Сүлүктү шаардык мэриясы элге кайрылуу жасады


Сүлүктү шаарынын вице-мэри Марзия Сапаркулованын билдирүүсү.
«Учурдагы кырдаалга байланыштуу, Сүлүктү шаардык мэриясы коомчулукка төмөнкүдөй кайрылуу жасады:
Урматтуу шаарыбыздын тургундары!
Сүлүктү шаарына чет өлкөлөрдөн жана республиканын башка аймактарынан келген жарандар, өз ыктыяры менен 118 ишеним телефону аркылуу дарыгерлерге кайрылуусу зарыл экендигин күн сайын элге маалымдап турунуздар.
Бул талапты аткарууда ар бир сырттан келген адам өзүнүн жана жакын адамдарынын коопсуздугу үчүн сөзсүз дарыгерлер менен байланышып, өзү жөнүндү маалымат берип, 14 күн үй карантининде болуусу керек»-деп маалымат берди Марзия Сапаркулова.

                               БУЙРУК

19-март 2020-ж. № 63-б Сүлүктү шаары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-мартындагы №146-токтомунун негизинде маданий, спорттук жана башка пландаштырылган эл аралык конференцияларды, семинарларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-январындагы № 30, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-мартындагы № 146-токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 27-6, 2020-жылдын 5- мартындагы № 136-буйруктары, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.Өмүрбекованын катышуусунда өткөрүлгөн кеңешменин 2020-жылдын 31-январынан баштап келген протоколдук тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2020-жылдын 16-мартындагы № 95-6 буйругун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат-жетекчиси министр С.А. Кылжыевдин 2020- жылдын 13-мартындагы № 11-1010-катын аткаруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-мартындагы «Маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизүү жөнүндөгү» № 146-токтомун жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.Өмүрбекованын катышуусунда өткөрүлгөн кеңешменин 2020-жылдын 31-январынан баштап келген протоколдук тапшырмалары жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Кытай Эл Республикасында чыккан коронавирус жугуштуу оорусуна жана анын дуйнө мамлекеттерине жайылышына байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүү убактылуу чектөөлөр киргизилсин.
3. Шаардагы бардык мекеме-уюм, ишканалардын жетекчилерине:
— өздөрү жетектеген мекеменин административдик имаратын дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыз кылуу, кааналарды, калк тейленүүчү жайларды (зал, күтүүчү жай, стол ж.б.) күн сайын дезинфекциялоо, кызматкерлерге оорунун алдын алуу боюнча, массалык иш-чараларга катышуудан жана уюштуруудан убактылуу баш тартуу жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилсин;
— тийешелүү кызматкерлердин чет өлкөлөргө иш сапарларга баруусунан убактылуу баш тартууну жана массалык түргө ээ болгон жыйындарды, ар кандай жолугушууларды, семинарларды өткөрүүнү токтотуу тапшырылсын.
4. Шаардык ОААжМСЭК бөлүмүнүн башчысы М.Искановго жана салык кызматынын башчысы М.Сагинбаевге:
— соода, кызмат көрсөтүү, коомдук тамактануу чөйрөсүндө иштеген жеке ишкерлерге жана менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жактарга коомдук тейленүүчү жерлерди күн сайын дезинфекциялоо жүргүзүү зарыл экендиги жөнүндө түшүндүрүү иштерин күчөтүү милдеттендирилсин.
5. Мэриянын башкы адиси Г.Эрназаровага жана Кош-Булак поселкалык башкармалыгынын башчысы К.Мамутовго:
-шаардагы комдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчылары аркылуу элге массалык иш-чараларды өткөрүугө чектөө койуу жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүу иштерин жүргүзүүнү уюштуруу милдеттендирилсин.
6. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Исмановго, балдардын жатак мектеп- интернатынын директору Р.Джураевага:
Шаардагы бардык орто мектептердин, мектеп-интернатынын кааналарын, ашканаларынын тамак берүүчү жайларын дезинфекциялоо иштерин жүргүз, дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыз кылуу, балдар кол жуучу жайларга зарыл болгон (суу, самын) шарттарды түзүү;
— балдар бакчаларындагы кааналарда, коридорлордо, ажаткана бөлмөлөрүндө дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү, дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыз кылуу, кол жуучу жайларга шарттарды түзүү жагы милдеттендирилсин.
7. Шаардагы калкты тейлөөчү микроавтобустарды дезинфекциялоо жагы Сүлүктү шаардык ОААжМСЭК бөлүмүнүн башчысы М.Искановго жана «Тулпар» ЖЧКнун директору Т.Каюмовго милдеттендирилсин.
8. БатМУ САИнин директору Ы.Төрөевге, педагогикалык колледжинин директору Р.Мадеминовага жана №7 3-кесиптик лицейинин директору А.Абдибахаповго:
— окуу жайдын жатаканасын, окуу кааналарын, ашканаларын дезинфекциалоо, кол жуучу жайларды уюштуруу, зарыл болгон шарттарды түзүп берүү жана студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилсин.
9. Шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору А.Ибрагимовго: Коронавирус инфекциясы көп катталган өлкөлөрдөн келген адамдарды саламаттыкты сактоо министрлигинин иштөө алгоритмине ылайык обсервациялоо жайларын уюштуруу жагы милдеттендирилсин.
10. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Сүлүктү башкармалыгынын башчысы А.Келдибековго:
— жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекемелерге кырдаалга байланыштуу беткап, өздүк гигиенага керек болгон каражаттарды алуу учун зарыл болгон учурда накталай алууга акча каражатын бөлүп берүү;
— шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору А.Ибрагимовдун 2020- жылдын 18-мартындагы №01-2-99-катына ылайык, шаарда 1 жаран коронавирус инфекциясына кооптуу деп катталгандыгына жана коронавирус инфекциясынын шаардын аймагына жайылышына жол бербөө максатында ооруканада көйгөйлүү болгон жетишпеген буюмдарды алуу үчүн 100,0 миң (жүз миң) сом акча каражатын шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнө бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
11. Сүлүктү шаарынын аймагына коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу маселелери жөнүндө макала- маалыматтарды жарыялап туруу жагы «Шахтер Жолу» гезитинин башкы редактору К.Садыковго милдеттендирилсин.
12. Аткарылган иштердин абалы жөнүндөгү маалыматты шаардык штабга күн сайын берип туруу жагы милдеттендирилсин.
13. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сүлүктү шаарынын вице-мэри М.Сапаркуловага жүктөлсүн.
Сүлүктү шаарынын мэри:                    Р. Абдыназаров

