Сүлүктүдөгү №7-мектепте жаш мугалимдерге комплекстүү окуу болуп өттү

Сүлүктү шаарындагы И.Раззаков атындагы №7-орто мектебинде  жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу максатында Гапыр Мадаминовдун Акыл эмгегинин маданияты, Устаттык Өнөрү жана Энелер мектеби программаларын айкалыштырган, комплекстүү сабактар аркылуу окуу болуп өттү. «Гапыр Мадаминовдун «Энелер мектеби» программасынын негизинде ата-энелерибизге, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдибахап Исманов өзу сабак өтүп берди»- дейт №7-мектептин директору Бактыгүл Сабурова. «Окуучулардын сабакка катышуу активдүүлүгүн жана Акыл эмгегинин маданияты сабагынын ыкмаларын билим алууда колдоно алгандыгы көрүп туруп, бул мектепте Гапыр Агайдын эмгектерин колдонуу системага түшкөнүнө суктандык. Жаш мугалимдерге да усулдук жардамдар берилип, Устат-шакирт системасы жакшы жолго коюлуптур»- дейт Сүлүктү шаары боюнча жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу мектебинин координатору Бакытбек Сапаркулов. «Бир күндун ичинде, энелер мектеби, Устаттык өнөрү жана Акыл эмгегинин маданияты боюнча окуучуларга, ата-энелерге жана жаш мугалимдерге комплекстүү окуунун өтүлүшү шаарыбыз үчүн чоң жетишкендик. Бул жерде жаш болсо да мыкты жетекчилик сапаты бар мектеп директорунун уюштура алгандыгы жана жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу мектебинин бара-бара иши эффективдүү боло баштаганынын далили. Негизгиси билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдибахап Исманов туура иш жүргүзүүдө» — дейт шаардык усулкаананын башчысы Темиржан Каюмова.

Даярдаган:   Барчинай АЛИМОВА

Сүлүктүдө китеп күнү белгиленди

Сүлүктү шаарындагы №9-мектеп гимназияда Эл аралык китеп белекке берүү күнүнө карата «Бир адамдан бир китеп» акциясы болуп өттү. «Гимназиябыздын китеп фондун заманбап китептер менен толуктоо боюнча окуу жылы башталгандан бери өнүгүүдөгү приоритеттүү багыттардын бири катары белгилеп, системалуу иш жүргүзүп келебиз. Буга мисал «Исманали Карабаев» атындагы китеп окуу каанасынын түзүлгөндүгү болду. Негизгилерине токтолсом, китеп окуу каанасы уюшулгандан бери Нурлан Аширалиев үй-бүлөсүнүн атынан дүйнө классикаларынан 200 даана, шаардык Кеңештин төрагасы Каныбек Исмаилов жаңы эле басмадан чыккан китептерден 5 даана, мурда бүтүрүп кеткен окуучуларыбыздан, ата-энелер комитетинин мүчөлөрүнөн 500 даана, жалпысынан китеп фондубуз 800 жакын жаңы китептер менен толукталды. Анын ичинен энциклопедиялар, справочниктер, Чыңгыз Айтматовдун он томдуктарынан болуп заманбап китептер топтолду»- дейт гимназиянын директору Базаргүл Рустамова. «Бүгүнкү иш чара өтө жемиштүү болду. Биз атын сыймыктануу менен алып жүргөн Исманали Карабаев «Манас», «Семетей» жана «Сейтектин» акыркы үлгүдө басмадан чыгарылган томдуктарынан белек кылды. Ата-энелер комитетинен көп китептер келди. Бизди кубандырган жери Сүлүктү Айиактык институтунан педагогика илимдеринин кандидаты Атыргүл Шерова, №8-мектептин эмгек жаматтарынан да китептер белекке келди»- дейт китепканачы Гүлсүнай Каракулова. «Мен бүгүн, гимназиянын ыраазычылык катын алып, өтө толкунданып, сүйүнүп турамын. Анткени Сүлүктү шаары боюнча эң китепти көп сатып алып окуган гимназия эле. Өзүмчө бул окуу жайын урматтап жүрөт элем. Ошондуктан мен саткан китептердин арасынан бир эле Кыргыз энциклопедиясы гимназияда жок эле, ошону белек кылдым»- дейт китеп менен Лейлек районун жана Сүлүктү шаарын камсыз кылып иштеп келе жаткан Гүлзара Калысова. «Мен өз каражатым менен шахта ачып баштаганда эле койгон максатым, көмүр кенин иштетүү менен элге социалдык жардам көрсөтүү болгон. Мына бүгүн ошол максаттарымдын бири ишке ашып, аз болсо да гимназиянын китеп фондун толуктоого салым коштум. Бул ишти ар дайым жүргүзө бермекчимин»- дейт, китеп окуу каанасына аты берилген, Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер Исманали Карабаев.

