Сүлүктүдө мамлекеттик тилдин 30 жылдыгы белгиленүүдө

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында Маданият Сарайында Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленүүдө. «Буга чейин ар бир мектепте Кыргыз Тили кароо сынагы болуп өтүп, мектептерден эң мыкты деп табылгандары бүгүн шаардык деңгээлде ат салышып жатат. Кыргыз тилинин өнүгүүсү үчүн ар бирибиз салым кошуп алга сүрөшүбүз керек»- дейт тил комиссиясынын мүчөсү, билим берүү тармагынын кесиптик кошуун төрагасы Канатбек Кудаяров.  Бул аземге беш жүзгө жакын киши катышып жатат.

Даярдаган:      Барчиной АЛИМОВА

Сүлүктү билим берүү бөлүмү кызматташуу денгээлин жогорулатты

 Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан билим берүүнү жакшыртуу, жетишкен ийгиликтерди мындан да жогорку даражага жеткирүү максатында республикалык деңгээлдеги уюмдар менен кызматташууну жолго коё алды. Өткөн окуу жылында алгачкылардан болуп Сүлүктү шаары электрондук мектепке өткөн болсо быйылкы жылдан баштап БИЛИМДИ БААЛОО ЖАНА ОКУТУУ УСУЛДАРЫ БОРБОРУ МЕНЕН кызматташууну баштады. Аталган мекеме ЦООМО  аталышы менен белгилүү же окуучулардан жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүүчү уюм   «Быйылкы окуу жалынан баштап ЦООМО менен бүтүрүүчү класстар үчүн көнүгүү тесттерин уюштуруп турабыз. Жыл башында бир жолу көнүгүү тест өткөрүп жетишпеген жактарды билип алып, ошонун үстүнөн иш жүргүзөбүз.  Үчүнчү чейрек жыйынтыкталганда дагы бир ирет көнүгүү тест тапшырып, окуучулардын тестке даярдыгын баалайбыз. ЦООМО менен кызматташканыбыздын себеби биринчиден ЖРТны уюштуруп өткөргөн уюм экинчиден ар бир предмет ар бир глава боюнча % аркылуу жетишүүнү көрсөтүп берет»- дейт билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдибахап Исманов. «Алгач гимназиянын бүтүрүүчү класстары үчүн 50 катышуучу болсо керек деп пландаштырганбыз. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн сунушу менен Сүлүктүдөгү бардык мектептер катышууга чакырылды.  Иш жүзүндө шаар боюнча 116 окуучу көнүгүү тест тапшырды. Демек окуучуларды жалпы республикалык тестке даярдоодо түшүндүрүү иштери жеткиликтүү деңгээлде  жүргүзүлгөн»- дейт гимназиянын мугалими Бакытбек Сапаркулов. «Бизге башка район шаарларда окуп жаткан досторубуз суктанып жатат. Анткени алар көнүгүү тест тапшыруу үчүн жол кире кетирип Бишкек шаарына барат. Бизге болсо мектебибизге уюштуруп берди. Эми жакшы окуп, жогорку балл алып ата-энелерибиздин, мугалимдерибиздин эмгегин акташыбыз керек»- дейт 11-класстын гимназисти Айжамал Торобаева.   Белгилей кетсек 116 окуучу негизги тест 103 окуучу предметтик тест боюнча көнүгүү тест тапшырган. 

Даярдаган:       Барчиной АЛИМОВА

Баткенде комуз күнү белгиленди

Баткен облусу боюнча 250 комузчунун катышуусунда комуз күнү белгиленди.

«Баткен облусу боюнча комуз өнөрүн үйрөнүүнү колго алдык. Облус боюнча бардык билим берүү мекемелерине анын ичинен мектептерге жаш жеткинчектерди комуз ийримине катышууга чакырып келем. Анкени комузда кол ойнотуу жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо менен бирге интеллектуалдык жөндөмүн өстүрүүгө да таасирин берет»- дейт Өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, медицина илимдеринин кандидаты Чынара Саттарова.

Даярдаган:       Барчиной АЛИМОВА

Сүлүктүдөгү гимназияга облус жетекчиси жардам берет

Сүлүктү шаары боюнча терең билим берүү очогу болгон гимназиянын лабораторияларын заманбап жабдуулар менен камсыздоо боюнча Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров жакындан жардам бермей болду.  Бул маалымат Облус башчысы Акрам Камбаралиевичтин Сүлүктү шаарына иш сапары менен келген учурунда маалым болду. «Гимназиябыз математика, кыргыз тили жана тарых сыяктуу предметтерден облустук, республикалык денгээлге чыгып байгелүү орундарды системалуу түрдө алып келе жатат. Бирок лабораториялык база жок болгондуктан чоң ийгиликтерди жаратууда кыйынчылык жаралууда. Маселени чечүү үчүн облус башчыбызга кайрылсак жакындан жардам берүүгө убада берди»- дейт АЭМ сабагынан мугалим Бакытбек Сапаркулов.  «Биздин гимназиябызга облус жетекчисинин рангыдагы башчылардан биринчи жолу Мадумаров Акрам Камбаралиевич иш сапары менен келип отурат. Эмгек жолун билим берүү тармагына көңүл бөлүп, агартуу майданына көтөрүү менен иш баштаган облус жетекчибизден чындыгында көптү үмүт кылып калдым»- дейт гимназиянын эмгек сиңирген мугалими Молдоканова Ракыя Мустафановна.  Даярдаган:      Айзада ЭРКИНОВА