыктан жүргүзүлүп жаткандыктан, окуучуларга жана ата-энелерине бир аз ыңгайсыздыктар, моралык-психологиялык көйгөйлөр жаралбай койгон жок. Ушул кырдаалда аралыктан окутууну кыска убакыттын ичинде жакшы жолго койгон, №9-гимназиянын иш тажрыйбасы окурмандарыбызга аз болсо да пайдасы тийиши мүмкүн деген ойдо бөлүшөбүз. Сүлүктү шаарындагы №9-гимназиясынын директору, билим берүүнүн отличниги, Базаргүл Рустамова аралыктан окутуу иштерин кантип жолго койгондугу боюнча кыскача маалымат берди: “Аралыктан окутуу ыкмасын жүргүзүү үчүн, кыска убакыттын ичинде окутуунун жаңы технологиясын иштеп чыгуу керек болду. Бул учурда эң зарыл болгон үч талапты койдук, биринчи талап- бардык окуучулар үчүн жеткиликтүү болгон шартты камсыздоо, башкача айтканда окутууда колдонулуучу техникалык каражаттардын бардык окуучуларга жеткиликтүү болуусу, экинчи талап- аралыктан болсо да мугалим менен окуучунун ортосундагы байланышты үзбөй, конструктивдүү диалогду сактап калуу, үчүнчүдөн- аралыктан тарбиялоого ата-энени түздөн түз катыштыруу. Биринчи багыт боюнча, кыйынчылык болгон жок. Анткени биз 2019-2020- окуу жылында EduPage- электрондук журнал программасын окуу процессибизге киргизип, эксперимент жүргүзүп жатканбыз. EduPage эч кандай кошумча техникалык каражатты, шартты талап кылбаган, WhatsApp- сыяктуу эле программа болгондуктан, аралыктан окутуу башталышы менен тапшырмалар жана кайтарым байланыш системалуу түрдө жүрүп, үзгүлтүк болгон жок. Экинчи талап- мугалим менен окуучунун ортосунда конструктивдүү диалогду түзүү, бул багытта бир аз кыйынчылыктар болду, акырында аны ватсап группа аркылуу чечтик. Ар бир класс жетекчи, классынын WhatsApp- группаларын түзүп, группаларга сабак берген мугалимдерди да кошту. Мисалы: “7-б класс, алгебра-геометрия”- группасы деп эки сабактан бир группа түзүлүп, группада окуучулар, класс жетекчи жана предметтик мугалим гана болот. Үчүнчү талап- аралыктан тарбиялоо иштерине ата-энелерди түздөн түз катыштырууга жетишүү. Бул багытта көп жылдардан бери новатор мугалим, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминовдун “Энелер мектеби” программасын колдонуп, ата-энелер менен тыгыз иш жүргүзүп келген тажрыйбабызга таяндык. Ошондой эле кээ бир маселени чечүүдө, ата-энелер комитетинин мүчөлөрү аркылуу да иш жүргүзүп келебиз»- дейт Базаргүл Рустамова Аралыктан окутуу шартында гимназиянын өнүгүүсүнүн үч багытын иштеп чыктык:
1-багыт: Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде аралыктан окутуу процессинде колдонулуп жаткан окутуунун технологияларын, программаларды жана каражаттарды анализ кылуу, алардын артыкчылыктарын жана кемчиликтерин аныктоо, зарыл болгон учурда өзүбүздүн шартка ынгайланыштыруу- бул багыт боюнча педагогика багытында илим изилдеп жаткан мугалимдерибиз иш жүргүзүүдө. 2-багыт: аралыктан өтүлүп жаткан сабактардын жүрүүсүн көзөмөлдөө, натыйжасын анализдөө жана билим сапатын жогорулатуу боюнча жаны сунуштарды иштеп чыгуу- бул боюнча окуу бөлүмүнүн башчысы, предметтик мугалимдер иш жүргүзүүдө.
3-багыт:  «окуучулардын моралдык-психологиялык абалына көз салып туруу, тарбиялык иштерди жүргүзүү, кыйналган окуучуларга жана ата-энерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү- бул багытта соц. педагог жана класс жетекчилер иш жүргүзүүдө»- деп гимназиянын директору Б. Рустамова тажрыйба бөлүштү. «Педагогика» багытында аспирантурада окуп, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп жаткан, гимназиянын мугалими Бакытбек Сапаркулов төмөнкүдөй маалымат берди: “Жалпы орто билим-берүүнүн педагогикалык тажрыйбасында буга чейин аралыктан окутуу ыкмасы колдонулбагандыктан, биздин гимназиябызда мугалимдердин билимине, тажрыйбасына таянып, кыска убакыттын ичинде, аралыктан окутуунун айыл шартына ынгайланышкан, жөнөкөй, эң негизгиси бардык окуучулар үчүн жеткиликтүү болгон ыкмаларын иштеп чыгып бир эле учурда эксперимент кылып, бир эле учурда иш жүзүнө ашырып жатабыз.
Коомдо кандай гана өзгөрүү болбосун, ал биринчи кезекте мугалимдер үчүн сыноо болот. Азыркы шартта да мугалимдер үчүн чон сыноо болууда. Мен өзүм педагогика илимдеринин доктору, профессор Жанкороз Каниметовдун  “Билим берүүнү демократиялаштыруу” боюнча илимий эмгектерин жана педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминовдун “Акыл эмгегинин маданияты” эскперименталдык тажрыйбадан өткөн эмгектерин негиз кылып, Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде аралыктан окутуу процессинде колдонулуп жаткан окутуунун технологияларын, компьютердик программаларды жана окутуудагы техникалык каражаттарды анализ кылуу, алардын артыкчылыктарын жана кемчиликтерин аныктоо, зарыл болгон учурда өзүбүздүн шартка ынгайланыштыруу боюнча, профессор Жангороз Каниметовдун илимий жетекчилиги менен жана Гапыр Мадаминовдун жетекчилиги менен иш жүргүзүп жатамын”- дейт Бакытбек Сапаркулов.                                         Даярдаган:          Айзада ЭРКИНОВА

