Сүлүктүлүк үч гимназист ЮНИСЕФке волонтер болду

 Сүлүктүдөгү 9-гимназиянын 11-классында окуп жаткан гимназисттер: Халжигитова Нургүл, Самадова Кызжибек жана Абдигапарова Канайым атайын тандоодон өтөндөн кийин ЮНИСЕФке волонтёр болуп катталды. «Волонтёр болуу үчүн эки этаптан туоған тандоодон өттүк. Биринчи этабында анкета жана эмне үчүн волонтёр болууну калагандыгыбызды билдирген өтүнмө жөнөткөнбүз. Экинчи этабында аңгемелешүү болду. Тандоодон өткөндөр Бишкек шаарында эки күндүк курстан өттүк. Мындан ары да окуулар болуп турат»- дейт волонтёр Нургүл Халжигитова.  «ЮНИСЕФке волонтёр болуу үчүн өтүнмө берип, конкурста катышуучу өтө көп болду. Тандоодон ийгиликтүү өтүүбүздүң себеби биздин гимназияда сабактан кийин коомдук уюмдар менен да иштешип келебиз. Мисалы 10-класстан бери Тынчтык демилгелери фондунун дебат клубуна катышабыз.Топтун башчысы, классташым Нургүл Халжигитова. Топту Бакытбек Сапаркулов агайыбыз түзүп жетектеп келет»- дейт волонтёр Кызжибек Самадова. «Мен 9-классымдан баштап Кошбулак жамааттык мультимедия борборунда волонтёрдук негизде кабарчы болуп иштеп келемин. Сабактан бош болгонумда кабар жазамын, аны агайым Бакытбек Сапаркулов редакциялап, сайтка жайгаштырат. Жамааттык кабарчы катары бир нече жолу тренингдерге катышып, сертификат алууга жетишкенмин. Ыссык-Көлдө өткөрүлгөн жаматтык кабарчылардын курсуна да катышып билим алганмын»- дейт Канайым Абдигапарова.

Даярдаган:         Мусуратилла ИСКАНОВ

Сүлүктүдө алгачкы жолу профессионалдык деңгээлде ток-шоу өткөрүлдү

 Сүлүктү шаары боюнча алгачкы жолу профессионалдык деңгээлде ток-шоу өткөрүлдү. Сүлүктү шаарынын вице-мэри Сапаркулова Марзия Эркиновна баш болуп катышкан бул иш чарага милиция кызматкерлери, кесипкөй мугалимдер жана гимназист окуучулар катышты. Ток-шоу Сүлүктүдөгү №9-гимназиянын директору Рустамова Базаргүл Саттаровнанын жетекчилигинде уюшулуп, Баткен телевидениесинин журналисти, үч оператору менен эфирге тартты.  «Гимназиябызда окуучуга терең билим берүү менен ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүүнү максат кылганбыз. Билим берүүдө буга чейин окуучуларыбыз Эл аралык олимпиадаларда жеңишке жетишкен болсо, эми ар тараптуу өнүгүү үчүн дебат клуб, ток-шоу уюштуруп жатабыз. Ток-шоу программасында окуучуга бир эле учурда тарбия берүү менен ой өрүшүн өстүрүүнү, лидерлик сапатын жакшыртууну айкалыштырса болот. Иш чараны мугалим Бакытбек Сапаркулов уюштурду. Бизди ар тараптуу колдоого алып, шарт түзүп берген Сүлүктү шаарынын мэри Р. Абдыназаровго,  вице-мэр М. Сапаркуловага терең ыраазычылык билдиремин»- дейт директор Базаргүл Рустамова.  «Ток-шоу программасында билим берүү жана тарбиялоо жараянына дебат клубунун салымы жөнүндө болду. Анткени биздин гимназисттер бир жыл бою «Тынчтык демилгелери» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган дебат клуб программасына катышып, Сүлүктү шаары боюнча жеңүүчү болгон. Дебат клубга тандалып алынган гимназисттер, сабактан кийинки мезгилдерде бир жыл ичинда 10 тренингге катышып, 10 дебат клубга катышты. Интеллектуалдык чөйрөдө татыктуу кызматташкандыгы үчүн Тынчтык демилгелери коомдук бирикмесинин адиси Акылбек Абдурахмановго ыраазычылык билдиремин»- дейт мугалим Бакытбек Сапаркулов.  «Буга чейин Кошбулак мультимедия борборунда волонтер-кабарчы болуп келгем. Дебат клубга катышып, кошумча билим алгандан кийин мен журналисттик кесипти тандадым»- дейт 10-класстын гимназисти Канайым Абдигапарова. «Дебат клуб мага ар тараптуу жана терең ойлонууну үйрөттү»- дейт команда башчысы, 10-класстагы Нүргүл Халжигитова. «Сүлүктүдөгү гимназиянын окуучулары менен иштешип жүрүп алардын билимге чаңкап турганына ыраазы болдум. Келечекте көптү үмүттөндүргөн жаштар экен»- долбоордун адиси Акылбек Абдурахманов.  Даярдаган:  Айзада ЭРКИНОВА.