Сүлүктүдө жаш мугалимдер мектебинин жалпы жыйыны болду

Сүлүктү шаары боюнча бардык мектептердин жана балдар чыгармачылык борборунун жаш мугалимдери болуп жалпысынан 47 педагог катышкан жыйын өттү. Жыйынды шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдибахап Исманов ачып алып барды.   «Быйылкы окуу жылында жаш мугалимдер мектеби ишмердүүлүгүн күчөттү. Аз убакыттын ичинде жалпы жыйынга чогулууга жетише алды. Жаш мугалимдер мектебине Бакытбек Сапаркуловдун жетекчи болуусу алгачкы натыйжаларын бере баштады»- дейт билим берүү бөлүмүнүн усулкаана башчысы Темиржан Каюмова. «Жаш мугалимдер мектебинин ишин үюштурууда чыгаан педагог Гапыр Мадаминовдун «Устаттык Өнөрү» китебин жана китептеги жаш мугалимдердин чеберчилигин өстүрүү мектеби боюнча түзүлгөн программаны негиз кылып алдык. Жыйында жаш мугалимдер мектебинин максатын: идеалдуу мугалим болуу, милдеттерин аныктап алдык.»- дейт Бакытбек Сапаркулов.

Даярдаган:   Барчиной АЛИМОВА

Сүлүктүдөгү жаш мугалимдер мектеби жаңы багыт алды

 Сүлүктү шаарындагы жаш мугалимдер мектеби өз ишмердүүлүгүн өркүндөтүүдө жаңы багыт алды. «Жаш мугалимдерге усулдук кеңеш берүү максатында түзүлгөн жаш мугалимдер мектебинин эффективдүүлүгүн көтөрүү максатында билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдибахап Исмановдун жетекчилиги менен жаңы багыттагы иш планын иштеп чыктык. Биринчиден Гапыр Мадаминовдун 2019-жылы толуктоолор менен басылып чыккан Устаттык Өнөрү китебин, бул китепте берилген иш планды негиз кылып алдык.Экинчиден жетекчилик тажрыйбасы бар, гимназиянын мугалими Бакытбек Сапаркуловду жаш мугалимдер мектебинин ишин уюштуруп алып барууга координатор кылып дайындадык.»- дейт усулкаананын башчысы Темиржан Каюмова.  «Жаш мугалимдер мектебинин ишин өркүндөтүү боюнча алгачкы кадамды. Сүлүктүдөгү №3-мектептен баштаганыбыздын себеби Гапыр Мадаминов өзү ушул мектептен билим алып, ушул мектепте эмгек жолун баштаган. Биз күткөндөй эле жалпы эмгек жамаатынан активдүү колдоо болуп, алгачкы кадамыбыз ийгиликтүү болду.Жаш мугалимдерге усулдук жардам көрсөтүү иштери бардык мектептерде жүргүзүлөт»- дейт Бакытбек Сапаркулов.    Даярдаган:       Барчиной АЛИМОВА

