Сүлүктүдө гимназисттер тажрыйба бөлүштү.

Сүлүктү шаарындагы №9-мектеп гимназиясында  11-класста окуп жаткан Нургүл Халжигитова менен Кызжибек Саматовалар «НОВА» билим берүү мекемесинде окуп, тажрыйба арттырып келгенден кийин мастер-класс өтүп берди. Бул иш чарада жалпы Сүлүктү шаары боюнча мектептерден бүтүрүүчү класстарынын окуучуларынын ичинен тандалып алынган  окуучулар жана аларды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдаган мугалимдери болуп 36 катышуучу өтө пайдалуу маалымат алды. Белгилей кетсек Нургүл Халжигитова биологиядан облустук олимпиаданын, математикадан Эл аралык олимпиаданын катышуучусу, Саматова Кызжибек математикадан Эл аралык олимпиадада  гран-прини утуп алган чыгаан окуучулар.  Жыйынды ачып, баштап берген, гимназиянын директору Базаргүл Рустамова «Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдубахап Исмановдун демилгеси менен шаар боюнча тандалып алынган окуучулар үчүн мастер-класстарды баштап жатабыз. Мындай окууларды жыл бою, системалуу өткөрүп турабыз»- деп маалымат берди. Окуу соңунда №7-орто мектебинин 11-классынын окуучусу Асель Исабаева «биз үчүн өтө пайдалуу болду, мүмкүн болсо ар жума сайын өтүп бериңиздер» деп сунуш берди. Мастер-класстын эң активдүү катышуучусу деп 7-а классынын гимназисти Айдаралиева Максатай табылды. «Алгачкы жолу шаардык деңгээлде мастер-класс өтүп жатабыз, ошондуктан бизди акыл эмгегинин маданияты сабагы боюнча мугалимибиз Бакыт Сапаркулов координациялап турду, катышуучулар активдүү катышты»- дейт Нургүл Халжигитова.

Даярдаган:     Барчиной АЛИМОВА.

Элеттик жаштар англис тилин новатордук ыкмада ватсап аркылуу үйрөнүүдө

 Региондордогу жаштар  Гапыр Мадаминовдун «Акыл эмгегинин маданияты» китебин колдонуу менен иштелип чыккан,  заманбап ыкмада англис тилин ватсап аркылуу үйрөнүүдө. Бул ыкманын автору  Гүлсара Мадаминова. ; «Англис тилин үйрөтүү программасын Гапыр Мадаминовдун жетекчилигинде иштеп чыгып ийгиликке жетиштим. Курста кыска убакыттын ичинде окуган окуучуларымдын алды АУЦАда, Ала-Тоо Эл аралык университеттеринде билим алып жатышат. Акыркы мезгилде региондордогу жаштардан каалоочулар өтө көп болгондуктан ватсап аркылуу үйрөтүү ыкмасын иштеп чыктым. Буюрса жакшы натыйжа берет деп айта аламын»- дейт Гүлсара Мадаминова.    «Гүлсара эжеден англис тилин үйрөнгөнүмө аз эле убакыт болгонуна карабастан эркин сүйлөй баштадым. АУЦАга бюджеттик негизде студент болгонума да ушул себепчи болду»-болду дейт Айзада Эркинова. «Бишкектеги салттуу болуп калган ыкма менен окуткан көп эле курска барып жүрдүм. Качан гана досторумдун сунушу менен Гүлсара Мадаминовада окуй баштаганымда үйрөнүп жаткан билимиме өзүм канааттана баштадым. Бул курс мага окшогон региондордогу жаштарга өтө пайдалуу экен»- дейт кыргыз тили боюнча республикалык деңгээлдеги олимпиададан 2-орунду алган, Сүлүктүдөгү 9-гимназиянын гимназисти Канайым Абдигапарова.

Даярдаган:    Бакытбек САПАРКУЛОВ

 

Сүлүктүдөгү 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө күбөлүк тапшырылды

 Сүлүктү шаары боюнча бардык мектептерде саат 10-00 салтанаттуу жыйын болуп, 9-классты бүтүргөндөргө күбөлүк тапшырылды. «Бизде 3 окуучуга өзгөчө күбөлүк тапшырылды. Бардык ата-энелер келип ыраазылык билдиришти. Белгилей кетсек ата-энелердин билимге кызыгуулары өтө жакшы»- деп билдирди №9-гимназиянын окуу бөлүмүнүн башчысы Кымызай Айдарова.

Даярдаган:     Канайым Абдигапарова

Сүлүктү боюнча алгачкы Алтын Сертификат ээси- Айзада Эркинова

Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы социалдык тармактарга официалдуу түрдө 2019-жылдын Жалпы Республикалык Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Алтын Сертификатка жетишкен окуучулардын тизмесин жарыялады. 