Сүлүктүдө гимназисттер тажрыйба бөлүштү.

Сүлүктү шаарындагы №9-мектеп гимназиясында  11-класста окуп жаткан Нургүл Халжигитова менен Кызжибек Саматовалар «НОВА» билим берүү мекемесинде окуп, тажрыйба арттырып келгенден кийин мастер-класс өтүп берди. Бул иш чарада жалпы Сүлүктү шаары боюнча мектептерден бүтүрүүчү класстарынын окуучуларынын ичинен тандалып алынган  окуучулар жана аларды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдаган мугалимдери болуп 36 катышуучу өтө пайдалуу маалымат алды. Белгилей кетсек Нургүл Халжигитова биологиядан облустук олимпиаданын, математикадан Эл аралык олимпиаданын катышуучусу, Саматова Кызжибек математикадан Эл аралык олимпиадада  гран-прини утуп алган чыгаан окуучулар.  Жыйынды ачып, баштап берген, гимназиянын директору Базаргүл Рустамова «Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдубахап Исмановдун демилгеси менен шаар боюнча тандалып алынган окуучулар үчүн мастер-класстарды баштап жатабыз. Мындай окууларды жыл бою, системалуу өткөрүп турабыз»- деп маалымат берди. Окуу соңунда №7-орто мектебинин 11-классынын окуучусу Асель Исабаева «биз үчүн өтө пайдалуу болду, мүмкүн болсо ар жума сайын өтүп бериңиздер» деп сунуш берди. Мастер-класстын эң активдүү катышуучусу деп 7-а классынын гимназисти Айдаралиева Максатай табылды. «Алгачкы жолу шаардык деңгээлде мастер-класс өтүп жатабыз, ошондуктан бизди акыл эмгегинин маданияты сабагы боюнча мугалимибиз Бакыт Сапаркулов координациялап турду, катышуучулар активдүү катышты»- дейт Нургүл Халжигитова.

Даярдаган:     Барчиной АЛИМОВА.

