Окутуу шарты окуучулар үчүн күтүүсүз кыска аралыкта өзгөрүп, билим-тарбия берүү аралыктан жүргүзүлүп жаткандыктан, окуучуларга жана ата-энелерине бир аз ыңгайсыздыктар, моралык-психологиялык көйгөйлөр жаралбай койгон жок. Ушул кырдаалда аралыктан окутууну кыска убакыттын ичинде жакшы жолго койгон, №9-гимназиянын иш тажрыйбасы окурмандарыбызга аз болсо да пайдасы тийиши мүмкүн деген ойдо бөлүшөбүз.
Сүлүктү шаарындагы №9-гимназиясынын директору, билим берүүнүн отличниги, Базаргүл Рустамова аралыктан окутуу иштерин кантип жолго койгондугу боюнча кыскача маалымат берди: “Аралыктан окутуу ыкмасын жүргүзүү үчүн, кыска убакыттын ичинде окутуунун жаңы технологиясын иштеп чыгуу керек болду. Бул учурда эң зарыл болгон үч талапты койдук, биринчи талап- бардык окуучулар үчүн жеткиликтүү болгон шартты камсыздоо, башкача айтканда окутууда колдонулуучу техникалык каражаттардын бардык окуучуларга жеткиликтүү болуусу, экинчи талап- аралыктан болсо да мугалим менен окуучунун ортосундагы байланышты үзбөй, конструктивдүү диалогду сактап калуу, үчүнчүдөн- аралыктан тарбиялоого ата-энени түздөн түз катыштыруу. Биринчи багыт боюнча, кыйынчылык болгон жок. Анткени биз 2019-2020- окуу жылында EduPage- электрондук журнал программасын окуу процессибизге киргизип, эксперимент жүргүзүп жатканбыз. EduPage эч кандай кошумча техникалык каражатты, шартты талап кылбаган, WhatsApp- сыяктуу эле программа болгондуктан, аралыктан окутуу башталышы менен тапшырмалар жана кайтарым байланыш системалуу түрдө жүрүп, үзгүлтүк болгон жок.
Экинчи талап- мугалим менен окуучунун ортосунда конструктивдүү диалогду түзүү, бул багытта бир аз кыйынчылыктар болду, акырында аны ватсап группа аркылуу чечтик. Ар бир класс жетекчи, классынын WhatsApp- группаларын түзүп, группаларга сабак берген мугалимдерди да кошту. Мисалы: “7-б класс, алгебра-геометрия”- группасы деп эки сабактан бир группа түзүлүп, группада окуучулар, класс жетекчи жана предметтик мугалим гана болот. Үчүнчү талап- аралыктан тарбиялоо иштерине ата-энелерди түздөн түз катыштырууга жетишүү. Бул багытта көп жылдардан бери новатор мугалим, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминовдун “Энелер мектеби” программасын колдонуп, ата-энелер менен тыгыз иш жүргүзүп келген тажрыйбабызга таяндык. Ошондой эле кээ бир маселени чечүүдө, ата-энелер комитетинин мүчөлөрү аркылуу да иш жүргүзүп келебиз»- дейт Базаргүл Рустамова
Аралыктан окутуу шартында гимназиянын өнүгүүсүнүн үч багытын иштеп чыктык:
1-багыт: Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде аралыктан окутуу процессинде колдонулуп жаткан окутуунун технологияларын, программаларды жана каражаттарды анализ кылуу, алардын артыкчылыктарын жана кемчиликтерин аныктоо, зарыл болгон учурда өзүбүздүн шартка ынгайланыштыруу- бул багыт боюнча педагогика багытында илим изилдеп жаткан мугалимдерибиз иш жүргүзүүдө. 2-багыт: аралыктан өтүлүп жаткан сабактардын жүрүүсүн көзөмөлдөө, натыйжасын анализдөө жана билим сапатын жогорулатуу боюнча жаны сунуштарды иштеп чыгуу- бул боюнча окуу бөлүмүнүн башчысы, предметтик мугалимдер иш жүргүзүүдө.
3-багыт: «окуучулардын моралдык-психологиялык абалына көз салып туруу, тарбиялык иштерди жүргүзүү, кыйналган окуучуларга жана ата-энерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү- бул багытта соц. педагог жана класс жетекчилер иш жүргүзүүдө»- деп гимназиянын директору Б. Рустамова тажрыйба бөлүштү. «Педагогика» багытында аспирантурада окуп, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп жаткан, гимназиянын мугалими Бакытбек Сапаркулов төмөнкүдөй маалымат берди: “Жалпы орто билим-берүүнүн педагогикалык тажрыйбасында буга чейин аралыктан окутуу ыкмасы колдонулбагандыктан, биздин гимназиябызда мугалимдердин билимине, тажрыйбасына таянып, кыска убакыттын ичинде, аралыктан окутуунун айыл шартына ынгайланышкан, жөнөкөй, эң негизгиси бардык окуучулар үчүн жеткиликтүү болгон ыкмаларын иштеп чыгып бир эле учурда эксперимент кылып, бир эле учурда иш жүзүнө ашырып жатабыз.