Маалыматтарга ылайык Сүлүктү шаарынын тарыхында алгачкы жолу 223 балл менен Алтын Сертификатка жетишкен Эркинова Айзада Бакытбековна болду.  Айзада Эркинова 2018/2019- окуу жылында Сүлүктү шаарындагы №9-мектеп гимназиясынын бүтүрүүчүсү. Белгилей кетсек Айзада 1-класстан баштап 11 класска чейин толук мектеп-гимназияда окуган эксперимент класстын алгачкы бүтүрүүчүсү. Биринчи мугалими Халова Чынара. Кыргыз тили мугалими Шералиева Диляра, математика мугалими Айтемирова Бууниса, физика мугалими Абдрасулова Бактыгүл, тарых жана олимпиадага даярдаган мугалими Мовлянова Гүлжан, биология мугалими- Джапарова Назира, класс жетекчиси Токонова Чынара, АЧД, АЭМ мугалими жана атасы Сапаркулов Бакытбек, химия мугалими- гимназиянын директору Рустамова Базаргүл Саттаровна. Базаргүл Рустамова көсөм жетекчи катары көптөгөн изилдөөлөрдөн кийин мындан 10 жыл мурда эле Гапыр Мадаминовдун акыл эмгегинин маданияты, энелер мектеби жана инсан таануу сабактарын киргизген. Айта кетсек Айзаданын ийгилигине Гапыр Мадаминовдун жеке өзүнүн жана илимий эмгектеринин салымы да өтө чоң. Андан сырткары Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Саттарова Чынара Осмоновна, Сүлүктү билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исманов Абдибахап Жалиловичтер да Эл аралык олимпиадаларга катышып келген учурда ар тараптуу колдоосун көрсөтүп келет.  Даярдаган    Канайым Абдигапарова

Билим берүү Академиясынын Президенти- Баткен облусунун мугалимдерине кайрылуу жолдоду.

2019-жылдын 8—июнь күнү Баткен облусундагы Гапыр Мадамииновдун №3-эксперименталдык гимназиясында болгон мугалимдердин облустук семинары Кыргыз билим берүү Академиясынын Президенти- Алмазбек Токтомаметовдун видео-куттуктоосу менен башталды.  Алмазбек Даткабекович Лейлек районунун №3-гимназиясында өтүп жаткан, жогорку, орто окуу жайларынан жана мектептерден келген 50 ашык мугалимдерди видео-байланыш аркылуу куттуктап жатып  кайрылды: «Бүгүкү күндө акчанын же башка таасирлерден улам кээ бир кишилердин жогорку кызматтарга барып калышы,  балдардын билим алуусуна терс таасирин тийгизип жатат. Баланын жөндөмүн өнүктүргөн креативдүү мектептер деген китептин автору Кен Робинсон азыркы билим берүү системасы өндүрүштү индустриалдаштыруу мезгилинде чыккан, бул системада станок менен тетиктерди чыгарып, баарын бирдей окшош кылып жасаган, кичинекей эле өзгөрүп же жылып кетсе ал тетиктерди жараксыз кылып, «брак» деп чыгарып салган. Ошол психология менен биз бүгүн балдарга да мектептерге да бирдей талап коюп келебиз дейт. Бул кырдаалдан- айрым бир креативдүү мектептер жаныча ыкмалар менен, жаныча көз караштар менен балдарга өзгөчө мамиле кылуу аркылуу чыгып кеткен. Бүгүнкү Гапыр Мадаминовдун №3-гимназиясынын жасап жаткан ишин Кен Робинсон келтирген мыкты мектептердин мисалына  коет элем. Урматтуу мугалимдер, Сиздердин бүгүнкү жасап жаткан иштериңиздер бул бир эле мектептин ийгилиги эмес бара-бара жалпы Кыргызстандын, башка мамлекеттердин да ийгилиги болот деп ишенем, анкени жаңыча көз караш, чыгармачылык көз караш ийгиликке алып келет. Гапыр Мадаминовдун   ийгилигинин  жалпы Кыргызстанга жайылуусуна дайыма тилектешмин»- дейт билим берүү академиясынын жетекчиси.          Белгилей кетсек бул семинарга Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары-медицина илимдеринин кандидаты Чынара Саттарова баш болуп, Кадамжай, Баткен, Лейлек райондорунда жана Баткен, Сүлүктү шаарларында чыгармачылык менен изденип эмгектенген мугалимдер катышты

 Даярдаган:      Бакытбек САПАРКУЛОВ

Баткен облусу боюнча Г. Мадаминовдун эмгеги колдонулууда

Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалим, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминовдун илимий эмгектери Баткен облусу боюнча жайылтылууда. Учурда Гапыр Агай Баткен аймактык колледжинин профессор-окутуучулар жамаатына жана студенттерине автордук «Акыл Эмгегинин маданияты» программасы боюнча окуу түшүнүү жараянын жакшыртуу жөнүндө кыска мөөнөттүү курс өтүп жатат.  Буга чейин Гапыр Мадаминовдун эмгеги Ата-түрк Ала-Тоо университетинде, Ош шаары жана Ош облусу, Ыссык-Көл облусу боюнча да көптөгөн билим берүү мекемелеринде колдонулууга алынган. «Акыл эмгегинин маданияты» программасын колдонуу менен окуучуларыбыз Эл аралык Олимпиадаларга чейин катышып гран-при жана биринчи орундарга жетишкен»- дейт Сүлүктүдөгү №9- гимназиясынын директору Базаргүл Рустамова.

Даярдаган:    Айзада ЭРКИНОВА