Даярдаган:    Бакытбек САПАРКУЛОВ

Сүлүктүдө билим, илим кызматкерлеринин кесиптик кошунунун төрагасы кайра шайланды.

Бүгүн Сүлүктү шаары боюнча билим, илим кызматкерлеринин кесиптик кошунунун отчеттук жыйыны болуп өттү.  «Бүгүнкү жыйынга Сүлүктү шаары боюнча бардык билим берүүчү мекемелердин кесиптик кошунунун баштапкы уюмунун жетекчилери жана делегаттар катышты. Жыйында кесиптик кошундун Сүлүктү шаары боюнча төрагасы Канатбек Кудаяровдун 2015-2020 жылдар аралыгында аткарган иштери боюнча отчету угулду. Жыйын соңунда бардык делегаттар бир добуштан Канатбек Кудаяровду кийинки мөөнөткө төрага кылып шайладык»- деп маалымат берди №6-мектептин математика мугалими Каныбек Эшмурзаев.  Даярдаган:      Барчинай АЛИМОВА

Сүлүктүдө жаш мугалимдер мектебинин жыйны өттү

Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн алдында түзүлгөн жаш мугалимдердин чеберчилигин арттыруу мектебинин кезектеги окуусу өттү. «Бул иш чара конкурс форматында болуп, ар бир мектептен төрттөн жаш мугалим катышып жалпысынан 36 мугалим күч сынашты.. Жыйынтыгында №4- жана №8-мектептин командалары биринчи орунду, №3-мектептин командасы 2-орунду ээледи. Жаш мугалимдерге мотивация берүү максатында ар бир командага шаардык кесиптик кошундун фондунан акчалай сыйлык тапшырдык»- деп билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдибахап Исманов маалымат берди. «Кезектеги жыйында ар бир мектептен жаш мугалимдердин тобунун башчылары бир айдын ичинде аткарган иштери боюнча маалымат берди. Көйгөлөр жана жетишкендиктер боюнча кеңири талкуу болду. Эң жакшы жери январь айында №8-мектепте өткөн семинардан көп жакшы усулдарды алып, ошону ишке ашырууга жетише алгандыгыбыз болду. Бул жыйыныбызда гимназиянын тажрыйбалуу мугалими Ракыя Молдоканова жаш мугалимдерге кеп кеңешин берип, тажрыйбасынан бөлүштү. Конкурсту уюштурган, жаш мугалимдер мектебинин коодинаторунун орун басары Курсанай Якубовага  ыраазычылык билдиребиз»- деп жаш мугалимдер мектебинин координатору Бакытбек Сапаркулов маалымат берди.

Даярдаган:      Мусуратилла ИСКАНОВ

Сүлүктү элине тез жардам унаасы белекке берилди

Бүгүн Сүлүктү шаарындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборуна «Спринтер»- үлгүсүндөгү,   медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн атайын жабдылган авто унаа белекке берилди. 

Бул боюнча Сүлүктү шаарындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун директору Асат Ибрагимов: «Шаар тургундары үчүн тарыхый жаңылык болду десем болот. Анткени Бишкектен 1000 чакырым, облус борбору Баткен шаарынан 150 чакырым алыстыкта жайгашкан  шаар калкы үчүн мындай заманбап үлгүдөгү унаа менен тез жардам көрсөтүү көп жеңилдиктерди жаратат. Кээ бир ооруулады облустук оорууканага жеткирүүдө кыйынчылыктар болгон. Эми ошонун баары артта калды»- деп маалымат берди. Саламаттыкты сактоонун Ардактуу кызматкери, бир нече орден медалдардын ээси Эрежеп Гайбеков «Көктөн күткөнүбүз жерден табылды дегендей, мындай заманбап үлгүдөгү авто унааны, учур талабындай тез жардам көрсөтүүчү жабдуулары менен кошо Сүлүктү шаарынын элинин кызматына белек кылып берген, Бишкектеги «Илек инвест групп» компаниясынын директору Жороев Исманали Эгембердиевичке жалпы элдин атынан терең ыраазычылык билдиребиз. Ал кишинин кайрымдуулук иштери өзүнөн кийинки муундарына Жараткандын мээрими, жакшылыктары болуп кайткан болсун. Ар дайым ишинде ийгилик болуп,  эки дүйнөдө бактылуу болсун»- деп Ак батасын берди.  «Тез жардам унаасын тапшыруу боюнча салтанаттуу жыйынга катышкан шаар тургундары Жороев Исманалиге терең ыраазычылык билдирип Ак баталарын берди. Белгилей кетсем Исманали Эгембердиевич Лейлек районуна ушундай тез жардам  унаасынан эки даана белекке берди» дейт Сүлүктү шаардык санэпид көзөмөл борборунун башкы дарыгери Мусуратилла Исканов.