Сүлүктүлүк гимназисттер өз ара жардамдашуу акциясын баштады

Сүлүктүдөгү Н. Кушматов атындагы гимназиянын жогорку класстарынын ортосунда өз ара жардамдашуу иштери жолго коюлду. «Сабактан кийин китеп окуу, сабакка даярдануу жана дебат искусствосу жөнүндө билимибизди жана тажрыйбабызды өзүбүздөн кичине класстарга бөлүшүүнү чечтик. Аларга түшүндүрүү менен бирге өзүбүз билимибизди бышыктап алат экенбиз»- дейт 11- класстын гимназисти Канайым Абдигапарова. «Жогорку класстын окуучулары сабак өтүп берсе кызыктуу болот экен. Суроолорубузду эркин берип, өзүбүзгө жеткиликтүү жооп ала алдык. Анын үстүнө бизге жардамга келген ага-эжелерибиз бардык өз предметтери боюнча облустук, республикалык деңгээлдеги олимпиаданын жеңүүчүлөрү. Сабак окуунун  жөнөкөй жолдорун үйрөттү. Ар жүма ушундай сабактар болсо жакшы болот эле»- дейт 8-класстын гимназисти Бегайым Хамдамова. Даярдаган:     Нургүл ХАЛЖИГИТОВА

Сүлүктүгө Г.Мадаминовдун жаңы китептери келди

 «Көптөгөн окурмандардын суранычынан улам Гапыр Мадаминовдун жаңыдан басмадан чыгып али сыясы кургай элек китептеринен Сүлүктүгө да келди. Агайдын китептерин жалпы Кыргызстан түп көтөрө окуй баштагандыктан бизге чектелүү эле санда бөлүндү»- дейт Гапыр Мадаминовдун Сүлүктү шаарындагы шакирти Бакытбек Сапаркулов.  «Агайдын мугалимдер, студенттер, окуучулар үчүн арналган Акыл эмгегинин маданияты китеби: -эффективдуу билим алууну -өз алдынча өнүгүүнү-убакытты туура пайдаланууну -чет тилдерди өз алдынча өздөштүрүүнү -билимдерди системага салууну -экзамен, зачет, ОРТ, олимпиадага даярданууну -ойлоо жөндөмүн өстүрүүнү -чет өлкөдө билим алуу сырларын үйрөнүүнү каалаган студенттин, окуучунун  китеп текчесинде сөзсүз бар болушу керек болгон «MUST HAVE»  китеп. Бул китеп 20 жылдан ашык педагогикалык тажрыйбасы бар, ушул китептеги методика менен окуган окуучулары Америка, Малайзия, Германия, Кытай өлкөлөрүндө , өзүбүздүн ЖОЖдордо бюджетте окуп жаткан, Кыргыз элине эмгек синирген мугалим, педагогика илимдеринин кандидаты- Гапыр Мадаминов тарабынан 11- жолу!!! толуктоолор менен басмадан чыгып жатат. Бир эле окумуштуунун китеби окурмандардын суроо талабы менен он бир жолу басмадан чыккандыгы дүйнөдө өтө сейрек көрүнүш. Бизде эмне жакшы жетишкендиктер болгон болсо дал ушул Акыл эмгегинин маданияты, ата энелер сиздер үчүн жана ой Өрүшү кругозор китептери себептүү болгон»- дейт Сүлүктүдөгү №9-гимназиянын директору Базаргүл Рустамова.    «Балдарды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдап жатканда окуу түшүнүү боюнча кыйынчылык болсо Гапыр Мадаминовдун Ой өрүшү кругозор китебин колдонуу өтө пайдалуу. Жалаң эле окуучулар эмес жалпы акыл эмгеги менен иштегендер үчүн да зарыл»- дейт гимназиянын кыргыз тили жана адабияты мугалими, билим берүүнүн мыктысы Дилара Шералиева.  «Китеп алууну каалагандар гимназиянын китепканачысы Гүлсүн Каракуловадан же 0772-98-88-10 (тел жана ватсап) аркылуу кошумча маалымат алса болот»- дейт Бакытбек Сапаркулов.

