Элеттик жаштар англис тилин новатордук ыкмада ватсап аркылуу үйрөнүүдө

 Региондордогу жаштар  Гапыр Мадаминовдун «Акыл эмгегинин маданияты» китебин колдонуу менен иштелип чыккан,  заманбап ыкмада англис тилин ватсап аркылуу үйрөнүүдө. Бул ыкманын автору  Гүлсара Мадаминова. ; «Англис тилин үйрөтүү программасын Гапыр Мадаминовдун жетекчилигинде иштеп чыгып ийгиликке жетиштим. Курста кыска убакыттын ичинде окуган окуучуларымдын алды АУЦАда, Ала-Тоо Эл аралык университеттеринде билим алып жатышат. Акыркы мезгилде региондордогу жаштардан каалоочулар өтө көп болгондуктан ватсап аркылуу үйрөтүү ыкмасын иштеп чыктым. Буюрса жакшы натыйжа берет деп айта аламын»- дейт Гүлсара Мадаминова.    «Гүлсара эжеден англис тилин үйрөнгөнүмө аз эле убакыт болгонуна карабастан эркин сүйлөй баштадым. АУЦАга бюджеттик негизде студент болгонума да ушул себепчи болду»-болду дейт Айзада Эркинова. «Бишкектеги салттуу болуп калган ыкма менен окуткан көп эле курска барып жүрдүм. Качан гана досторумдун сунушу менен Гүлсара Мадаминовада окуй баштаганымда үйрөнүп жаткан билимиме өзүм канааттана баштадым. Бул курс мага окшогон региондордогу жаштарга өтө пайдалуу экен»- дейт кыргыз тили боюнча республикалык деңгээлдеги олимпиададан 2-орунду алган, Сүлүктүдөгү 9-гимназиянын гимназисти Канайым Абдигапарова.

Даярдаган:    Бакытбек САПАРКУЛОВ

 

Баткенде комуз күнү белгиленди

Баткен облусу боюнча 250 комузчунун катышуусунда комуз күнү белгиленди.

«Баткен облусу боюнча комуз өнөрүн үйрөнүүнү колго алдык. Облус боюнча бардык билим берүү мекемелерине анын ичинен мектептерге жаш жеткинчектерди комуз ийримине катышууга чакырып келем. Анкени комузда кол ойнотуу жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо менен бирге интеллектуалдык жөндөмүн өстүрүүгө да таасирин берет»- дейт Өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, медицина илимдеринин кандидаты Чынара Саттарова.

Даярдаган:       Барчиной АЛИМОВА

Сүлүктүлүк үч гимназист ЮНИСЕФке волонтер болду

 Сүлүктүдөгү 9-гимназиянын 11-классында окуп жаткан гимназисттер: Халжигитова Нургүл, Самадова Кызжибек жана Абдигапарова Канайым атайын тандоодон өтөндөн кийин ЮНИСЕФке волонтёр болуп катталды. «Волонтёр болуу үчүн эки этаптан туоған тандоодон өттүк. Биринчи этабында анкета жана эмне үчүн волонтёр болууну калагандыгыбызды билдирген өтүнмө жөнөткөнбүз. Экинчи этабында аңгемелешүү болду. Тандоодон өткөндөр Бишкек шаарында эки күндүк курстан өттүк. Мындан ары да окуулар болуп турат»- дейт волонтёр Нургүл Халжигитова.  «ЮНИСЕФке волонтёр болуу үчүн өтүнмө берип, конкурста катышуучу өтө көп болду. Тандоодон ийгиликтүү өтүүбүздүң себеби биздин гимназияда сабактан кийин коомдук уюмдар менен да иштешип келебиз. Мисалы 10-класстан бери Тынчтык демилгелери фондунун дебат клубуна катышабыз.Топтун башчысы, классташым Нургүл Халжигитова. Топту Бакытбек Сапаркулов агайыбыз түзүп жетектеп келет»- дейт волонтёр Кызжибек Самадова. «Мен 9-классымдан баштап Кошбулак жамааттык мультимедия борборунда волонтёрдук негизде кабарчы болуп иштеп келемин. Сабактан бош болгонумда кабар жазамын, аны агайым Бакытбек Сапаркулов редакциялап, сайтка жайгаштырат. Жамааттык кабарчы катары бир нече жолу тренингдерге катышып, сертификат алууга жетишкенмин. Ыссык-Көлдө өткөрүлгөн жаматтык кабарчылардын курсуна да катышып билим алганмын»- дейт Канайым Абдигапарова.