 

Сүлүктү шаарынын прокурору декларациялоо жөнүндө маалымдайт

   «Шахтер жолу» газетасына, Сүлүктү шаарынын прокурору, төмөнкүдөй маалымат берди:
Коррупцияга каршы күрөшүүдө Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамынын актуалдуулугу боюнча.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын, Президенттин Жарлыктарын ишке ашыруу боюнча Башкы прокуратуранын, Баткен областык прокуратуранын жана шаардык прокуратуранын иш-мерчемдеринин алкагында шаардык прокуратура тарабынан мыйзамдуулукту сактоодо көзөмөлдү күчөтүү багытында алгылыктуу аракеттер көрүлүүдө.
Приоритетүү багыттардын бири катары, коррупцияга каршы күрөшүүдө Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы бүгүнкү күндө актуалдуулугу боюнча калууда.
Аталган багытта шаардык прокуратура тарабынан 2019-жыл ичинде 17 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен 58 (4) мыйзам бузуулар аныкталып, жыйынтыгында 17 (2) сунуш келтирилип, келтирилген прокурордук чаралардын негизинде 11 (0) адам тартиптик жоопкерчиликке кириптер болгон.
Мындан сырткары, Сүлүктү шаардык прокуратурасына отчеттук мезгилге карата Мамлекеттик салык кызматынан, бирдиктүү салык декларациясын тапшырбаган же кечиктирип тапшырган, ошондой эле толук эмес/же анык эмес маалыматтарды көрсөтүү менен тапшырган мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген же ээлеп турган адамдага карата 40 корутунду келип, анын ичинен: бирдиктүү салык декларациясын тапшырбаган же кечиктирип тапшыргандар 12, ал эми толук эмес/же анык эмес маалыматтарды көрсөтүү менен тапшыргандар 28 түзгөн.
Жогорудагы корутундулардын негизинде, шаардык прокуратура тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен 9 сунуш келтирилип 9 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке кириптер болгон.
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамынын 3-бер. талабына ылайык декларацияда декларанттын жана анын жакын туугандарынын Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сырткары турган декларантка жана анын жакын туугандарына менчик укугуна таандык кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрү жөнүндөгү маалыматтар көрсөтүлөт.
Ошондой эле, аталган Мыйзамдын 9-бер. ылайык, декларант өзүнүн жана жакын туугандарынын кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларацияны белгиленген мөөнөттө бербеген, декларацияны толук эмес жана/же анык эмес маалыматтарды көрсөтүү менен берген учурда, декларант Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат–деп көрсөтүлгөн.
Ал эми, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 21-бер. 1-бөл. 13-п. ылайык кызматчы декларациялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
Сүлүктү шаардык прокуратурасы тарабынан шаар аймагында Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча мындан ары да көзөмөл күчөтүлө бермекчи.
Сүлүктү шаарынын прокурору К.Халмурзаев