Даярдаган:     Айзада ЭРКИНОВА

Сүлүктү: гимназиянын мугалимдери ишембиликке чыкты

 21-сентябрь бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Сүлүктүдөгү гимназиянын директору баш болуп ишембиликке чыкты. «Биз гимназия билимден эле эмес тарбиянан да үлгү болушубуз керек деп директорубуз Базаргүл Рустамова өзү чыгып иш баштаганда бардык мугалимдер иш баштады. Окуучуларга да үлгү болду окшойт 2-3 саатта бүтүрөбүз деген жумуштарды  бир жарым саатта бүтүрүп койдук»- дейт информатика мугалими Чынара Токонова.  Даярдаган:      Бакытбек Сапаркулов

Сүлүктүлүк үч гимназист ЮНИСЕФке волонтер болду

 Сүлүктүдөгү 9-гимназиянын 11-классында окуп жаткан гимназисттер: Халжигитова Нургүл, Самадова Кызжибек жана Абдигапарова Канайым атайын тандоодон өтөндөн кийин ЮНИСЕФке волонтёр болуп катталды. «Волонтёр болуу үчүн эки этаптан туоған тандоодон өттүк. Биринчи этабында анкета жана эмне үчүн волонтёр болууну калагандыгыбызды билдирген өтүнмө жөнөткөнбүз. Экинчи этабында аңгемелешүү болду. Тандоодон өткөндөр Бишкек шаарында эки күндүк курстан өттүк. Мындан ары да окуулар болуп турат»- дейт волонтёр Нургүл Халжигитова.  «ЮНИСЕФке волонтёр болуу үчүн өтүнмө берип, конкурста катышуучу өтө көп болду. Тандоодон ийгиликтүү өтүүбүздүң себеби биздин гимназияда сабактан кийин коомдук уюмдар менен да иштешип келебиз. Мисалы 10-класстан бери Тынчтык демилгелери фондунун дебат клубуна катышабыз.Топтун башчысы, классташым Нургүл Халжигитова. Топту Бакытбек Сапаркулов агайыбыз түзүп жетектеп келет»- дейт волонтёр Кызжибек Самадова. «Мен 9-классымдан баштап Кошбулак жамааттык мультимедия борборунда волонтёрдук негизде кабарчы болуп иштеп келемин. Сабактан бош болгонумда кабар жазамын, аны агайым Бакытбек Сапаркулов редакциялап, сайтка жайгаштырат. Жамааттык кабарчы катары бир нече жолу тренингдерге катышып, сертификат алууга жетишкенмин. Ыссык-Көлдө өткөрүлгөн жаматтык кабарчылардын курсуна да катышып билим алганмын»- дейт Канайым Абдигапарова.

Даярдаган:         Мусуратилла ИСКАНОВ

Сүлүктүдөгү гимназияда кош майрам болду

Сүлүктүдөгү №9-гимназияда билим күнү майрамы менен кошо «Исманали Джумабаевич Карабаев» атындагы китеп окуу залынын ачылуу аземи болду. «Учур талабына ылайык баланы окутуунун бир канаты компьютердик технология каражаттары болсо экинчи канаты китеп болуп экөө бирдей иштегенде натыйжалуу болот. Мына дал ушул максатты көздөп алгачкы жолу окурмандар залын түзүүгө жетиштик»- дейт гимназиянын китепканачысы Гулсунай Каракулова. «Өз күчүбүз менен окурмандар залын түзүп, аны эң мыкты китептер менен толуктап иш баштадык. Мисалы бир эле «Гиннес рекорддору» аттуу китепти 3 миң сомго алсак, «Тарыхый энциклопедия» «балдар энциклопедиясы» китептерин 1500 сомдон алдык» дейт мугалим Бактыгүл Абдрасулова. «Эмгек жамаатыбыздын бир добуштан кабыл алынган чечимин шаардык билим берүү бөлүмү менен макулдашкандан кийин Окурмандар залына бир канча орден медалдардын ээси, коомдук ишмер, «Кызыл-Булак» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Карабаев Исманали Джумабевичтин атын ыйгардык. Окуучуларыбыз да ушул кишидей Ак жүрөк инсандардан болсун деп тилек кылдык»- дейт гимназиянын директору Базаргүл Рустамова.«Менин атымды окурмандар залына койгону күтүүсүз болду. Чынын айтсам кандайдыр бир деңгээлде сыймыктануу да болду бирок, чоң жоопкерчилик экени түшүнүктүү. Кудай Буюрса ушундай чоң ишенимге татыктуу болуп Элиме көп кызмат кылып беремин»- дейт Исманали Карабаев.

Даярдаган:     Барчиной Алимова

Стереотип. Сүлүктүдө болгон окуя.