Коомдо кандай гана өзгөрүү болбосун, ал биринчи кезекте мугалимдер үчүн сыноо болот. Азыркы шартта да мугалимдер үчүн чон сыноо болууда. Мен өзүм педагогика илимдеринин доктору, профессор Жанкороз Каниметовдун “Билим берүүнү демократиялаштыруу” боюнча илимий эмгектерин жана педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминовдун “Акыл эмгегинин маданияты” эскперименталдык тажрыйбадан өткөн эмгектерин негиз кылып, Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде аралыктан окутуу процессинде колдонулуп жаткан окутуунун технологияларын, компьютердик программаларды жана окутуудагы техникалык каражаттарды анализ кылуу, алардын артыкчылыктарын жана кемчиликтерин аныктоо, зарыл болгон учурда өзүбүздүн шартка ынгайланыштыруу боюнча, профессор Жангороз Каниметовдун илимий жетекчилиги менен жана Гапыр Мадаминовдун жетекчилиги менен иш жүргүзүп жатамын”- дейт Бакытбек Сапаркулов.
Даярдаган: Айзада ЭРКИНОВА
Архив метки: билим берүү
Сүлүктүдө жаш мугалимдердин чеберчилигин арттыруу иштери жүрүүдө
Сүлүктү шаары боюнча жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу мектебинин 2019- жылды жыйынтыктап, 2020- жылга карата багыттарды аныктоо боюнча жалпы жыйыны болуп өттү. Аталган уюмдун Сүлүктү шаары боюнча координатору Бакытбек Сапаркулов:» Жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу боюнча 2019- жылдын сентябрь айынан баштап системалуу иш жүргүзүп келебиз. Ар бир мектепте жана Балдар чыгармачылык борборунда, жалпысы 10 мекемеде баштапкы өз ара жардамдашуу тобу түзүлүп иш жүргүзүп келет. Кайсыл мекемедеги жаш мугалимдер кандай усулдук жардамга же педагогикалык тажрыйбага муктаж болсо, шаардык метод каананын башчысы Темиржан Каюмова менен биргеликте маселени ордунда талкуулап, жардам көрсөтүп келебиз. Ал эми олуттуу маселелер болгондо шаардык Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдибахап Исманов өзү баш болуп жардам көрсөтүп, иш жүргүзүп келебиз. Өз ишмердүүлүгүбүздү уюштурууда новатор мугалим, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминовдун «Устаттык Өнөрү» «Өзүн өзү тарбиялоо-асыл инсандык сапат» китептерин негиз кылып алганбыз. Баса, жаш мугалимдер кээ бир теманы толук жеткире албай кыйналган учурларда Гапыр Мадаминовдун АЭМ (акыл эмгегинин маданияты) китебинде берилген ыкмаларды колдонуу менен сабактын максатына жетүү жолдорун үйрөтөбүз. Биринчи жарым жылдык боюнча жыйынтык канааттандырарлык. Ар бир мектептеги жана балдар чыгармачылык борборундагы жаш мугалимдердин өз ара жардамдашуу топторунун жетектеген мугалимдер жеткиликтүү маалымат берди. Белгилей кетсем жыйын учурунда жаш мугалимдерге дебат өнөрүн үйрөтүү боюнча сунуш түштү. Бул сунушту экинчи жарым жылдыктагы иш планыбызга кошумча катары киргиздик»- деп маалымат берди.
Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулкаана башчысы Темиржан Каюмова:»Алгач уюштуруу иштеринде кыйынчылыктар болду. Ошондо жаш мугалимдер мектебинин жетекчиси Бакытбек Сапаркулов, жаш мугалимдер ар бир жыйындан, ар бир иш чарадан өзүнө пайдалууну алганда гана ишти системага сала алабыз деп, ар бир иш чара учурунда АЭМ боюнча мастер-класстарды өтүп жүрдү. Мына жыйынтыгында иш чара башталганга чейин эле жаш мугалимдер дептер ручкалары менен чогулуп калып жатат. Албетте алар бизден өтө көп нерсени күтүүдө, биргелешип иштесек алардын үмүтүн актай алабыз деп ишенемин. Жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттырууну билим берүү бөлүмүнүн башчысы А. Исманов негизги багыттардын бири катары жеке көзөмөл кылат»- деп маалымат берди.