Сүлүктүгө Г.Мадаминовдун жаңы китептери келди

 «Көптөгөн окурмандардын суранычынан улам Гапыр Мадаминовдун жаңыдан басмадан чыгып али сыясы кургай элек китептеринен Сүлүктүгө да келди. Агайдын китептерин жалпы Кыргызстан түп көтөрө окуй баштагандыктан бизге чектелүү эле санда бөлүндү»- дейт Гапыр Мадаминовдун Сүлүктү шаарындагы шакирти Бакытбек Сапаркулов.  «Агайдын мугалимдер, студенттер, окуучулар үчүн арналган Акыл эмгегинин маданияты китеби: -эффективдуу билим алууну -өз алдынча өнүгүүнү-убакытты туура пайдаланууну -чет тилдерди өз алдынча өздөштүрүүнү -билимдерди системага салууну -экзамен, зачет, ОРТ, олимпиадага даярданууну -ойлоо жөндөмүн өстүрүүнү -чет өлкөдө билим алуу сырларын үйрөнүүнү каалаган студенттин, окуучунун  китеп текчесинде сөзсүз бар болушу керек болгон «MUST HAVE»  китеп. Бул китеп 20 жылдан ашык педагогикалык тажрыйбасы бар, ушул китептеги методика менен окуган окуучулары Америка, Малайзия, Германия, Кытай өлкөлөрүндө , өзүбүздүн ЖОЖдордо бюджетте окуп жаткан, Кыргыз элине эмгек синирген мугалим, педагогика илимдеринин кандидаты- Гапыр Мадаминов тарабынан 11- жолу!!! толуктоолор менен басмадан чыгып жатат. Бир эле окумуштуунун китеби окурмандардын суроо талабы менен он бир жолу басмадан чыккандыгы дүйнөдө өтө сейрек көрүнүш. Бизде эмне жакшы жетишкендиктер болгон болсо дал ушул Акыл эмгегинин маданияты, ата энелер сиздер үчүн жана ой Өрүшү кругозор китептери себептүү болгон»- дейт Сүлүктүдөгү №9-гимназиянын директору Базаргүл Рустамова.    «Балдарды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдап жатканда окуу түшүнүү боюнча кыйынчылык болсо Гапыр Мадаминовдун Ой өрүшү кругозор китебин колдонуу өтө пайдалуу. Жалаң эле окуучулар эмес жалпы акыл эмгеги менен иштегендер үчүн да зарыл»- дейт гимназиянын кыргыз тили жана адабияты мугалими, билим берүүнүн мыктысы Дилара Шералиева.  «Китеп алууну каалагандар гимназиянын китепканачысы Гүлсүн Каракуловадан же 0772-98-88-10 (тел жана ватсап) аркылуу кошумча маалымат алса болот»- дейт Бакытбек Сапаркулов.

Даярдаган:     Айзада ЭРКИНОВА

Гапыр Мадаминов Сүлүктүгө билим шамын жакты.

 «Бүгүн Сүлүктү шаарында билим майрамы болду десек болот. Анткени новатор, педагогика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов келип, окуучуларга, мугалимдерге жана ата-энелерге сабак өтүп берди. Иш чара саат 9:00 дөн баштап 17:30 га чейин Сүлүктүдөгү  №5-мектепте болуп өттү»- дейт аталган мектептин директору Хажихужа Чалбобоев. «Гапыр Мадаминовдун келип окуу өткөрүүсү  билим менен тарбияны айкалыштыруу жаатындагылар үчун караңгыда Шам чырак сыяктуу эле. Аба-менен суудай керек. Көп жыл мектеп директору болуп иштегениме карабастан көп нерсени алдым. Жаш энелердин арасынан ушунчалык таасирленгенинен улам көзүнө жаш алып, ыйлагандары болду»- дейт ардагер мугалим Ойсара Худайназарова.  «Бул окуу менен чектелбестен Агай жетектеген Лейлектеги  №3-гимназиясына барып үйрөнүүнү максат кылдык. Ушунча алыстан келип Эл аралык деңгээлде сабак өтүп берген Гапыр Мадаминовго, уюштуруп берген Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдибахап Исмановдорго чоң ыракмат»- дейт  информатика мугалими Эргешали Турсунбаев.  Даярдаган:   Барчиной АЛИМОВА

Элеттик жаштар англис тилин новатордук ыкмада ватсап аркылуу үйрөнүүдө

 Региондордогу жаштар  Гапыр Мадаминовдун «Акыл эмгегинин маданияты» китебин колдонуу менен иштелип чыккан,  заманбап ыкмада англис тилин ватсап аркылуу үйрөнүүдө. Бул ыкманын автору  Гүлсара Мадаминова. ; «Англис тилин үйрөтүү программасын Гапыр Мадаминовдун жетекчилигинде иштеп чыгып ийгиликке жетиштим. Курста кыска убакыттын ичинде окуган окуучуларымдын алды АУЦАда, Ала-Тоо Эл аралык университеттеринде билим алып жатышат. Акыркы мезгилде региондордогу жаштардан каалоочулар өтө көп болгондуктан ватсап аркылуу үйрөтүү ыкмасын иштеп чыктым. Буюрса жакшы натыйжа берет деп айта аламын»- дейт Гүлсара Мадаминова.    «Гүлсара эжеден англис тилин үйрөнгөнүмө аз эле убакыт болгонуна карабастан эркин сүйлөй баштадым. АУЦАга бюджеттик негизде студент болгонума да ушул себепчи болду»-болду дейт Айзада Эркинова. «Бишкектеги салттуу болуп калган ыкма менен окуткан көп эле курска барып жүрдүм. Качан гана досторумдун сунушу менен Гүлсара Мадаминовада окуй баштаганымда үйрөнүп жаткан билимиме өзүм канааттана баштадым. Бул курс мага окшогон региондордогу жаштарга өтө пайдалуу экен»- дейт кыргыз тили боюнча республикалык деңгээлдеги олимпиададан 2-орунду алган, Сүлүктүдөгү 9-гимназиянын гимназисти Канайым Абдигапарова.