  Сүлүктүдө болгон окуя жөнүндө социалдык тармактардан алынган маалымат өзгөртүүсүз берилди.          Шаарга бет алардан бир нече күн мурун тиш доктурга кайрылгам. Кезек күткөнчө 1-2 саат  убакыт бар… Аны куру кетирбей өзүм менен китеп ала келгем. Кезек келди, кирдим. Врачтын биринчи берген суроосу мени таң калтырды:                                              -Гимназияда окуйсуңбу?                                      -Ооба, гимназияны аяктадым.                          — Гимназиянын окуучулары гана кезек күткөнчө китеп окуп отурушат…           Мына… Аябай сыймыктандым! Жакшы бир адат аркылуу өзүбүздү гана өнүктүрбөй, элге үлгү болуп, эң сонун стреотипти пайда кылыптырбыз… Демек, ар дайым ар бирибиз китеп окуу аркылуу мектебибизди гана эмес, өлкөбүздү өргө сүрөп, башка мамлекетке барганда «Кыргызстандыксынбы, кыргыздын элдери дайыма китеп кармап жүрүшөт…» деген стреотипти жаратууга күчүбүз жетет!               Жогорудагы маалыматты гимназиянын мугалими, Билим берүүнүн мыктысы- Дилара Шералиевага окуучулары айтып берген.         Даярдаган:     Бакытбек САПАРКУЛОВ

Сүлүктүдөгү мугалимдердин август кеңешмеси- жаңы багытка өбөлгө болду.

Сүлүктү шаарында 2019-2020 окуу жылынын башталышын утурлап, мугалимдердин август кеңешмеси болду. Кеңешмеге Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова, шаардын мэри Рахманберди Абдыназаров, шаардык Кеңештин төрагасы Каныбек Исмаилов вице-мэр Марзия Сапаркулова жана башка мекеме ишканалардын жетекчилери баш болуп 400 жакын мугалимдер катышты. Кеңешмени билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдубахап Исманов ачып алып барды.Сүлүктү шаарындагы №9-гимназиянын директору Базаргүл Рустамованын доклады Кеңешмеде талкууга алынып, багыт болгон негизги доклад катары каралды жана докладды шаардын мэри Р. Абдыназаров менен шаардык Кеңештин төрагасы К. Исмаиловдор колдоп ар тараптуу жардам берүүгө даяр экенин билдирди.  Кеңешмеде жыйынтыктоочу сөз сүйлөгөн, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, медицина илимдеринин кандидаты Саттарова Чынара Осмоновна билим берүү тармагындагы фактыларды келтирип, салыштыруу аркылуу анализ жасап, облус боюнча жаңы окуу жылына карата инновациялык багыттарды сунуш кылды. «Мугалимдердин август кеңешмесинде жасалган баяндамалар өтө актуалдуу болуп, Чынара Осмоновнанын сунуштары мугалимдер үчүн 2019-2020 окуу жылы үчүн жаңы багыт болду»- дейт гимназиянын мугалими Бакытбек Сапаркулов.  Даярдаган:     Барчынай АЛИМОВА

Сүлүктүдөгү гимназия жаңы окуу жылына кабыл алууну улантат

Сүлүктү шаарындагы №9-мектеп гимназиясы 2019-2020 окуу жылына окуучуларды 1-класска кабыл алууну улантат.  Бул боюнча аталган окуу жайынын директору Рустамова Базаргүл Саттаровна: «Окуучуларды 1-класска кабыл алуу 10-августтан 30-августка чейин жүрөт. Кабыл алууну педагогикалык комиссия аңгемелешүү аркылуу өткөрөт. Сүлүктү шаары боюнча бардык ата-энелер балдарын алып келип, катыша алат»- деп маалымат берди. Окурмандарыбыз үчүн гимназиянын жетишкендиктерин таблица түрүндө беребиз:  Белгилей кетсек быйыл гимназияны Эркинова Айзада 223 балл менен бүтүрүп Алтын Сертификатка ээ болсо, Калмурзаева Бактыгүл 206 балл алган. Жалпысынан 14 окуучу бүтүрүп бардыгы негизги тесттен дагы кошумча тесттерден дагы босого баллынан жогору баллга жетишкен

Даярдаган:    Канайым АБДИГАПАРОВА