Жаш мугалимдердин мектебинин катышуучусу, №8-орто мектебинин мугалими Эльмира Мажитова:»Жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу мектебине катыша баштаганыбыздан баштап, өзгөчө Гапыр Мадаминов Агай өзү келип сабак өтүп бергенден кийин биз жаш мугалимдер, чынын айтсам аябай таасирлендик. Бири бирибизди тарбиялай баштадык десем болот. Эң негизгиси Агайдын «Устаттык Өнөрү» китебинде берилгендерди ишке ашырууга аракет кылып жатабыз. Чындыгында эле жаш мугалимдердин чеберчилигин арттыруу мектеби биз үчүн өтө зарыл экен, анткени жогорку окуу жайда алган теориялык билимибиз менен чыныгы практикада айырма чоң болуп жатат»- деп маалымат берди.
Даярдаган: Барчынай АЛИМОВА
Сүлүктүдөгү гимназияда кош майрам болду
Сүлүктүдөгү №9-гимназияда билим күнү майрамы менен кошо «Исманали Джумабаевич Карабаев» атындагы китеп окуу залынын ачылуу аземи болду.
«Учур талабына ылайык баланы окутуунун бир канаты компьютердик технология каражаттары болсо экинчи канаты китеп болуп экөө бирдей иштегенде натыйжалуу болот. Мына дал ушул максатты көздөп алгачкы жолу окурмандар залын түзүүгө жетиштик»- дейт гимназиянын китепканачысы Гулсунай Каракулова.
«Өз күчүбүз менен окурмандар залын түзүп, аны эң мыкты китептер менен толуктап иш баштадык. Мисалы бир эле «Гиннес рекорддору» аттуу китепти 3 миң сомго алсак, «Тарыхый энциклопедия» «балдар энциклопедиясы» китептерин 1500 сомдон алдык» дейт мугалим Бактыгүл Абдрасулова.
«Эмгек жамаатыбыздын бир добуштан кабыл алынган чечимин шаардык билим берүү бөлүмү менен макулдашкандан кийин Окурмандар залына бир канча орден медалдардын ээси, коомдук ишмер, «Кызыл-Булак» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Карабаев Исманали Джумабевичтин атын ыйгардык. Окуучуларыбыз да ушул кишидей Ак жүрөк инсандардан болсун деп тилек кылдык»- дейт гимназиянын директору Базаргүл Рустамова.
«Менин атымды окурмандар залына койгону күтүүсүз болду. Чынын айтсам кандайдыр бир деңгээлде сыймыктануу да болду бирок, чоң жоопкерчилик экени түшүнүктүү. Кудай Буюрса ушундай чоң ишенимге татыктуу болуп Элиме көп кызмат кылып беремин»- дейт Исманали Карабаев.
Даярдаган: Барчиной Алимова
Сүлүктүдө мугалимдердин секциялык иштери жыйынтыкталды
Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган предметтер боюнча секциялык иштер болуп өттү. «Бардык предметтер боюнча мугалимдер толук катышып, жаңы программалар, календарлык пландар боюнча типтүү нускамалар кабыл алынды»- дейт усулкаана башчысы Темиржан Каюмова.
«Быйыл Кыргыз Республикасынын билим берүү Академиясы тарабынан мыкты иштелмелер келиптир, ошонун негизинде иш алып баруудабыз»- дейт Сүлүктү шаары боюнча башталгыч класстарга билим берүү боюнча секциянын жетекчиси, №9-гимназиянын мугалими Кымызай Акматова.
Даярдаган: Барчынай АЛИМОВА
Сүлүктүдөгү мугалимдердин август кеңешмеси- жаңы багытка өбөлгө болду.
Сүлүктү шаарында 2019-2020 окуу жылынын башталышын утурлап, мугалимдердин август кеңешмеси болду. Кеңешмеге Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова, шаардын мэри Рахманберди Абдыназаров, шаардык Кеңештин төрагасы Каныбек Исмаилов вице-мэр Марзия Сапаркулова жана башка мекеме ишканалардын жетекчилери баш болуп 400 жакын мугалимдер катышты.
Кеңешмени билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдубахап Исманов ачып алып барды.Сүлүктү шаарындагы №9-гимназиянын директору Базаргүл Рустамованын доклады Кеңешмеде талкууга алынып, багыт болгон негизги доклад катары каралды жана докладды шаардын мэри Р. Абдыназаров менен шаардык Кеңештин төрагасы К. Исмаиловдор колдоп ар тараптуу жардам берүүгө даяр экенин билдирди.
Кеңешмеде жыйынтыктоочу сөз сүйлөгөн, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, медицина илимдеринин кандидаты Саттарова Чынара Осмоновна билим берүү тармагындагы фактыларды келтирип, салыштыруу аркылуу анализ жасап, облус боюнча жаңы окуу жылына карата инновациялык багыттарды сунуш кылды.