Даярдаган:         Мусуратилла ИСКАНОВ

Сүлүктүдөгү гимназияда кош майрам болду

Сүлүктүдөгү №9-гимназияда билим күнү майрамы менен кошо «Исманали Джумабаевич Карабаев» атындагы китеп окуу залынын ачылуу аземи болду. «Учур талабына ылайык баланы окутуунун бир канаты компьютердик технология каражаттары болсо экинчи канаты китеп болуп экөө бирдей иштегенде натыйжалуу болот. Мына дал ушул максатты көздөп алгачкы жолу окурмандар залын түзүүгө жетиштик»- дейт гимназиянын китепканачысы Гулсунай Каракулова. «Өз күчүбүз менен окурмандар залын түзүп, аны эң мыкты китептер менен толуктап иш баштадык. Мисалы бир эле «Гиннес рекорддору» аттуу китепти 3 миң сомго алсак, «Тарыхый энциклопедия» «балдар энциклопедиясы» китептерин 1500 сомдон алдык» дейт мугалим Бактыгүл Абдрасулова. «Эмгек жамаатыбыздын бир добуштан кабыл алынган чечимин шаардык билим берүү бөлүмү менен макулдашкандан кийин Окурмандар залына бир канча орден медалдардын ээси, коомдук ишмер, «Кызыл-Булак» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Карабаев Исманали Джумабевичтин атын ыйгардык. Окуучуларыбыз да ушул кишидей Ак жүрөк инсандардан болсун деп тилек кылдык»- дейт гимназиянын директору Базаргүл Рустамова.«Менин атымды окурмандар залына койгону күтүүсүз болду. Чынын айтсам кандайдыр бир деңгээлде сыймыктануу да болду бирок, чоң жоопкерчилик экени түшүнүктүү. Кудай Буюрса ушундай чоң ишенимге татыктуу болуп Элиме көп кызмат кылып беремин»- дейт Исманали Карабаев.

Даярдаган:     Барчиной Алимова

Кенчилердин кесиптик майрамы белгиленди.

1935-жылы 30-августтан 31-августка караган түнү Россиянын шахталарынын биринде кенчи  Стаханов белгиленген чек 7 тонна болсо, 104 тонна көмүр казып алган. Ошол күндөн баштап мурдагы Советтер Союзу, азыркы КМШ мамлекеттеринин катарында Сүлүктүдө да кенчилердин кесиптик майрамы белгиленип келет. 2019-жылы да шаар боюнча белгиленип жатат.                     (сүрөттө И. Дж. Карабаев)                «Эгемендүүлүк колубузга тийгенден кийин көптөгөн кыйынчылыктарга карабай, өз кенибизди өзүбүз өндүрүп келебиз. Бизде инвестор дагы, шахтер дагы жергиликтүү тургундардан болгондуктан жумуш берүүчү менен жумушчулардын мамилесинде эч кандай келишпестик жок. Кенчилерибизди өтө жакшы карайбыз»- дейт Кызыл-Булак шахтасынын директору, коомдук ишмер Исманали Карабаев.  «Биздин шахта жетекчилерине ыракмат. Шахтаны өз каражаты менен ачканы менен бизге кадимкидей жакшы мамиле кылат. Жетекчибиз Өмүрбек Исмаилов жаш болгону менен мыкты уюштургуч, жөнөкөй. Кесиптик майрамга карата Шаардык Кеңештин Ардак грамотасы жана акчалай сыйлык менен сыйландым. Өзүм иштеген Кара Алтын- Кен шахтасында майрамга карата баалуу белек жана акчалай сыйлык берди»- дейт Асан Салиев.

Даярдаган:     Мусуратилла Исканов

Сүлүктүдө эгемендүүлүк күнү белгиленүүдө

Сүлүктү шаарында эгемендүүлүк күнү өзгөчө шаң менен белгиленүүдө. Алгач салтанаттуу жыйын Исхак Раззаков атындагы борбордук аянтта болуп, бардык мекеме ишканада иштегендер параддан өтүштү. Жыйындын салтанаттуу бөлүгүндө  эмгектеин алдыңкылары сыйланды. Ошондой эле ардактуу эс алуудагы шаар тургундары да сыйланды. Жыйын соңунда Эс алуу багында жаш балдар үчүн кызыктуу оюндар уюштурулуп, аттракциондор иштеп жатат.              Даярдаган:      Барчынай АЛИМОВА

 

 

Стереотип. Сүлүктүдө болгон окуя.