Даярдаган:    Бакытбек САПАРКУЛОВ

 

Сүлүктү боюнча алгачкы Алтын Сертификат ээси- Айзада Эркинова

Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы социалдык тармактарга официалдуу түрдө 2019-жылдын Жалпы Республикалык Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Алтын Сертификатка жетишкен окуучулардын тизмесин жарыялады. 

Маалыматтарга ылайык Сүлүктү шаарынын тарыхында алгачкы жолу 223 балл менен Алтын Сертификатка жетишкен Эркинова Айзада Бакытбековна болду.  Айзада Эркинова 2018/2019- окуу жылында Сүлүктү шаарындагы №9-мектеп гимназиясынын бүтүрүүчүсү. Белгилей кетсек Айзада 1-класстан баштап 11 класска чейин толук мектеп-гимназияда окуган эксперимент класстын алгачкы бүтүрүүчүсү. Биринчи мугалими Халова Чынара. Кыргыз тили мугалими Шералиева Диляра, математика мугалими Айтемирова Бууниса, физика мугалими Абдрасулова Бактыгүл, тарых жана олимпиадага даярдаган мугалими Мовлянова Гүлжан, биология мугалими- Джапарова Назира, класс жетекчиси Токонова Чынара, АЧД, АЭМ мугалими жана атасы Сапаркулов Бакытбек, химия мугалими- гимназиянын директору Рустамова Базаргүл Саттаровна. Базаргүл Рустамова көсөм жетекчи катары көптөгөн изилдөөлөрдөн кийин мындан 10 жыл мурда эле Гапыр Мадаминовдун акыл эмгегинин маданияты, энелер мектеби жана инсан таануу сабактарын киргизген. Айта кетсек Айзаданын ийгилигине Гапыр Мадаминовдун жеке өзүнүн жана илимий эмгектеринин салымы да өтө чоң. Андан сырткары Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Саттарова Чынара Осмоновна, Сүлүктү билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исманов Абдибахап Жалиловичтер да Эл аралык олимпиадаларга катышып келген учурда ар тараптуу колдоосун көрсөтүп келет.  Даярдаган    Канайым Абдигапарова

Билим берүү Академиясынын Президенти- Баткен облусунун мугалимдерине кайрылуу жолдоду.