Даярдаган:    Бакытбек Сапаркулов

Сүлүктү шаарынын тургундары үчүн маалымат, же жаңылык болсо 0772988810 WhatsApp аркылуу байланышсаңыздар болот

«Шахтер жолу» гезити электрондук форматта чыга баштады

Урматтуу окурмандар!  Мамлекетибизде  коопсуздук чаралары күчөтүлгөндүгүнө байланыштуу, 1922-жылдан бери басмадан чыгып келе жаткан, Кыргызстандагы эң тунгуч гезит, «Шахтер Жолу», орус тилинде «Путь шахтера» гезиттерине берилген маалыматтарды убактынча, электрондук форматта берип турмакчыбыз. Аралыктан туруп,  коомчулукту маалымат менен камсыз кылуу үчүн колдон келген аракетибизди жумшайбыз. Максатыбыз коомчулукту, шаар тургундарын туура, так маалымат менен камсыз кылуу жана шаарыбызда болуп жаткан жанылыктар менен кабардар кылуу.

Сиздерди терен урматтоо менен,

«Сүлүктү» жамааттык мультимедиа  борборунун координатору:     Бакытбек Сапаркулов.

«Шахтер жолу» гезитинин башкы редактору: Карим Садыков

Сүлүктү шаарынын тургундарына тиешелүү болгон маалыматтарды, жаңылыктарды бөлшүүнү каалагандар: 0772988810 ватсап номери аркылуу биз менен байланышсаңыздар болот.

Даярдаган:            Бакытбек Сапаркулов

Сүлүктү санэпидкөзөмөл борбору: үй шартында антисептик даярдоо ыкмасы


«Сүлүктү шаардык «Шахтер жолу» гезити менен тыгыз кызматташтыкта иш жүргүзүп, мындан ары гезитке берилген макалаларды сайтка чыгарып турмакчыбыз. Анда биринчи макалабыз «Сүлүктү шаарындагы ооруулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору» тарабынан берилген,Коронавирус инфекциясын алдын алуу максатында үйлөрдү жана мекеме-ишканаларды жууп-тазалоо үчүн хлор камтылган дезинфекциялоочу жумушчу аралашманы даярдоо ыкмасын сунуш кылабыз»- дейт «Сүлүктү» жамааттык мультимедиа борборунун координатору Бакытбек Сапаркулов.

 Коронавирус инфекциясын алдын алуу максатында үйлөрдү жана мекеме-ишканаларды жууп-тазалоо үчүн хлор камтылган дезинфекциялоочу жумушчу аралашманы даярдоо (1% дык аралашма):

1. Хлор акиташын 10%дык негизги аралашмасын даярдоо:
25%дан кем эмес активдүү хлор камтылган 1кг кургак хлор акиташы бир аз суу куюлган идиште орточо суюктуктагы абалда жыгач таяк менен аралаштырылып эритилет (аралашманын металл менен контагына жол берилбейт).
Эритилген масса 10 литрлик айнек бөтөлкөгө 10 литр суу менен кошо куюлуп, аралаштырылат жана 24 саатка тыныктырылат.
Тыныктырылган жана тундурулган аралашманын бөлүгү экинчи бөтөлкөгө куюлат. Даяр болгон 10% дык аралашма карангы жерде беш суткадан ашпаган мөөнөттө капкагы бар идиште сакталат жана керектүү консентрациядагы жумушчу аралашманы даярдоо үчүн пайдаланылат,
2. 1% аралашманы даярдоо учун, даяр болгон 10% тик негизги аралашмадан 100 грамм хлорамин 10 литр сууга аралаштырылат. Аралашма колдонуу алдында жасалат. Аралашма ар кандай үстүнкү беттерди, эшиктин кармагычын, терезенин түбүн, полду жуу үчүн колдонулат.
Эскертүү: Хлор порошогун сууга аралаштырып ошол учурда колдонууга болбойт, сөзсүз жумушчу аралашманы даярдоо зарыл.