Даярдаган:     Барчынай АЛИМОВА

Султан Раевдин «Илегилек» драма жыйнагы сүлүктүлүк окурмандага чоң кызыгуу жаратты

Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Султан Раевдин «Илегилек» драма жыйнагы сүлүктүлүк окурмандар ортосунда чоң кызыгуу менен окулуп жатат. «Бул китеп колума тийгенден кийин бир дем менен окуп чыктым. Чыгармалар жаштардын рухий дүйнөсүн кеңейтүүгө өбөлгө болот деген ойдомун»- дейт саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери Мусуратилла Исканов. «Сүлүктү шаарындагы №9-гимназиянын китепканасына Илегилек китебинен беш нусканы шаардык Кеңештин төрагасы Каныбек Исмаилов алып берди. Окуучулар жана мугалимдер жамааты өтө кызыгуу менен окуп жатабыз. Гимназиябызга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келген Каныбек Арзибековичке терең ыраазычылык билдиребиз»- дейт аталган окуу жайынын  директору Базаргүл Рустамова. «Бишкекке иш сапары менен барганымда Султан Раевдин «Илегилек» китеби колума тийип калды. Китепти барактап окуп жатканда кана эми ушул китепти бардык окурмандар окуп чыкса деген ой келди. Ошондо бул китептен жүз нуска сатып алып келип, үч нускасын жакын санаалаштарыма белек кылып бердим, калганын шаардык китепканага жана окуу жайларынын китепканалырына китеп фондуна өткөрүп бердим. Арадан көп өтпөй окурмандар ыраазычылыгын билдирүүдө»- дейт Сүлүктү шаардык Кеңешинин төрагасы Каныбек Исмаилов.

Даярдаган:       Бакытбек САПАРКУЛОВ

Сүлүктүдө Ханнс Зайдель фондунун колдоосунда тренинг өттү

Депутаттардын Сүлүктү шаардык Кеңешинин жыйындар залында «Социалдык заказ долбоорлорун аткаруу» боюнча тренинг өттү.                          Тренингге Сүлүктү шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери, шаардык Кеңештин депутаттары, Сүлүктү шаардык  Социалдык өнүктүрүү башкармалыгын кызматкерлери жана жаш мугалимдер болуп жалпысынан 30 киши катышты. «Тренингдин максаты социалдык долбоорлорду жазуу, аны ишке ашыруу боюнча шаар тургундарынын билимин жогорулатуу жана мындан ары социалдык долбоорлорду жаза турган топторду калыптандыруу болчу. Шаардык Кеңеш жана мэрия колдоо көрсөтүп, тренинг максатына жетти деп ойлоймун»- дейт тренингди өткөргөн, Ханнс Зайдель фондунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясынын магистранты Бакытбек Сапаркулов. «Бул тренинг Сүлүктү шаарына өтө пайдалуу болду, анткени социалдык долбоорлор менен иштеп шаарды өнүктүрүү үчүн долбоорлорду жаза турган топтор керек болуп жаткан. Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон шартты түзүп беребиз»- деп маалымат берди шаардык Кеңештин төрагасы, Ханнс Зайдель фондунун бүтүрүүчүсү Каныбек Исмаилов. Сүлүктү шаардык мэриясынын вице-мэри Марзия Сапаркулова: «Тренингдин уюштуруу иштерине мэрия жардам бердик. Тренингдин жыйынтыгында мындан ары социалдык долбоорлор менен иштейбиз деп максат койгон төрт топ түзүлдү. Мындан ары тыгыз иш жүргүзүү менен социалдык долбоорлорду ишке ашырабыз. Тренингди финансылык колдогон Ханнс Зайдель фондунун борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнө ыраазычылык билдирип кетемин»- деп маалымат берди. Сүлүктү шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, Увраим Акимбеков: «Мен өзүмдүн жооптуу кызматкерлерим менен тренингге катыштык. Өттө пайдалуу маалыматтарды алдык. Эгер Ханнс Зайдель фонду фандрейзинг боюнча кийинки тренингдерди колдоп берсе жакшы болот эле»- деп маалымат берди. «Өзүм финансистмин, көмүр өндүрүүчү ишканаларын биринде башкы бухгалтер болуп иштеймин. Бул тренингден кийин кичи долбоорлор менен иштеймин деп пландап жатамын»- дейт шаардык Кеңештин депутаты Нурлан Жолдошев.  «Тренинг жыйынтыкталып жатканда шаардык Кеңештен жана мэриядан фандрейзинг боюнча тренинг өтүү боюнча сунуш түштү. Эми ушул боюнча иш жүргүзөбүз»- дейт тренер Бакытбек Сапаркулов.