2019-жылдын 8—июнь күнү Баткен облусундагы Гапыр Мадамииновдун №3-эксперименталдык гимназиясында болгон мугалимдердин облустук семинары Кыргыз билим берүү Академиясынын Президенти- Алмазбек Токтомаметовдун видео-куттуктоосу менен башталды.  Алмазбек Даткабекович Лейлек районунун №3-гимназиясында өтүп жаткан, жогорку, орто окуу жайларынан жана мектептерден келген 50 ашык мугалимдерди видео-байланыш аркылуу куттуктап жатып  кайрылды: «Бүгүкү күндө акчанын же башка таасирлерден улам кээ бир кишилердин жогорку кызматтарга барып калышы,  балдардын билим алуусуна терс таасирин тийгизип жатат. Баланын жөндөмүн өнүктүргөн креативдүү мектептер деген китептин автору Кен Робинсон азыркы билим берүү системасы өндүрүштү индустриалдаштыруу мезгилинде чыккан, бул системада станок менен тетиктерди чыгарып, баарын бирдей окшош кылып жасаган, кичинекей эле өзгөрүп же жылып кетсе ал тетиктерди жараксыз кылып, «брак» деп чыгарып салган. Ошол психология менен биз бүгүн балдарга да мектептерге да бирдей талап коюп келебиз дейт. Бул кырдаалдан- айрым бир креативдүү мектептер жаныча ыкмалар менен, жаныча көз караштар менен балдарга өзгөчө мамиле кылуу аркылуу чыгып кеткен. Бүгүнкү Гапыр Мадаминовдун №3-гимназиясынын жасап жаткан ишин Кен Робинсон келтирген мыкты мектептердин мисалына  коет элем. Урматтуу мугалимдер, Сиздердин бүгүнкү жасап жаткан иштериңиздер бул бир эле мектептин ийгилиги эмес бара-бара жалпы Кыргызстандын, башка мамлекеттердин да ийгилиги болот деп ишенем, анкени жаңыча көз караш, чыгармачылык көз караш ийгиликке алып келет. Гапыр Мадаминовдун   ийгилигинин  жалпы Кыргызстанга жайылуусуна дайыма тилектешмин»- дейт билим берүү академиясынын жетекчиси.          Белгилей кетсек бул семинарга Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары-медицина илимдеринин кандидаты Чынара Саттарова баш болуп, Кадамжай, Баткен, Лейлек райондорунда жана Баткен, Сүлүктү шаарларында чыгармачылык менен изденип эмгектенген мугалимдер катышты

 Даярдаган:      Бакытбек САПАРКУЛОВ

Г. Мадаминовдун эмгектери — Кыргыз педагогикасынын жаңы багыты

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда өткөрүлгөн педагогика жаатындагы Х Эл аралык илимий-практикалык  Симпозиумда доклад жасап келген сүлүктүлүк Бакытбек Сапаркулов агай менен маектешкенибизде, «Гапыр Мадаминовдун педагогикалык практиканын негизинде жазылган, эксперименттен өткөн илимий эмгеги- мамлекетибиздин мектептеринде, атайын жана жогорку окуу жайларында, жалпы эле педагогика тармагында окутуунун заманбап усулу катары кеңири колдонулуп жаткандыгы, анын негизинде Бишкек, Ош шаарларынан жана бардык облустардан келген симпозиумдун доклачыларынын арасынан, Мадаминовдун теориясынын негизинде  макалалардын жазылганына караганда кыргыз педагогикасынын жаңы багыты болду окшойт»- дейт. Мисал катары: Нарын мамлекеттик университетинен О. С. Асанбекова, К. Кыркаяковалар, Ысык-Көлдөн С.З Шорукова, Жалалабад облусунан Д. Б. Молдошбаева, Г. А. Абдыкадырова, Т. Ж. Мадимаровдор, Баткен облусунан Курсанали кызы Анара, К. Д Якубовалар макалаларында педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминовдун илимий эмгектерин негиз кылган. Симпозиумдун пленардык бөлүгүндө Г. Мадаминовдун жасаган докладынан соң 300 ашуун катышуучу дээрлик 5 минута кол чаап колдоп турушу- мугалимдердин таазими, сый урматы катары бааланды. Жыйынтыктап айтарым- Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалим Гапыр Маматкуловичтин зоналдык бириккен методикалык иштелмелер системасынан эксперименттен өткөн илимий эмгектери кыргыз педагогикасынын учур талабына жооп берип, келечекке багыт берген илимий-педагогикалык эмгек болду»- дейт маектешибиз Бакытбек Сапаркулов.

      Голос 001
      Голос 002

Даярдаган:       Айзада ЭРКИНОВА

Сүлүктүлүк мугалим- Эл аралык симпозиумда доклад жасады.