Ар кандай дезинфекциялоо ыкмаларында жумушчу эритменин болжолдуу сарпталуусунун жадыбалы:                                            Сүртүү (бир жолу) Жумушчу эритменин сарпталуусу
Үстүңкү беттер 100 мл/м2 Жабдуулар 100-150 мл/м2 Чачуу: Сиңирбеген үстүнкү бет 50 мл/м2 Сиңирген үстүнкү бет 100мл/м2  Кийимди чылап коюу 4 л/кг кургак кийимди

Колду тазалоо үчүн антисептикти даярдоо
Этил спирти 96%ттик-70мл
Глицерин -2мл
Аммиак аралашмасы -1мл
Дистирленген суу -100 млге чейин

Сүлүктү шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору.

Даярдаган:       Барчынай АЛИМОВА

Сүлүктүдө балдарды колдоо акциясы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун  2020-жыл «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жарлыгын иш жүзүнө ашыруу максатында Баткен облусунун Сүлүктү шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга колдоо көрсөтүү боюнча иш чара өткөрүлдү. «Сүлүктү шаарындагы көмөкчү мектеп интернатында «Сен мыктысың» деген аталыш менен, кароо сынак форматында, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо иш чарасы болуп өттү. Иш чара мезгил талабына ылайык өз убагында, эң жогорку деңгээлде уюшулган. Учурдан пайдаланып шаардык мэриянын атынан көмөчү мектеп-интернаттын эмгек жамаатына, жетекчиси Рабия Джураевага ыраазычылык билдирип кетким келет. Балдарды колдоо боюнча иш чаралар, жыл бою шаарыбыздагы бардык билим берүү мекемелеринде, системалуу түрдө өтөт» -деп маалымат берди Сүлүктү шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Марзия Сапаркулова. «Биздин демилгени колдоп, демөөрчүлүк көрсөткөн Сүлүктү шаарынын мэри Р.Э Абдыназаровго, шаардык Кеңештин төрагасы К.А.Исмаиловго жана коомдук ишмер, «Кызыл-Булак» шахтасынын директору И.Дж. Карабаевге, ошондой эле ишке ашырууга жардам берген Сүлүктү шаарынын вице-мэри Марзия Сапаркуловага, шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Увадат Сабуровага,  колдоо көрсөтүп келип катышып берген шаардын баш имам-хатиби Артык Мадаминовго, идея берип, моралдык колдоо көрсөткөн ардагер Аксакалабыз Ильяш Мамадалиевге жана бардык колдоочуларга, эмгек жамаатымдын атынан, тарбияланып жаткан балдардын атынан, терең ыраазычылык билдиремин»- дейт Сүлүктүдөгү балдардын көмөкчү мектеп-интернатынын директору Рабия Джураева. «Иш чара чындыгында мыкты деңгээлде уюштурулуптур, бул жерде балдарга мотивация берип, руханий колдоо менен бир катарда  материалдык колдоо көрстүү да болду, тарбиялык сабак да, Инсан таануу сабагы да болду. Кыскасы бир иш чаранын алкагында балдарды колдоо боюнча комплекстүү иштер болуп өттү. Балдардын духун көтөрүү максатында,  Сүлүктүдөгү маданияттын мыкты кызматкерлери, Кыргызстанга таанымал болгон ырчы Насиридин Жуманов, обончу жана аткаруучу Исман Уметов жана Алтынбек Урматаевдер келип, иш-чарада калыстык милдетти аткарып берди»- дейт Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Увадат Сабурова. Белгилей кетсек иш-чарага Сүлүктү шаарынын баш имам-хатиби молдо Артык Мадаминов, коомдук ишмер Исманали Карабаевдер колдоо көрсөтүп, катышты. Даярдаган:       Бакытбек САПАРКУЛОВ 