  Сүлүктүдө болгон окуя жөнүндө социалдык тармактардан алынган маалымат өзгөртүүсүз берилди.          Шаарга бет алардан бир нече күн мурун тиш доктурга кайрылгам. Кезек күткөнчө 1-2 саат  убакыт бар… Аны куру кетирбей өзүм менен китеп ала келгем. Кезек келди, кирдим. Врачтын биринчи берген суроосу мени таң калтырды:                                              -Гимназияда окуйсуңбу?                                      -Ооба, гимназияны аяктадым.                          — Гимназиянын окуучулары гана кезек күткөнчө китеп окуп отурушат…           Мына… Аябай сыймыктандым! Жакшы бир адат аркылуу өзүбүздү гана өнүктүрбөй, элге үлгү болуп, эң сонун стреотипти пайда кылыптырбыз… Демек, ар дайым ар бирибиз китеп окуу аркылуу мектебибизди гана эмес, өлкөбүздү өргө сүрөп, башка мамлекетке барганда «Кыргызстандыксынбы, кыргыздын элдери дайыма китеп кармап жүрүшөт…» деген стреотипти жаратууга күчүбүз жетет!               Жогорудагы маалыматты гимназиянын мугалими, Билим берүүнүн мыктысы- Дилара Шералиевага окуучулары айтып берген.         Даярдаган:     Бакытбек САПАРКУЛОВ

Сүлүктүдө мугалимдердин секциялык иштери жыйынтыкталды

Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган предметтер боюнча секциялык иштер болуп өттү. «Бардык предметтер боюнча мугалимдер толук катышып, жаңы программалар, календарлык пландар боюнча типтүү нускамалар кабыл алынды»- дейт усулкаана башчысы Темиржан Каюмова.  «Быйыл Кыргыз Республикасынын билим берүү Академиясы тарабынан мыкты иштелмелер келиптир, ошонун негизинде иш алып баруудабыз»- дейт Сүлүктү шаары боюнча башталгыч класстарга билим берүү боюнча секциянын жетекчиси, №9-гимназиянын мугалими Кымызай Акматова. Даярдаган:       Барчынай АЛИМОВА

Сүлүктүдөгү мугалимдердин август кеңешмеси- жаңы багытка өбөлгө болду.

Сүлүктү шаарында 2019-2020 окуу жылынын башталышын утурлап, мугалимдердин август кеңешмеси болду. Кеңешмеге Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова, шаардын мэри Рахманберди Абдыназаров, шаардык Кеңештин төрагасы Каныбек Исмаилов вице-мэр Марзия Сапаркулова жана башка мекеме ишканалардын жетекчилери баш болуп 400 жакын мугалимдер катышты. Кеңешмени билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдубахап Исманов ачып алып барды.Сүлүктү шаарындагы №9-гимназиянын директору Базаргүл Рустамованын доклады Кеңешмеде талкууга алынып, багыт болгон негизги доклад катары каралды жана докладды шаардын мэри Р. Абдыназаров менен шаардык Кеңештин төрагасы К. Исмаиловдор колдоп ар тараптуу жардам берүүгө даяр экенин билдирди.  Кеңешмеде жыйынтыктоочу сөз сүйлөгөн, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, медицина илимдеринин кандидаты Саттарова Чынара Осмоновна билим берүү тармагындагы фактыларды келтирип, салыштыруу аркылуу анализ жасап, облус боюнча жаңы окуу жылына карата инновациялык багыттарды сунуш кылды. «Мугалимдердин август кеңешмесинде жасалган баяндамалар өтө актуалдуу болуп, Чынара Осмоновнанын сунуштары мугалимдер үчүн 2019-2020 окуу жылы үчүн жаңы багыт болду»- дейт гимназиянын мугалими Бакытбек Сапаркулов.  Даярдаган:     Барчынай АЛИМОВА

Курман Айт намазы Сүлүктүдө эки жерде окулду.

Бүгүн Кыргызстандын бардык жерлеринде Курман Айт намазы окулду. Баткен облусунун Сүлүктү шаарында эки жерде Сүлүктүдө борбордук Нур-Вали мечитинде жана Кошбулактагы Мухаммед мечиттеринде саат 7-45те намаз башталды.  Намазга баргандар өтө көп болгондуктан мечиттерге батпай сыртка чыгып окугандар да болду. Көп улуттун өкүлдөрүнөн турган шахтерлердун шаарында бардык момун мусулмандар бири бирин куттуктап жатышат. Коомдук абал тынч.

Даярдаган:     Бакытбек Сапаркулов