Сүлүктү шаарындагы №9-мектеп гимназиясынын АЭМ сабагы боюнча мугалими Бакытбек Сапаркулов Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда 2019-жылдын 26-27 апрель күндөрү болуп өткөн Х Эл аралык илимий-практикалык симпозиумда илимий доклад жасады. Симпозиумда мыкты доклад жасагандыгы үчүн атайын сертификат алган Бакытбек Сапаркулов агай,  төмөнкүлөрдү маалымдады: Симпозиум  Кыргыз Республикасынын Билим берүү Академиясы тарабынан демилгеленип,  Ош гуманитардык-педагогикалык институту тарабынын иш жүзүнө ашты. «Ыйык Ата журт» коомдук жаштар фонду уюштуруу иштерине ар тараптуу колдоо көрсөттү. Симпозиумда: Кыргыз Билим берүү Академиясынын Президенти- Алмаз Токтомаметов, ОшГПИнин ректору-Бекмурза Зулуев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминов баш болгон кыргыз педагогикасынын көч баштоочулары, профессор-окумуштуулар жана көптөгөн илим изилдөөчүлөр болуп жалпысынан 300 ашуун катышуучулар болду. 7 Пленарлык, 7 секцияда бардыгы 91 доклад окулду.  Симпозиумда чет өлкөлөрдөн келгендердин ичинен Австралиялык, Назарбаев Университетинин профессору Элейн Шарлин, АКШдан келген АУЦА профессору Тамо Чаттопадхай, Өзбекстандан келген профессор- Дармон Ураевалар өтө маанилүү доклад жасашты. Эң кызыгы Назарбаев Университетинин профессору, Канададагы Торонто Университетинин доктору Дүйшөн Шаматовдун докладынан кийин катышуучулар дээрлик 5 минута кол чаап турду. «Санариптештирүү жана инновация» секциясында доклад жасадым, секция жетекчиси, педагогика илимдеринин кандидаты, Ала-Тоо Эл аралык университетинин окутуучусу Рустам Умаров «максаттуу, жетүү жолдору көрсөтүлгөн, инновациялык сунуш, жогорку окуу жайларында да колдонсо жакшы натыйжа берет» деп пикирин билдирди. «Докладда келтирилген сунушту бардык мектептерде жайылтууга мыйзам жол берет, кошумча каражат да, атайын шарт да талап кылынбаган жонокой ыкма экен. Бул сунушту Кыргыз билим беруу академиясына жеткиремин»- деп Кыргыз билим беруу академиясынын өкүлү, педагогика илимдеринин кандидаты Жумабаева Гулайым Абдысаматовна пикирин билдирди.  «Эл аралык денгээлдеги симпозиумга сунушталган көптөгөн докладдардын ичинен тандалынып алынып, кароодон өтүп,  андан сырткары жасаган доклад үчүн сертификат алуу — педагогикалык ишмердүүлүгүмдөгү жетишкендигим деп эсептеймин, бул үчүн илимий жаатта- Устазым, илимий жетекчим  педагогика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын Эмгек синирген мугалими- Гапыр Мадаминовго, жана практика жаатында насаатчы болгон №9-мектеп гимназиясынын директору Базаргул Рустамовага, мугалим Ракыя Молдокановаларга чын дилден ыраазычылык билдиремин»- дейт симпозиумдун катышуучусу Бакытбек Сапаркулов.

Даярдаган:       Бактыгул КАЛМУРЗАЕВА

Баткен облусу боюнча Г. Мадаминовдун эмгеги колдонулууда

Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалим, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминовдун илимий эмгектери Баткен облусу боюнча жайылтылууда. Учурда Гапыр Агай Баткен аймактык колледжинин профессор-окутуучулар жамаатына жана студенттерине автордук «Акыл Эмгегинин маданияты» программасы боюнча окуу түшүнүү жараянын жакшыртуу жөнүндө кыска мөөнөттүү курс өтүп жатат.  Буга чейин Гапыр Мадаминовдун эмгеги Ата-түрк Ала-Тоо университетинде, Ош шаары жана Ош облусу, Ыссык-Көл облусу боюнча да көптөгөн билим берүү мекемелеринде колдонулууга алынган. «Акыл эмгегинин маданияты» программасын колдонуу менен окуучуларыбыз Эл аралык Олимпиадаларга чейин катышып гран-при жана биринчи орундарга жетишкен»- дейт Сүлүктүдөгү №9- гимназиясынын директору Базаргүл Рустамова.

Даярдаган:    Айзада ЭРКИНОВА