Сүлүктүгө Билим берүү жана илим министри келди

Бүгүн 2020-жылдын 11-март күнү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Баткен облусунун Сүлүктү шаарына иш сапары менен келди. «Исаков Каныбек Абдуваситович иш сапары менен келип, Сүлүктү шаары боюнча жалпы орто билим берүүнүн абалы менен таанышты. Билим берүү жана илим министри,  негизинен билим берүүнүн инновациялык усулдарына, жалпы билим берүүнү электрондоштуруу тармактарына көп маани берди. Сүлүктүлүк билим берүү кызматкерлери менен болгон жолугушуу учурунда кеп кеңешин берип, келечекке багыт берди»- дейт Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдубахап Исманов.  «Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, Сүлүктү шаарындагы №9-гимназияга келип, негизинен электрондук мектеп программабыз менен жана окутуудагы колдонуп жаткан инновациялык усулдарыбыз менен таанышты. Анткени биздин гимназияда электрондук мектеп долбоорунун алкагында «EduPage» программасын ишке киргизгенбиз. Ошондой эле мамлекеттик жаны стандарттарды өздөштүрүүдө, билим берүүнүн инновациялык усулу катары Гапыр Мадаминовдун «Акыл эмгегинин маданияты», «Устаттык өнөрү», «Энелер мектеби» жана «Инсан таануу»  сабактарын киргизгенбиз. Натыйжада гимназисттерибиз математикадан Эл аралык олипиадада гран-при жана биринчи орунду ээлеген болсо, 2018-2019 окуу жылында бүтүрүүчүбүз Эркинова Айзада «Алтын Сертификатка» жетишкен. Жолугушуу учурунда Каныбек Исаков жакшы сунуштарын, көрсөтмөлөрүн берип кетти»- дейт гимназиянын директору Базаргүл Рустамова. «Билим берүу жана илим министри Каныбек Исаков эмгек жамаатыбыздагы жөнөкөй мугалимдер менен өтө жылуу маанайда баарлашып, тажрыйбасы көп мугалимдерге ыраазычылык билдирип, жаш мугалимдерди шыктандырып кетти. Министрибиздин бийик адамгерчиликтүү мамилеси бизге бир канча жылга жете турган күч кубат берди»- дейт, гимназиянын эң тажрыйбалуу мугалими, билим берүүнүн отличниги Ракыя Молдоканова. «Билим берүү жана илим министрибиз көп убакытты талап кылбаган ыкма менен, бир эле учурда сабактардын өтүлүшү, сабактан кийинки иштердин жүрүшү жана окуучуларды ар тараптуу өнүктүрүү иштери менен таанышып, окуучулардын ой максаттарын, пикирлерин билгенге да жетишти. Өзгөчө бүтүрүүчү класстын окуучуларына жакшы мотивация берди. Кыргызстан боюнча эң алыс,  борбордон -1150 км алыстыкта жайгашкан мектеп-гимназиясына келип, мугалимдерге кеп-кеңешин берүү менен министрибиз бизди көп нерсеге шыктандырды жана милдеттендирди»- дейт гимназиянын мугалими Бакытбек Сапаркулов. Даярдаган:        Барчынай АЛИМОВА

Гимназияда Инсан таануу сабагы өттү

Сүлүктүдөгү №9-гимназияда класстык саат учурунда Инсан таануу сабагы өттү. Сабакты 5-а классынын класс жетекчиси Алтынай Абдурашитова уюштурган. «Сабактын өзгөчө жагы өз кесибинде ийгилик жараткан замандаштарыбызды чакырып, тегерек стол форматында өтүлөт. Бул ыкманы Гапыр Мадаминовдун педагогикалык тажрыйбасынан алганбыз»- дейт Алтынай Абдүрашитова. «Сабак учурунда Акыл Эмгегинин маданиятынын суроо берүү маданияты, талкуу аркылуү үйрөнүү ыкмалары колдонулду. Окуучулар чакырылган конокторго суроо берүү аркылуу көндүмдөрүн калыптандырат. Бул ыкма өтө жакшы натыйжаларды берет»- дейт гимназиянын мугалими Бакытбек Сапаркулов. «Биздин сабагыбызга милициянын запастагы майору, көп жыл бою жогорку окуу жайында окутуучу болуп иштеген Бегмурза Досов агай болду. Сабак учурунда максатка жетүү жолдорун жакшы үйрөндүк»- дейт 5-а классынын окуучусу Айгерим Ашымова.        Даярдаган:       Изатай АШИРАЛИЕВА