Даярдаган:        Барчинай АЛИМОВА

Сүлүктүдө греко-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында мелдеш өттү

Сүлүктү шаары боюнча өспүрүмдөр арасында күрөштүн греко-рим түрү боюнча шаардык мелдеш өттү. Бул боюнча Сүлүктү шаарындагы балдардын спорт мектебинин директору Исабаев Нурулла Абдураимович: «Мелдешке Сүлүктү шаары боюнча 100 жакын бала катышып, күч сынашты. Белгилей кетсем акыркы учурда машыгуучу балдарыбыз жакшы жыйынтык берүүдө. Мелдешке шаардык мэрия жана жеке ишкерлер колдоо көрсөттү»- деп маалымат берди.  «Өспүрүмдөрдүн спортко кызыгуусу артып жатат. Машыгуу учурунда дене-тарбиясы менен бир катарда балдардын руханий тарбиясы экендигине да басым жасайбыз. Буюрса облустук жана республикалык деңгээлдеги мелдештерге катышып байгелүү орундарды көбөйтөбүз»- дейт машыктыруучу Айбек Жаныбеков. Белгилей кетсек греко-рим күрөшү боюнча Сүлүктү шаардык балдардын спорт мектебинин тренери  Айбек Жаныбековдун жетекчилигинде машыккан балдар республикалык мелдештерде байгелүү орундарды жеңип келген. 

Кабарчы:      Барчынай АЛИМОВА

Советтер союзунун баатыры Самат Садыков боюнча даректүү тасма тартылат

Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыков боюнча даректүү тасма тартылат. Исхак Раззаков фильмин тарткан, белгилүү Алим Токторов. бул фильмде да башкы режиссёр болот. Айта кетсек Самат Садыков Лейлек районунда туулуп, Сүлүктү аскер комиссариаты аркылуу Улуу Ата-мекендик Согушта баатырдык көрсөтүп, курман болгон. Фильм боюнча уюштуруу тобунун мүчөсү, белгилүү коомдук ишмер Сайрагүл Дуулатова:»Урматтуу туугандар! Лейлек- Сүлүктү жергесинин эл-журту бизге кайрылып, биз эл- журтка кайрылып, жакшы бир иш баштадык эле. Бул жакшы ишибиз Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковдун 100 жылдыгына жана Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аталарыбыздын элесине арнап «Самат Садыков» даректүү фильмин тартуу эле. Элдин суранычы менен бул фильмге Алим Токторов режиссерлук кылып жатат. Буюрса Москвага барып, керектүү даректүү кадрларды көчүрүп да келди. Дагы да алдыда көп иш бар. Андыктан кагылайын жердештерим, ар бириңиздердин салымыңыздар керек болуп турат. Бул демилге менен ар бирибиз ата-бабабыздын эрдик элестерин түбөлүк калтыраар элек. Жакшы иштин башына, жакшы келет кашына. Келиңиздер, биз Сиздерди фильм тартууну колдоо марафонунан күтөбүз»- деп маалымат берди.

Классташтар, достор, туугандар, айылдаштар болуп уюшалы, бири бирибизге айталы, ватцаптан, соцтармактардан бул маалымат — Чакырууну тараталы…

Туулган жерим Лейлегим,
Сүлүктү көмүр кен-жерим.
Эрдигин Самат унутпайт,
Уул-кызың кымбат эл-жериң!

Даярдаган:    Бакытбек САПАРКУЛОВ

Сумбулада ашыкча чыгымдар токтотулат

Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтү боюнча той, мааракелерде ашыкча чыгымдар токтотулат. Бул боюнча айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Абдираим Джураев:»2019-жыл жыйынтыгы боюнча айыл өкмөттүн деңгээлинде чоң жыйын болду. Жыйын учурунда Аялдар Кеңеши тарабынан иштелип чыгып, жыйынга сунушталган «Той мааракелердеги ашыкча чыгымдарды токтотуу боюнча» жобо бир добуштан кабыл алынды. деп маалымат берди. «Жобого ылайык той мааракелердеги буга чейин салт катары кабыл алынып келген ашыкча чыгымдар токтотулат. Жобонун аткарылуусун ар бир айылдагы ачлдар Кеңеши көзөмөл кылат»-деп маалымат берди Абдраим Джураев. Белгилей кетсек Сүлүктү шаарында маркумду акыркы сапарга узатууда, аза күткөн үйдөн үч күнгө чейин эч кандай мал союлбайт, тамак-аш берилбейт деген жобо иштеп, жакшы натыйжа берип жатат.

Даярдаган:       Барчынай АЛИМОВА