«Мугалимдердин август кеңешмесинде жасалган баяндамалар өтө актуалдуу болуп, Чынара Осмоновнанын сунуштары мугалимдер үчүн 2019-2020 окуу жылы үчүн жаңы багыт болду»- дейт гимназиянын мугалими Бакытбек Сапаркулов.
Даярдаган: Барчынай АЛИМОВА
Г. Мадаминовдун эмгектери — Кыргыз педагогикасынын жаңы багыты
Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда өткөрүлгөн педагогика жаатындагы Х Эл аралык илимий-практикалык Симпозиумда доклад жасап келген сүлүктүлүк Бакытбек Сапаркулов агай менен маектешкенибизде, «Гапыр Мадаминовдун педагогикалык практиканын негизинде жазылган, эксперименттен өткөн илимий эмгеги- мамлекетибиздин мектептеринде, атайын жана жогорку окуу жайларында, жалпы эле педагогика тармагында окутуунун заманбап усулу катары кеңири колдонулуп жаткандыгы, анын негизинде Бишкек, Ош шаарларынан жана бардык облустардан келген симпозиумдун доклачыларынын арасынан, Мадаминовдун теориясынын негизинде макалалардын жазылганына караганда кыргыз педагогикасынын жаңы багыты болду окшойт»- дейт.
Мисал катары: Нарын мамлекеттик университетинен О. С. Асанбекова, К. Кыркаяковалар, Ысык-Көлдөн С.З Шорукова, Жалалабад облусунан Д. Б. Молдошбаева, Г. А. Абдыкадырова, Т. Ж. Мадимаровдор, Баткен облусунан Курсанали кызы Анара, К. Д Якубовалар макалаларында педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминовдун илимий эмгектерин негиз кылган.
Симпозиумдун пленардык бөлүгүндө Г. Мадаминовдун жасаган докладынан соң 300 ашуун катышуучу дээрлик 5 минута кол чаап колдоп турушу- мугалимдердин таазими, сый урматы катары бааланды. Жыйынтыктап айтарым- Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалим Гапыр Маматкуловичтин зоналдык бириккен методикалык иштелмелер системасынан эксперименттен өткөн илимий эмгектери кыргыз педагогикасынын учур талабына жооп берип, келечекке багыт берген илимий-педагогикалык эмгек болду»- дейт маектешибиз Бакытбек Сапаркулов.
Даярдаган: Айзада ЭРКИНОВА
Баткен облусу боюнча Г. Мадаминовдун эмгеги колдонулууда
Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалим, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминовдун илимий эмгектери Баткен облусу боюнча жайылтылууда. Учурда Гапыр Агай Баткен аймактык колледжинин профессор-окутуучулар жамаатына жана студенттерине автордук «Акыл Эмгегинин маданияты» программасы боюнча окуу түшүнүү жараянын жакшыртуу жөнүндө кыска мөөнөттүү курс өтүп жатат.
Буга чейин Гапыр Мадаминовдун эмгеги Ата-түрк Ала-Тоо университетинде, Ош шаары жана Ош облусу, Ыссык-Көл облусу боюнча да көптөгөн билим берүү мекемелеринде колдонулууга алынган.
«Акыл эмгегинин маданияты» программасын колдонуу менен окуучуларыбыз Эл аралык Олимпиадаларга чейин катышып гран-при жана биринчи орундарга жетишкен»- дейт Сүлүктүдөгү №9- гимназиясынын директору Базаргүл Рустамова.
Даярдаган: Айзада ЭРКИНОВА
Сүлүктүдөгү №4-мектепте окутуунун инновациялык ыкмалары колдонулууда
Сүлүктү шаарындагы Р. Жолбаев атындагы орто мектепте окутуунун инновациялык ыкмаларын колдонуп терең билим алууга жетишүүдө. Бул тууралуу мектеп директору Ырысова Нургүл Анарбаевна:» Учурда окуучуларга ар тараптуу терең билим берүү маселеси боюнча системалуу иш жүргүзүп келебиз. Бул багытта өзүм башыда туруп, мугалимдерге окутуунун инновациялык технологияларын колдонуу боюнча усулдук көрсөтмө берип, иш жүргүзөмүн. Жаш мугалимдердин сабагына катышып, керек учурда кеп кеңеш берем. Бүгүн орус тили жана адабияты сабагынын мугалими Элмира Айжигитованын сабагына катышып, жакшы жыйынтык болуп жатканына күбө болдум»- деп маалымат берди.
«Информациялык технологиялар заманында окуучуларды сабак жараянына тартуу үчүн окутуунун инновациялык технологияларын колдонуу жакшы натыйжа берүүдө. Бүгүн 7- класстарга орус адабияты сабагында да колдондум. Окуучулар үчүн да өтө кызыктуу болуп, сабак натыйжалуу болду»- деп маалымат берди мугалим Элмира Айжигитова.
Даярдаган: Нүргүл ХАЛЖИГИТОВА