Сүлүктүдө Аялдардын Эл аралык майрамына карата күтүлбөгөн белектер берилди

8-март аялдардын Эл аралык майрамын утурлап, Сүлүктү шаарындагы ардактуу эс алууда, кадырлуу карылык доорун сүрүп жаткан энелердин арасынан күтүүсүз белек- сюрприз алгандар болду. 

«Мен үчүн чындап эле күтүүсүз белек болду. Исманали Карабаев мезгил мезгили менен ал абалыбызды сурап, колунан келишинче жардам берип келет. Бирок 8-мартка карата атайын куттуктап келген экен, өтө толкунданып, сүйүндүм»- дейт  Мархамат Абдираимова. «Улгайган мезгилде, күтүүсүз белек алган да бир өзүнчө сый-урмат экен. Төбөм көккө жетип сүйүндүм. Бул Исманали Карабаев, бала убагынан эле жароокер, кичи пейил бала болуп чоңойду. Өзүнүн жеке менчик шахтасы бар. Өз күчү, адал эмгеги менен ачты. Ар дайым, элге көмүрбү же башка жардамбы жок дебей берип келе жатат. Чыныгы Эл уулу деген ушул да. Өмүрү узун болсун»- дейт Гүлү Худайназарова. «Ушундай абройлуу, Эл кадырлаган уулубуз Исманали Карабаев, Өзү үйүбүзгө куттуктап келип, абалыбызды сурап, бир ооз эле кабар алып койгону өзү чоң дөөлөт. Бүгүн жөн келбей, 8-мартка карата белектеринин алып келиптир. Мен билгенден 10 жылдан ашык убакыттан бери Сүлүктүнүн элине жардам берип келе жатат. Мисалы Кольцо айылына, пайдубалынан баштап, акыркы мыгына чейин толук өз каражаты менен 2 млн сомдон ашык акчага Фельдшер-акушердик пунк, биздин Элмуратов айылыбызга баштан аяк толук өзү каржылап, заманбап үлгүдөгү мечит куруп берди. Башка иштерин айта берсе өтө көп»- дейт Башарат Тайлакова.  «Улгайган кезде, адамдын көнүлү назик болуп калат окшойт. Анын үстүнө  шаарыбыздын эң абройлуу ишкерлеринин бири, Исманали Карабаев, улуу башын кичик кылып, 8-март менен куттуктап келип жатса, өтө толкунданып, сүйүндүм. Жаратканым өмүрүн узун кылсын»- деп ак батасын берди Эргешай Абдуллаева. «Өзү 3 уул, 6 кызым бар. Бардыгы үйлүү жайлуу болуп эрезеге жеткен. Исманали ортончу уулум. Бала кезинен эле өтө жароокер, кең пейил. Бирөөгө жардам керек болуп калса дайым даяр. Өмүрү узун болсун, уулум жөнүндө элден көп жакшы сөз угуп, сүйүнүп калам. Бүгүн мен үчүн деле жакшы күн болду. Уулум ар дайым ушундай күтүүсүз белектерди берип, бизди сүйүнтүп келет»- дейт, Исманали Карабаевдин энеси, Буумалике Ажыбүбү Карабаева.

Даярдаган:         Барчынай АЛИМОВА 

Сүлүктүдөгү №7-мектепте жаш мугалимдерге комплекстүү окуу болуп өттү

Сүлүктү шаарындагы И.Раззаков атындагы №7-орто мектебинде  жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу максатында Гапыр Мадаминовдун Акыл эмгегинин маданияты, Устаттык Өнөрү жана Энелер мектеби программаларын айкалыштырган, комплекстүү сабактар аркылуу окуу болуп өттү. «Гапыр Мадаминовдун «Энелер мектеби» программасынын негизинде ата-энелерибизге, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдибахап Исманов өзу сабак өтүп берди»- дейт №7-мектептин директору Бактыгүл Сабурова. «Окуучулардын сабакка катышуу активдүүлүгүн жана Акыл эмгегинин маданияты сабагынын ыкмаларын билим алууда колдоно алгандыгы көрүп туруп, бул мектепте Гапыр Агайдын эмгектерин колдонуу системага түшкөнүнө суктандык. Жаш мугалимдерге да усулдук жардамдар берилип, Устат-шакирт системасы жакшы жолго коюлуптур»- дейт Сүлүктү шаары боюнча жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу мектебинин координатору Бакытбек Сапаркулов. «Бир күндун ичинде, энелер мектеби, Устаттык өнөрү жана Акыл эмгегинин маданияты боюнча окуучуларга, ата-энелерге жана жаш мугалимдерге комплекстүү окуунун өтүлүшү шаарыбыз үчүн чоң жетишкендик. Бул жерде жаш болсо да мыкты жетекчилик сапаты бар мектеп директорунун уюштура алгандыгы жана жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу мектебинин бара-бара иши эффективдүү боло баштаганынын далили. Негизгиси билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдибахап Исманов туура иш жүргүзүүдө» — дейт шаардык усулкаананын башчысы Темиржан Каюмова.

Даярдаган:   Барчинай АЛИМОВА

Сүлүктүдө китеп күнү белгиленди

Сүлүктү шаарындагы №9-мектеп гимназияда Эл аралык китеп белекке берүү күнүнө карата «Бир адамдан бир китеп» акциясы болуп өттү. «Гимназиябыздын китеп фондун заманбап китептер менен толуктоо боюнча окуу жылы башталгандан бери өнүгүүдөгү приоритеттүү багыттардын бири катары белгилеп, системалуу иш жүргүзүп келебиз. Буга мисал «Исманали Карабаев» атындагы китеп окуу каанасынын түзүлгөндүгү болду. Негизгилерине токтолсом, китеп окуу каанасы уюшулгандан бери Нурлан Аширалиев үй-бүлөсүнүн атынан дүйнө классикаларынан 200 даана, шаардык Кеңештин төрагасы Каныбек Исмаилов жаңы эле басмадан чыккан китептерден 5 даана, мурда бүтүрүп кеткен окуучуларыбыздан, ата-энелер комитетинин мүчөлөрүнөн 500 даана, жалпысынан китеп фондубуз 800 жакын жаңы китептер менен толукталды. Анын ичинен энциклопедиялар, справочниктер, Чыңгыз Айтматовдун он томдуктарынан болуп заманбап китептер топтолду»- дейт гимназиянын директору Базаргүл Рустамова. «Бүгүнкү иш чара өтө жемиштүү болду. Биз атын сыймыктануу менен алып жүргөн Исманали Карабаев «Манас», «Семетей» жана «Сейтектин» акыркы үлгүдө басмадан чыгарылган томдуктарынан белек кылды. Ата-энелер комитетинен көп китептер келди. Бизди кубандырган жери Сүлүктү Айиактык институтунан педагогика илимдеринин кандидаты Атыргүл Шерова, №8-мектептин эмгек жаматтарынан да китептер белекке келди»- дейт китепканачы Гүлсүнай Каракулова. «Мен бүгүн, гимназиянын ыраазычылык катын алып, өтө толкунданып, сүйүнүп турамын. Анткени Сүлүктү шаары боюнча эң китепти көп сатып алып окуган гимназия эле. Өзүмчө бул окуу жайын урматтап жүрөт элем. Ошондуктан мен саткан китептердин арасынан бир эле Кыргыз энциклопедиясы гимназияда жок эле, ошону белек кылдым»- дейт китеп менен Лейлек районун жана Сүлүктү шаарын камсыз кылып иштеп келе жаткан Гүлзара Калысова. «Мен өз каражатым менен шахта ачып баштаганда эле койгон максатым, көмүр кенин иштетүү менен элге социалдык жардам көрсөтүү болгон. Мына бүгүн ошол максаттарымдын бири ишке ашып, аз болсо да гимназиянын китеп фондун толуктоого салым коштум. Бул ишти ар дайым жүргүзө бермекчимин»- дейт, китеп окуу каанасына аты берилген, Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер Исманали Карабаев.

Даярдаган:    Бакытбек САПАРКУЛОВ